Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

УКМК: Чүйдүн курулуш башкармалыгында 30 миллион сомдук жемкорлук аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Капиталдык курулуш башкармалыгы менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин кызмат адамдары мамлекеттик бюджеттен 30 миллион сом акчаны мыйзамсыз чыгарып алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу 12-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алар мындай ири суммадагы акчаны документ жасалмалап, жалган келишим түзүү жолу менен чыгарып алышкан. Окуя 2019-жылы болгону, республикалык бюджеттин 30 миллион сом акчасы курулуш компанияларынын бирине кошумча келишимдин негизинде которулганы, бирок ал документтеги иштер аткарылбаганы белгиленди.

Чогултулган материалдардын негизинде курулуш компаниясынын директору кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынганы, учурда бул кылмышка тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Айыпталып жаткан тарап азырынча маалымат же комментарий бере элек.

Дүйнөдөгү жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюмунун 2021-жылдагы рейтингинде Кыргызстан 144-орунду ээлеген. Бул 2020-жылга караганда 20 баскычка начар. (RK)

XS
SM
MD
LG