Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Эл үнү: Орловкада жарылган куурлар, кыйналган эл


Жарылган жылуулук куурун оңдоп жаткан жумушчу. Орловка шаары. Декабрь, 2022-жыл.
Жарылган жылуулук куурун оңдоп жаткан жумушчу. Орловка шаары. Декабрь, 2022-жыл.

Чүйдүн Кемин районундагы Орловка шаарынын айрым тургундары жылуулуксуз калганын айтып, “Азаттыктын” “Эл үнү” берүүсүнө кайрылды.

Жергиликтүү тургун Сейне Жакшыбаева шаарда жылуулук берилгенден кийин куурлар жарылып, авария болуп жатканын айтты. Ал суук түшкөндөн бери эл кыйналып жатканына токтолду.

“Жылуулукту ноябрдан баштап бере баштаган. Бирок туура эмес кошуп алышыптыр, ошондон бери авария болуп, куурлар жарылып жатат. Орловканын эли чогулуп, жылуулук менен камсыздаган ишканага барганбыз. “20 күн уруксат бергиле, бүтүрөбүз” дешкен. Биз деле куурлар эски деп түшүнүп отурдук, бирок жылыш жок. Орловка тоо түбүндө жайгашкан. Азыр күн суук. Бала-чакалуулар менен кары-картаңдарга кыйын болду. Шаардын жарымында жылуулук жок”, - деди ал.

Тургундар үйдөгү температура түшүп кеткенин айтышууда.
Тургундар үйдөгү температура түшүп кеткенин айтышууда.

Ошондой эле Жакшыбаева кар жаагандан бери айрымдар үйүндө түнөбөй, туугандарынын үйүнө барып, түнөп жатканын кошумчалады. Арасында балдарын Бишкектеги туугандарына жөнөткөндөрү да бар.

“Менин эжем кызын небереси менен Бишкектеги экинчи кызына жөнөттү. Барган сайын суук болуп жатат”, - деди ал.

Орловка шаарынын мэри Бактыбек Чанчаров калааны “Кыргызжылуулукэнергонун” филиалы тейлей турганын айтып, оңдоп-түзөө иштери аяктай электигин билдирди.

“Бригадалар оңдоо иштери менен алек, бирок толук оңдоп бүтө элек. Кайсы жактан авария болуп кетерин эч ким билбейт экен. Куурлар эски болгондуктан жылуулук бергенде басымдан жарылып жатат. Оңдоо иштери качан бүтөрүн айта албайбыз. Авария күтүлбөгөн учурда болуп кетиши ыктымал. Бригада менен күндө эле байланышып жатам”, - деди Чанчаров.

"Куурлар чирип калган"

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын Орловкадагы жылуулук менен камсыздоо филиалынын директору Эрнис Молдобаев жетекчилик кызматка эки жума мурда дайындалганын, учурда абалды жөнгө салуу боюнча иштер жүрүп жатканына токтолду.

“Куурлар чирип калган экен. 1970-80-жылдарга чейин салынган. Куурлардын жарамдуу мөөнөтү 25 жыл болсо, булардыкы 50 жылдан ашып кеткен. Учурда жылуулук трассасындагы жарылууларды оңдоп жатабыз. Резервдеги чоң мешти коштук, температураны көтөрүп жатабыз. Улам жарылуу болгондо ысык суу басым менен кетип калып, сууну кайра жылытканга туура келүүдө”, - деди Молдобаев.

Жаңы жетекчи ишкананын башкы инженери да алмашканын айтып, быйыл жылытуу сезонун үзгүлтүккө учуратпай жыйынтыктоо боюнча иштер жүрүп жатканын айтты. Андан сырткары жылуулук куурундагы суунун температурасы нормадан төмөн болуп жаткандыктан эл ошого нааразы болуп жатканын кошумчалады.

“Сөздүн ачыгын айтканда бардыгы эски ошону колдон келишинче быйыл иштетип чыкканга аракет кылабыз. Эмдиги жылы жаңылоо планы бар”, - деди ал.

Молдобаев жакынкы бир-эки күндө оңдоо иштери аяктайт деп ишендирди. Орловкадагы жылуулук менен камсыздоо ишканасынын 1500дөй кардары бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG