Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

Орусияда дагы бир генерал жемкорлук үчүн кармалды


Вадим Шамарин.
Вадим Шамарин.

Орусияда Башкы штабдын башчысынын орун басары, өзгөчө көп өлчөмдө пара алууга шектелип кармалган Вадим Шамарин эки айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн 23-майда Москванын 235-гарнизондук аскер сотунун басма сөз кызматы билдирди.

"Коммерсантъ" басылмасынын маалыматына караганда, адегенде генералдын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн, андан соң аны Тергөө комитетинин Башкы аскердик тергөө башкармалыгына алып кетишкен.

Шамарин Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы байланыш башкармалыгынын башчысы кызматын да ээлейт. Буга чейин аскердеги байланыш үчүн жооптуу жогорку кызматтагы дагы эки генерал камакка алынганы маалымдалган.

2020-жылы башкармалыктын Шамаринге чейинки башчысы Халил Арсланов телекоммуникациялык жабдык сатып алууда баасы жогору көрсөтүлүп, 6,7 миллиард рубль уурдалганы тууралуу ишке байланыштуу камалган.

Быйыл май айында аскердик байланыш кызматкерлерин даярдоочу Краснодар жогорку аскердик окуу жайындагы оңдоп-түзөө иштериндеги жемкорлукка байланыштуу козголгон кылмыш иши алкагында генерал-лейтенант Юрий Кузнецов кармалган.

Аскердик талдоочулар орус армиясындагы негизги көйгөйлөрдүн бири заманбап байланыш системасынын жоктугу экенин көптөн бери айтып келишет. Алардын пикиринде, мунун айынан 2008-жылы Грузиядагы аскердик кармаш учурунда жоготуу көп болгон, азыр Украинадагы согушта да ошондой эле абал байкалууда.

Өткөн аптада коргоо министринин орун басары, армиядагы башкы "куруучу" аталган Тимур Ивановго министрликтин буюртмасы менен жүргүзүлүгөн курулуштардын бирине деп мамлекеттен каражат бөлүнгөндө ал "өзгөчө ири өлчөмдө пара алган" деген айып тагылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG