Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Алла Пугачёва өзүн “чет элдик тыңчылардын” тизмесине кошууну талап кылды


 Куудул, актёр, алып баруучу Максим Галкин жана ырчы Алла Пугачёва.
Куудул, актёр, алып баруучу Максим Галкин жана ырчы Алла Пугачёва.

Орусиялык белгилүү ырчы Алла Пугачёва социалдык тармактардагы баракчасында өзүн “чет элдик тыңчылардын” тизмесине кошууну талап кылган пост жарыялады. Мындай жол менен ал Орусиянын Украинага кол салуусу жөнүндө биринчи жолу ачык үн катты жана согушка каршы чыгып жаткан күйөөсү Максим Галкиндин позициясын колдоду.

“Мен чынчыл, ак ниеттүү жана жакшы адам, Орусиянын чыныгы патриоту, Орусияга өнүгүү, тынч жашоо жана сөз эркиндигин гана каалаган өзүмдүн күйөөм менен тилектешмин”, – деп жазды ырчы бийликке кайрылуусунда.

Орусиянын Юстиция министрлиги 16-сентябрда Алла Пугачёванын күйөөсү, куудул, актёр жана шоумен Максим Галкинди чет элдик тыңчылардын милдетин аткарып жаткан адамдардын тизмесине киргизген. Сайттагы маалыматта Галкин Украинадан акча алып, саясий ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы белгиленген.

Орусиянын Украинага басып кирген биринчи күнүнөн тартып Максим Галкин согуштук кескин айыптап келет.

“Силер Пасхада тынчтык жөнүндө бата тилеп, ошол эле маалда канаттуу ракеталарыңарды турак-жайларга атып жатасыңар”, – деп айткан Галкин Одесс аткылангандан кийинки орус аткаминерлерине жасаган кайрылуусунда.

Галкин мындан сырткары Израилде концерт өткөрүп, украин качкындарына жардам чогулткан.

Президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сентябрдын башында актёрдун позициясын комментарийлеп жатып, “Галкин өтө жаман билдирүүлөрдү жасаганын” айткан.

“Анын жолу биздин жол менен бир эмес экен”, – деп кошумчалаган Песков. (ErN)

XS
SM
MD
LG