Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Орусия Херсонду колдон чыгарганын мойнуна алды


Орус армиясына каршы чыккан украиналык демонстранттар.
Орус армиясына каршы чыккан украиналык демонстранттар.

Украинадагы биргелешкен орус күчтөрүнүн башкы кол башчысы Сергей Суровикин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуга Херсондогу армиясын чыгарып кетүүнү сунуштады. Шойгу макул болуп, дароо орус күчтөрүн Днепрдын сол тарабына которуу буйругун берди.

Орус телеканалдары көрсөткөн сюжетте, Суровикин орус армиясын камсыздоо кыйын болуп жатканын айткан. Ошондой эле ал аскерлердин жарымын башка багыттарга колдонсо болорун кошумчалады.

"Бул оор чечим экенин түшүнүп турам. Ошол эле маалда биз аскерлердин өмүрлөрүн сактап калабыз. Жоокерлерди чектелүү санда дарыянын оң тарабында кармоо маанисиз"-деди Суровикин.

Аймактын Москва дайындаган бийлиги жергиликтүү тургундарды октябрь айынын жарымында эле Днепр дарыясынын сол тарабына көчүрүп, андан ары аннексияланган Крымга эвакуациялай баштаган. Ошондой эле облустан орус мамкызматкерлери чыгып кеткен. Административдик мекемелерден орус желектери алынды.

Орус армиясы Херсон облусунун көп бөлүгүн февраль айынын соңунда басып алган. 30-сентябрда Херсон менен кошо Украинанын Луганск, Донецк, Запорожьени Кремль күч менен аннексиялап алганын жарыялаган. Бул кадамды эл аралык коомчулук бир ооздон айыптап, Түндүк Кореядан башка бир да мамлекет тааныган жок.

Стратегиялык деп саналган Херсон шаарында согушка чейин 300 миңдей адам турчу. Алардын көбү Орусия басып киргенде чыгып кетүүгө үлгүргөн. 18-октябрда Украинадагы биргелешкен орус күчтөрүнүн башкы кол башчысы Сергей Суровикин "Херсондо кырдаал чыңалып турганын" айтып, "оор чечимдерди кабыл алууга" туура келерин билдирген.

"Жер төлөдөн суу алууга гана тышка чыгабыз"

Донецк облусундагы Бахмут жана Авдеевка шаарларынын айланасында айыгышкан салгылаш уланууда.

Бахмуттан кары-картаңдары коопсуз жактарга көчүрүп кетүүгө көндүрүү кыйын болууда. Улгайгандар аткылоодон да коркушпайт, суу менен жарыктын жоктугуна да кайыл. Калаа дээрлик толук талкаланган.

Кошуна Авдеевка шаарында дагы аткыланууда. Ал жердеги жашоочулар жардыруулардын доошуна көнүп деле калышкандай.

"Жер төлөдөн чыкпайбыз. Бир гана суу алуу үчүн тышка чыгабыз", - дейт алардын бири.

Аскерлердин эсебинде, калаада 2 миңдей киши бар. Алар эвакуациялоого карманча каршы болууда. Бийлик жок дегенде башка жакта кыштап келүүгө көндүрүүнүн аракетин көрүп жатат. Бир да дүкөн иштебейт. Калаадагы чакан базарды бир ай мурда аткылап салышкан. Анда жети кишинин өмүрү кыйылган.

Гуманитардык кампалар жардырылган үчүн эң керектүү делген буюм-тайымдарды жеткирүү да кыйын болууда.

Авдеевка менен Бахмут шаарларындагы салгылашууга "Вагнердин жалданма аскерлери" жана жаңы эле мобилизацияга тартылгандар жөнөтүлгөн.

Облустун бир бөлүгүн орусиячыл жикчилдер 2014-жылы эле "Донецк элдик республикасы" деп жарыялап алышкан. Быйыл жыл башында Орусия ал аймактын көз карандысыздыгын тааныган.

24-февралда Украинага согуш ачкандан бери Москва облустун калган бөлүгүн да өз карамагына алуунун аракетин көрүп келет.

Украинанын президенти Владимир Зеленский облуста кырдаал оор экенин ырастады.

"Донецк облусунда кырдаал мурдагыдай эле оор. Баскынчылар дагы эле активдүү, күн сайын аткылашууда. Алар эбегейсиз жоготууларга учурап жатышат. Биз жерибиздин бир сантиметрин да бербейбиз. Донбассты коргоп жаткан бардык баатырларыбызга ыраазычылык билдирем", - деди Зеленский.

"Орус армиясы чоң жоготууларга учурап жатат"

Украин тарап Донецк облусунун Павловка айылынын жанындагы кармашта орус армиясы көп аскерин жоготконун айтууда. Маалыматтарга караганда, ал жакта Орусиянын Тынч океан флотуна караштуу бригада 300дөй жоокеринен айрылган. Алардын көбү Приморье аймагынан жөнөтүлгөн. Бул тууралуу алгач Телеграм каналдар жазышкан. Кийин айрым жоокерлердин жакындары бул маалыматты ырасташты.

Приморье аймагынын губернатору Олег Кожемяко Телеграмга жарыяланган видеодогу аскерлер дагы муну бышыкташты.

"Тилекке каршы жоготуулар бар. Бул согуш. Бизге каршы жөнөкөй балдар согушкан жок. Үйдө тынч болсо бизге да кармашууга жеңил болот", - дейт алардын бири.

Орусиянын коргоо министри жоготуулар тууралуу билдирүүлөрдү "апыртылган" деп сыпаттады. Кармаш ошондой эле өлкө түштүгүндөгү Херсон облусунда да жүрүп жатат. Маалыматка караганда, Москва ал жактан өз армиясын чыгарып кетүүгө камынууда. Буга чейин облустун орусиячыл бийлиги 60-70 миңдей жергиликтүү тургунду аннексияланган Крымга көчүрүп кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG