Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:33

Украина: отун-суусуз үшүгөн эл, төрөтканага түшкөн ракета


Кошуналар чогулуп тамак даярдап жатышат. Херсон, ноябрь.
Кошуналар чогулуп тамак даярдап жатышат. Херсон, ноябрь.

Украинада соккулардан жабыркаган шаар-кыштактардын тургундары кыш жакындаган сайын кыйналып жатат. Орусиялык куралдуу күчтөрдүн ракеталык чабуулдары ондогон аймактарды электр жарыгысыз калтырды.

23-ноябрда орус армиясынын кезектеги жапырт ракеталык чабуулунан Украинада алты киши каза болуп, бир катар шаарлар суусуз, жарыксыз калды. Киев ал күнү жетимиштей ракета атылганын билдирди. Бир күн мурда Запорожье облусунун Вольнянск шаарындагы оорукананын төрөт бөлүмүнө С-300 ракетасы тийгенде үч адам каза болгон, арасында жаңы төрөлгөн ымыркай да бар.

Москва бул соккуларды Батыш Украинаны колдоп жатканын жооп экенин айтып, карапайым тургундар бутага алынган эместигин, алар Украинанын абадан коргонуу системасынан жабыркап жатканын белгилөөдө.

Жарыксыз Херсон

Украинанын түштүгүндө орус күчтөрүнөн жакында эле бошотулган Херсон шаарынын тургундары күн бою сууга кезекке турушат. Калаада азырынча электр, газ, суу жок. Жергиликтүү бийлик элге атайын автоунаа менен суу жеткирип берүүдө.

Киев орус армиясы Херсондун инфратүзүмдөрүнө зыян келтирип, коммуналдык тейлөөнү иштен чыгарганын маалымдаган.

Адамдар сырттагы очокко тамак бышырууга аргасыз. Айрым учурларда кошуналар азык-түлүгүн ортого чогултуп, шорпо жасап ичишет. Отунду болсо талаа-түздөн терип келишүүдө.

Жергиликтүү тургундардын бири Алена көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде жашайт.

Көкүрөгү кирдеп турган келин бөлмө ичиндеги суук сөөктөн өтүп жатканына кейип турат. Анын айтымында, үйдөгү температура төрт градус, кээде андан да төмөндөп кетет. Алена жана анын үй-бүлөсү колкап кийип уктоого аргасыз.

Херсон облусунун аймагында адамдарды кээде айрым ракеталык соккулардан дарактар сактап калган. Снаряддар көчө бойлой өсүп турган бактарга тийип, ары өтпөй жарылган учурлар бар. Бутактары сынып жаткан дарактар жазында көктөйбү же жокпу, азырынча беймаалым.

Алыс-жакындан такай угулуп турган жардыруулардын үнүнө көнүп бараткан жергиликтүү тургундар украин бийлигине үмүт артып, тез арада бул көйгөйдү чечип беришин күтүп жатат.

"Жеңилбес борборлор"

Элди жабыркаткан ракеталык соккуларды “орус террорунун формуласы” деп сындаган Украинанын президенти Владимир Зеленский элге кайрылып, Орусия электр тармагын иштен чыгарган кезде тургундар коммуналдык кызматтарга байланыштуу "Жеңилбес борборлорго" кайрылса болорун айтты.

Бирок азырынча аны бүт аймактарга жайылтууга мүмкүн болбой турат.

Зеленский өлкө боюнча 4 миң борбор түзүлгөнүн, дагы курулуп жатканын белгиледи. Бийлик "Жеңилбес борборлор" деп аталган бул долбоорлор жапырт аткылоого кабылып, электр жарыгы үзүлгөн аймактарды бир нече саат аралыгында жарык менен камсыздай турганын айтууда.

Украин президенти Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешине кайрылып, Орусиянын ар кандай инфратүзүмдөрдү аткылоосун токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырды. Анын айтымында, баарынан көп ооруканалар, мектептер, транспорт жана карапайым тургундар жашаган райондор жабыркаган. Зеленский Коопсуздук кеңешин Орусияны вето коюу укугунан ажыратууга үндөдү.

Орусиянын БУУдагы туруктуу элчиси Василий Небензя Батыш Украинанын курал-жабдык менен камсыздап жатышына жооп катары Москва маанилүү объектилерге сокку уруп жатканын билдирди. Ал ошондой эле карапайым тургундардын үйлөрү Украинанын абадан коргонуу системасынын айынан жабыркап жатканын кошумчалады.

Араб өлкөсүндөгү сүйлөшүү

Ал арада Москва менен Киевдин өкүлдөрү Бириккен Араб эмираттарында жолугуп, туткундарды айырбаштоо жана аммиак экспортун талкуулашканы белгилүү болду. Reuters агенттиги ысымын атабаган булагына таянып жазганына караганда, эки тараптын өкүлдөрү 17-ноябрда Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн ортомчулугу астында жолугушкан. Сүйлөшүүдө кандай жыйынтыкка жетишилгени беймаалым.

Украинанын Түркиядагы элчиси Василий Бондар туткундарды айырбаштоо орус аммиагын экспорттоого жол ачуу шартынын бир бөлүгү экенин белгиледи.

Орусиянын Украинага кол салганына толук тогуз ай болду.

23-ноябрда Рим папасы Франциск Ыйык Петр аянтында миңдеген адамдардын алдында сөз сүйлөгөндө орус-украин согушуна токтолду. Ал украиндер баскынчылыктан жапа чегип жатканын айтып, муну советтик лидер Иосиф Сталиндин 1930-жылдардагы “үрөй учурган геноцидине” салыштырды.

"26-ноябрда биз Сталин тарабынан жасалма жол менен ишке ашырылган 1932-33-жылдардагы ачарчылыктын курмандыктарын эскеребиз. Келгиле, бул геноциддин курмандыктары жана миллиондогон украиндер үчүн дуба кылалы. Бүгүн баскынчылыктан азап чегип жаткан балдар, аялдар жана карылар үчүн дуба кылалы".

Февралда Орусия Украинага басып киргенден бери Рим папасы Франциск дээрлик ар бир кайрылуусунда Украинаны атап, согуш өзөктүк курал коркунучун жана көзөмөлгө алгыс глобалдык кесепеттерди күчөтөрүн эскертип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG