Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Зеленский Донбасска барды, тараптар туткундарды айырбаштады


Владимир Зеленский Донбасстагы жоокерлер менен. Словянск, 6-декабрь 2022-жыл
Владимир Зеленский Донбасстагы жоокерлер менен. Словянск, 6-декабрь 2022-жыл

Шейшембиде украин президенти Владимир Зеленский айыгышкан салгылаш жүрүп жаткан Донбасска барды. Донецк шаары эки аптадан бери тынымсыз соккуларга туш болгону кабарланып жатат. Шейшембиде Орусия менен Украина туткундарды айырбаштаганы маалым болду.

7-декабрда орус армиясы Украинанын жер-жерине жанкечти дрондордон сокку уруп, артиллериядан дүрмөт жаадырууну улантты. Херсон облусунда эки киши окко учканын, бир нече киши жаракат алганын аймактын аскердик администрация башчысы Ярослав Янушевич билдирди.

Шаршембиге караган түнү Днепропетровск облусуна да чабуул коюлду. Ал жерде дүрмөттөр жер тамдарга, чарбаларга, газ түтүгүнө , дүкөндөргө жана окуу жайга тийген.

Орусиянын Коргоо министрлиги туткундарды айырбаштоо деп жарыялаган сүрөт.
Орусиянын Коргоо министрлиги туткундарды айырбаштоо деп жарыялаган сүрөт.

Украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермактын айтымында, 6-декабрда Орусия 15 офицерди, 45 катардагы жоокерлер менен сержанттарды өткөрүп берди. Арасында Мариуполду коргоого катышкан 34 киши, анын ичинде 14 "азовчу" бар. Ермак алар Украин куралдуу күчтөрүнүн күнү белгиленгенде үйүнө кайтканын белгиледи.

Орусиянын Коргоо министрлиги эки тарап 60тан аскерди алмашканын бышыктады. Мекеме алар Москвага жөнөтүлүп, ал жерден медициналык жана психологиялык жардам алышарын кошумчалады.

Орусия Украинага кол салган февралдан бери эки өлкө миңден ашуун согуш туткунун айырбаштады.

Шейшембиде украин президенти Владимир Зеленский айыгышкан салгылаш уланып жаткан Донбасска барып кетти. Мамлекет башчы фронтко жакын жерде күрөшүп жаткан жоокерлерди Куралдуу күчтөрдүн күнү менен куттуктап, мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

"Салттуу түрдө мен бул күндү майданда силер менен чогуу белгилеп жатам. Бүгүн биз Донбасстабыз. Тилекке каршы уруш тилкеси кеңейип, кармаш күчөп, чоң кун төлөп жатабыз. Бирок силердин болоттой кажыбас эрдигиңерди, жеңишке умтулууңарды эч нерсе сындыра албайт. Силердин душманга моюн сунбай кармашканыңар биздин көз карандысыздыгыбызды камсыздайт. Эрдигиңер үчүн рахмат айтабыз, силер менен сыймыктанабыз".

Зеленский украин жоокерлери менен. Славянск, 6-декабрь, 2022-жыл
Зеленский украин жоокерлери менен. Славянск, 6-декабрь, 2022-жыл

Зеленский Орусия аннексиялап алган Донецк, Луганск жана Крым бошотуларын кайталады. Киев салгылашуулар Бахмут шаарынын айланасында күчөп жатканын буга чейин билдирген.

6-декабрда Орусия дайындаган бийликтин өкүлү Донецк шаарынын борборунда бир нече бутага сокку урулганын, эл жашаган райондор, базар, соода түйүнү, жаштар борбору, православ чиркөөсү жабыркаганын билдирди.

Жергиликтүү медиа жазгандай, каза тапкандардын арасында өзүн Донецк элдик республикасы деп атаган жикчил аймактын парламентинин депутаты Мария Пирогова да бар. Аймактын бийлиги сокку үчүн украин армиясын күнөөлөп жатат.

Ал арада АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Украинанын Орусиянын аймагына сокку урушуна шыкак бербейт деп айтты:

"Биз украиналыктарга Орусиянын аймагына сокку урууга мүмкүнчүлүк түзүп же дем бергидей болгон жокпуз. Бирок орусиялык агрессиянын айынан украиналыктар күн сайын эмне деген абалда калып жатканын да түшүнүү керек. Биз башка өнөктөштөр менен катар Украинанын өзүн, жерин, эркиндигин коргоо үчүн зарыл болгон каруу-жабдык менен камсыздалышын жактайбыз".

Орусиянын Курск облусундагы аэродромго 6-декабрда дрондон сокку урулуп, мунай сактоочу резервуар күйүп кеткен. 5-декабрда учкучсуз аппарат Саратов жана Рязань облустарындагы стратегиялык аэродромдорго чабуул койгон. Орус тарап бул үчүн Украинаны айыптаган. Киев расмий комментарий жасай элек.

Шейшембиде америкалык мыйзам чыгаруучулар эмки жылы Украинага бери дегенде 800 миллион доллар кошумча аскердик жардам берүүнү макулдашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG