Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Кыргызстанда педофилдерге жаза күчөтүлдү


Сүрөтчү Татьяна Зеленская тарткан иллюстрация.
Сүрөтчү Татьяна Зеленская тарткан иллюстрация.

Кыргызстанда педофилдерге жаза күчөтүлдү. Президент Садыр Жапаров кол койгон Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам “Эркин-Тоо” гезитинин 21-майдагы санына жарыяланды. Документти Жогорку Кеңеш 11-апрелде кабыл алган.

Азыркы Кылмыш-жаза кодексинин 68-беренесинин 2-бөлүгүндө аялдар, 18 жашка чейинки куракта кылмыш жасагандар, кылмыш жасаган учурда 60 жашка чыккан эркектер өмүр бою эркинен ажыратылбай турганы жазылган.

Өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, эми педофилияга айыпталгандар канча жашта экенине карабай өмүр бою да эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Андан тышкары Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине да түзөтүүлөр киргизилип, сотто балага сексуалдык ыдык көрсөткөндөрдүн күнөөсү далилденсе жазасыз калтырылбай турган болду. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG