Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Киев аскердик жоготууларын санады, Москва үн ката элек


Харьковдогу жоокерлердин көрүстөнү.
Харьковдогу жоокерлердин көрүстөнү.

Расмий Киев Орусия Украинага басып киргенден бери 13 миңге чейин украин жоокери курман болгонун билдирди.

Бирок бул санды бейтарап булактардан тактоо азырынча мүмкүн эмес. Буга чейин майданда 20 миңдей жоокер набыт болгону айтылган. Ал эми Москва алты миңдей аскерин жоготконун билдирген. Бирок эл аралык эксперттер орус армиясынын жоготуусун бери дегенде жүз миң деп баалашат.

Орусия Украинага кол салган тогуз айдан бери украин армиясынын жоготуулары тууралуу 1-декабрда президент Владимир Зеленскийдин кеңсесинин өкүлү Михаил Подоляк улуттук 24-каналга минтип айтты:

"Украинанын жоготуулары тууралуу айтсак, бизде Башкы штабдын расмий эсептөөлөрү бар. Жогорку командачы айткан расмий сандар бар. Биздеги жоготуулар 10 миңден 12,5 - 13 миңге чейин жетет".

Украин президенти Владимир Зеленский бул тууралуу азырынча эч кандай билдирүү жасай элек. 30-ноябрда президенттин кеңсесинин кеңешчиси Алексей Арестович блогер Марк Фейгиндин YouTube каналына курган маегинде майданда курман болгондордун саны 10 миңден 20 миңге чейин жетерин айткан эле.

Апта башында Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен украин армиясында 100 миңге чейин жоготуу болгонун билдирген. Кийинчерээк Брюссель ката кетиргенин маалымдап, сөз набыт болгондор жана жарадарлар тууралуу болгонун кошумчалаган. Андан соң ушундай эле сандар Пентагондо да айтылган болчу.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу 21-сентябрда согушта набыт кеткендердин саны 6000дей экенин маалымдаган. 10-ноябрда Пентагон орус армиясынын жоготуулары өлгөндөрдү жана жараат алгандарды кошкондо 100 миңдей деп айткан.

АКШнын Конгресси орусиялык “Вагнер” менчик аскердик компаниясын террордук уюм катары таануу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Мунун алдында Европа парламенти “Вагнерди” кара тизмеге кошуу демилгесин көтөргөн.

Украинада Орусиянын армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” компаниясы абакта отургандарды согушка тарта баштаганы ачыкка чыккан.

Орус медиасы аскерлери басып алган айыл-кыштактар тууралуу көрсөтүп жатат. Мисалы, РИА-Новости 2-декабрда жарыялаган тасмада жоокер Луганск облусундагы бир кыштакты ээлеп алганы тууралуу айтат.

"Биз азыр Новоселскидебиз. Жакында эле үчүнчү көчөнү ээледик. Төртүнчү көчөдөгү акыркы үйлөрдү тазалаш керек. Украин күчтөрүнө жетсек, андан соң айыл биздики болот”.

Орусия басып кирген 24-февралдан бери Украинанын аймагынын басымдүу бөлүгүнүн инфраструктурасы талкаланып, энергетика тармагынын көбү зыян тартты. Коопсуз жакка жер которуп же башка өлкөлөргө башпаанек издеп кеткендердин саны 10 миллионго чукулдады.

Октябрдын башында Бириккен Улуттар Уюму "Орусия кол салган февралдан бери Украинада 6114 карапайым киши каза тапканын" билдирген. Москва согуш кылмыштары тууралуу айыптоолорду четке кагып келет.

Ал арада Париж Орусиянын Украинага каршы агрессиясын иликтөө үчүн эл аралык трибунал түзүү аракети баштады. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, Франция бул ишти Европа өлкөлөрү жана Украина менен биргеликте жүргүзүп жатат. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков трибунал түзүү аракетин мыйзамсыз экенин айтып, Москва аны айыптай турганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG