Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

ӨКМ: Баткенде дайынсыз болуп жаткандарды издөө уланууда


Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан улам дайынсыз кеткендерди күч түзүмдөрүнөн турган атайын топ издеп жатканын маалымдады. Министр канча адам дайынсыз экенин тактаган жок.

“Жоголуп кеткен адамдар болуп жатат. Издөө топтору түзүлүп, иштеп жатат”, - деди министр.

Кыргыз бийлиги 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 46 адамга жеткенин билдирди. Алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз. Саламаттык сактоо министрлигинин 18-сентябрь, саат 17:00гө карай берген маалыматына ылайык, чек арадагы кагылышта 140 адам түрдүү жаракат алды. Алардын арасында жаш балдар бар. Баш-аягы 140 миңден ашуун тургун коопсуз жакка жер которду.

Жекшембиде Тажикстандын Тышкы иштер министри 14-сентябрдан бери 32 тажик жараны каза тапканын маалымдады. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 19-сентябрь Улуттук аза күтүү деп жарыяланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG