Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Баткенге жардам катары 18 млн. сомдон ашык каражат чогулду


Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайында гуманитардык жардам чогултуу боюнча Республикалык штаб түзүлгөн. 18-сентябрь, 2022-жыл.
Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайында гуманитардык жардам чогултуу боюнча Республикалык штаб түзүлгөн. 18-сентябрь, 2022-жыл.

Каржы министрлигинин 18-сентябрдагы кечки саат 18:00гө карата маалыматына ылайык, Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ыктыярчылар ачкан атайын эсепке 18 миллион 175 миң 38 сом түштү.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу уланууда. Жер-жерлерде жардамдарды кабыл алган бир нече атайын жайлар уюштурулуп, анда чек арадагы жаңжалда жабыркап, коопсуз жайга эвакуацияланган тургундарга азык-түлүк, тамак-аш, гигиеналык каражаттар, балдарга зарыл болгон буюм-тайымдарды чогултуп, автоунаа менен жөнөтүп жатышат.

"Каржы министрлигине караштуу Борбордук казыналыктын эсебине түшкөн бардык каражаттар максаттуу жана алардын кызыкчылыгы үчүн катуу жана так бөлүштүрүлөт", - деди министрдин орун басары Улан Даникеев улуттук "Кабар" маалымат агенттигиндеги басма сөз жыйынында.

Кыргызстандын расмий билдирүүсүндө, 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 46 адамга жетти, алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз. 140 адам жаракат алды, арасында жаш балдар бар. Алардын саны такталууда.

140 миңден ашуун адам Баткен жана Ош облусунан эвакуацияланды.

Жекшембиде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 32 тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат. (BCh)

XS
SM
MD
LG