Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Чек арада окко учкан Чыңгыз Акчалов жерге берилди


Чек арада курман болгон Чыңгыз Акчалов.
Чек арада курман болгон Чыңгыз Акчалов.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон чек арачы Чыңгыз Акчалов бүгүн, 18-сентябрда кичи мекени Талас облусунун Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылында жерге берилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын бир тууган эжеси Айжамал Акчалова билдирди.

"Чыңгыз танкалык бөлүктүн командири эле. Бужум айылындагы атышуу учурунда танк түтөп, сыртка чыкканда жүрөгүнө ок тийип каза болуптур. Көптөн бери Таласка келем деп, бөлүктүн командири болгондуктан улам жумушу чыгып келе албай жүргөн. Жакында үйлөнөт эле. Ишемби күнү кыздын ата-энеси менен жолугуп, тойдун убактысын белгилешмек", - деди Акчалова.

Ага лейтенант Чыңгыз Акчалов 1998-жылы Манас районунун Бала-Саруу айылында туулган. 2016-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунда окуган. 2019-жылы Ош облусундагы аскер бөлүгүндө эмгектенген. 2021-жылы Баткен облусуна которулуп, чек ара кызматына өткөн.

Орусияда өткөн танкисттердин биотлонунда ийгилик көрсөтүп, президенттин колунан алкыш баракчасын алган. "Чыңгыз беш бир туугандын үчүнчүсү эле",- деди эжеси.

Кыргызстандын расмий билдирүүсүндө, 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 46 адамга жетти, алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз. 140 адам жаракат алды, арасында жаш балдар бар. Алардын саны такталууда.

Жекшембиде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 32 тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG