Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Чек ара: Кыргызстан 46, Тажикстан 32 жараны мерт болгонун билдирди


Чек арада курман болгон кыргызстандык Бекмырза Шарабидин уулунун тажиясынан алынган сүрөт. Ноокен, Жалал-Абад. 18-сентябрь, 2022-жыл.
Чек арада курман болгон кыргызстандык Бекмырза Шарабидин уулунун тажиясынан алынган сүрөт. Ноокен, Жалал-Абад. 18-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргыз бийлиги 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан мерт болгондордун саны 46 адамга жеткенин билдирди. Алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз.

Саламаттык сактоо министрлигинин 18-сентябрь, саат 17:00гө карай берген маалыматына ылайык, чек арадагы кагылышта 140 адам түрдүү жаракат алды. Алардын арасында жаш балдар бар. Абалы оор бир нече кишиге Бишкекте операция жасалууда. Жаракат алгандардын 102си Бишкек менен Ош шаарындагы ооруканаларда. Алардын 10у жаш балдар.

Баш-аягы 140 миңден ашуун тургун коопсуз жакка жер которду. Алардын ичинен 136 770 адам Баткен, Лейлек райондорунун, Сүлүктү, Раззаков шаарларынын тургундары. Дагы 5301 адам Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары.

Жекшембиде Тажикстандын Тышкы иштер министри 14-сентябрдан бери 32 тажик жараны каза тапканын маалымдады. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 19-сентябрь Улуттук аза күтүү деп жарыяланды.

XS
SM
MD
LG