Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Арменияда ЖККУдан чыгууну талап кылган митинг өттү


Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан чыгууну талап кылган митингдер. 18-сентябрь, 2022-жыл.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан чыгууну талап кылган митингдер. 18-сентябрь, 2022-жыл.

Жекшемби күнү Армениянын борбору Ереванда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгууну талап кылган митинг өттү. Ага жүздөгөн адамдар катышты.

Бул акциялар АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Ереванга иш сапар менен барган учурда уюштурулду. Пелоси сөз сүйлөгөн “Гафесчян” арт-борборуна чыккандар АКШны Азербайжандын агрессиясына каршы чара көрүүнү өтүнүшсө, Эркиндик аянтына чогулгандар Арменияны ЖККУдан чыгуусун талап кылган чакырыктарды жасап турушту.

Азербайжан менен Армениянын чек арасында абал 13-сентябрга караган түнү курчуган. Чек арадагы акыркы чыр-чатактан Армения 135 киши набыт болгонун, Азербайжан андан 77 аскери каза тапканын билдирди. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптап, 15-сентябрда эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү менен чек арада ок атышууну токтотууну макулдашкан.

Ереван бул жаңжалда Азербайжандын аскерлери Армениянын аймагына кирип кеткенин билдирип, БУУдан жана ЖККУдан жардам сураган. ЖККУ Бириккен штабдын башчысы Анатолий Сидоров баштаган атайын миссияны байкоо үчүн жөнөткөн. Ал топ чек араны бир сыйра көрүп чыкты. Сидоров андан кийинки сөзүндө армян-азербайжан жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар ЖККУ үчүн жагымсыз кырдаал жаратып жатканын журналисттерге айтты.

ЖККУ негизделген 1999-жылдан бери альянс биринчи жолу өз мүчөлөрүн колдоо үчүн быйыл январда гана аскерлерди пайдаланды. Анда уюмга мүчө мамлекеттердин аскерлери казак бийлигинин өтүнүчү менен Казакстанга келип, массалык башаламандык учурунда стратегиялык объектилерди кайтарган.

Орусия, Беларус, Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирген ЖККУ, мурда куралдуу жаңжалдарга катышуудан баш тартып келчү. Кыргызстандагы 2010-жылкы этникалык кагылышка, 2021-жылкы армян-азербайжан чатагына кийлигишкен эмес. Бул жана башка жагдайлар уюмдун дарегине карата сын-пикирлерди күчөтүп келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG