Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:28

Түркиядагы кыргызстандыктар Баткенге жардам чогулта баштады


Акчалай жардам чогулган кутуча, Анкара шаары. 18-сентябрь, 2022-жыл.
Акчалай жардам чогулган кутуча, Анкара шаары. 18-сентябрь, 2022-жыл.

Түркияда эмгектенген кыргызстандыктар кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан жабыркагандар үчүн акчалай жардам чогулта баштады. Бул тууралуу Түркиянын Анталия шаарындагы "Кыргыз айымдар" коомунун жетекчиси Периза Асаналиева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, коомдун мүчөлөрү 17-сентябрдан тарта материалдык жардам чогултулуп жатат.

Ушул эле Анталия шаарындагы Кыргыз диаспорасынын төрагасы Шерикбек Акимов жергиликтүү бийлик менен биргеликте чек арада кызмат өтөп жаткан аскерлерге медициналык жабдык жөнөтүү өнөктүгүн баштап жатканын билдирди.

Анкара Университетинин студенти Медербек Алибаев кыргызстандык студенттер арасында да каражат чогултуу башталганын, атайын кутучалар кыргызстандык ишкерлердин кеңселерине жайгаштырылганын маалымдады. Ошондой эле Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги чек арада жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүүнү каалагандар кайрылып, каражаттар Бишкекке жөнөтүлүп жатканын "Азаттыкка" ырастады.

Ишембиде Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга кабатырлануусун билдирген. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка байланыштуу Түрк мамлекеттеринин уюму да билдирүү таратып, тараптарды тынчтыкка үндөгөн.

Расмий маалымат боюнча Түркияда 25 миңден ашуун Кыргызстандын жараны каттоодон өткөн. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу шаарларда жашап, эмгектенет. (ElB)

XS
SM
MD
LG