Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Банктык сыр кепилдигине коркунуч жаралганы белгиленүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандыктардын банктагы эсеби боюнча маалыматынын салык кызматына ачыкталып турушу өлкөнүн Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келет деген бүтүмүн “Адилет” укуктук клиникасы билдирди. Уюм өкмөт сунуштап жаткан мыйзам долбоорун анализдеп чыгып, ушундай жыйынтыкка келген.

Корутундуда айтылгандай, эгер “Салык кодексине” өкмөт сунуштап жаткан өзгөртүүлөр кирсе, кыргыз жарандарынын жеке маалыматынын жана конституциялык укуктарынын корголушун кепилдеген мыйзамдар бузулуп, өлкөнүн эл аралык кадыр-баркына залакасын тийгизет, элдин банк системасына болгон ишенимин төмөндөтүп, Кыргызстандын инвестициялык жактан жагымдуулугун азайтат.

“Адилет” клиникасы банктын ар бир кардарынын эсеби боюнча маалыматы купуя сыр деп эсептелерин эскертти.

Министрлер кабинети иштеп чыккан "Салык жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору учурда Жогорку Кеңештин талкуусунан өтүүдө. Өкмөт эгер сунушу кабыл алынса өлкөдө жагымдуу салык жана бажы климаты түзүлөрүн, таза атаандаштык шарты пайда болорун, көмүскө экономика азаярын айтууда.

Айрым ишкерлер муну банктык сырдын бузулушу деп сыпаттап жатышат.

Өкмөттүн сунушу парламентте колдоо таап, мыйзам кабыл алына турган болсо ар бир банк же төлөм системасы кардарларынын эсеп ачып же жаап жатканы, эсебинде канча акчасы бар экени, канча акчаны каякка которуп жатканы тууралуу бардык маалыматты Салык кызматына жөнөтүп турууга милдеттүү болот. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG