Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Орусиянын армиясы Херсондон чегинди, минасы калды


Ракетадан сокку урулган үй. Николаев шаары. 11-ноябрь, 2022-жыл.
Ракетадан сокку урулган үй. Николаев шаары. 11-ноябрь, 2022-жыл.

Орусиялык армия Херсондон чегинген жерлерин миналап, Украинанын башка облустарын ракета менен аткылап жатканы кабарланды.

Украин армиясы 11-ноябрда Херсон облусунун борборуна кирди. Ушул эле күнү Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлерин калаадан толук чыгарып кеткенин жарыялады.

Социалдык тармактарга чыккан видеолордон жүздөгөн шаар тургуну украин жоокерлерин тосуп алууга чыкканын көрүүгө болот. Херсондун борбордук аянтында украин желеги көтөрүлдү.

Николаевге түшкөн ракетадан алты өмүр кыйылды

11-ноябрга караган түнү Николаев облусунун борбору – Николаев шаарындагы беш кабаттуу үйгө ракета тийгенде имараттын кире бериши урап түштү.

Облус башчысы Виталий Ким түнкү саат үчтөр чамасында шаарды орус аскерлери аткылаганын, алар S-300 зениттик-ракеталык комплексинен сокку урушу мүмкүн экенин билдирди.

Украина президенти Владимир Зеленский ураган үйдүн видеосун Телеграмга жана Фейсбукка жарыялап, “террордук мамлекеттин фронттогу ийгиликтерибизди жек көрүүсү” деп сыпаттады. Орусиянын бийлиги Николаевди аткылоону комментарийлеген жок.

Ошондой эле орус аскерлери Харьков жана Винница облустарын да аткылаганы кабарланды. Ал жактагы курмандыктар тууралуу маалымат жок. Винница облусунун аскердик башчысы Сергей Борзов аймактагы маанилүү инфратүзүмгө ракета тийгенин айтты.

11-ноябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский армия өлкө түштүгүндө 41 шаар-кыштакты бошотконун билдирди.

"Баскынчылар өздөрүнөн кийин миңдеген миналарды жана жарылуучу заттарды калтырып кетүүдө. Аларды жок кылуу үчүн ондогон жылдар керек. Биз мынчалык көпкө күтө албайбыз. Биринчи кезекте имараттар, социалдык объекттер, жолдор минадан тазаланат. Баскынчылар баарын миналап жатышат",- деди Зеленский.

Антонов көпүрөсү талкаланды

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Херсон аймагындагы Днепр дарыясынын оң жээгинде жайгашкан бардык орусиялык аскерлер жума күнү эртең менен сол жээкке чыгарылып кеткенин билдирди.

Ушул күнү Херсонго жакын жерде Днепр аркылуу өткөн Антонов көпүрөсү жана ага жакын жайгашкан темир жол көпүрөсү талкаланганын орус жана украин маалымат каражаттары жазып чыгышты. Аны артка чегинген орус аскерлери жардырганы болжолдонууда. Readovka басылмасы жарактан чыккан темир жол көпүрөсүнүн дрондон тартылган сүрөтүн жарыялады.

Херсон шаары Украинанын так ортосунан өткөн Днепр дарыясынын башында жайгашкан. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргендей, чегинип бараткан орус аскерлери жөн кетпей жергиликтүү тургундардын үй-жайын тоноп, маанилүү инфратүзүмдөрдү жарактан чыгарууда.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников Рейтер агенттигине курган маегинде буга чейин Херсон облусунда жалпысынан 40 миң орус аскери болгонун билдирген.

Херсондук журналист Константин Риженконун калаада электр жана суу тартыштыгы, азык-түлүктүн жетишсиздиги көйгөй жаратып жатканын айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG