Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:19

"20 жыл жашаган үйүмдөн кууп чыкканы жатышат"


Аксамай Борбуков.
Аксамай Борбуков.

"Эл үнү" радио түрмөгүнө Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынан Аксамай Борбуков кайрылып, 20 жылдан бери жашап келаткан батиринен күчкө салып чыгаруу аракети болуп жатканын даттанды. Батирге “Кыргызстан улуттук электр тармагы” (КУЭТ) ачык акционердик коому ээлик кылат.

75 жаштагы Аксамай Борбуков Кыргызстандын электр тармагында 41 жыл иштегенин, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому эбак менчикке өтө турган үйлөргө документ жасатууга жолтоо болуп келатканын айтып кайрылды. Ал үйлөрдү менчиктештирүү иши калыс жүрбөй жатат деп нааразы болду.

Ленин айылындагы "Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары" ишканасына таандык делген көп батирлүү үй.
Ленин айылындагы "Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары" ишканасына таандык делген көп батирлүү үй.

“Мына бир үйдө эки батир менчиктештирилип кеткен. Ал эми экинчи үйдө бир батир менчикке өткөн. Дагы башка үйдө төрт батир жеке колго өтүп кеткен. Мыйзамды жакшы билгендер же таанышы барлар 2000-жылдардын башында менчикке өткөрүп алышкан. Кыргыз ССРинин Турак жай кодекси деген бар. Анда “советтик өкмөт курган турак үйлөр менчикке берилсин" деп турат. 9-беренеде “жеке менчик укугу менен мөөнөтсүз колдонууга өтсүн” деп жазылган”.

Бир нече мыйзамдар бузулуп жатканын айткан Аксамай Борбуков турак жайга болгон укуктарын коргоо үчүн мыйзамдардын баары менен таанышып чыгыптыр.

“Мыйзам боюнча бизге ишкана менен профсоюз комитетинин биргелешкен чечими берилиши керек болчу. Чечим чыккан эмес. Ордер алгандан кийин биз менен жумушка алуу келишими түзүлүшү керек эле. Анын баары жасалган эмес. Ал укук бере турган документ. Ал адам үйгө өзү эле кирип алган жок, ишкана киргизди да. Дагы бир мыйзам тууралуу айтып кетейин. Ишкана "акционердик коом" болуп өзгөрдү. “Турак жай фондусун менчиктештирүү" тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамында “ишкана акционердик коом болуп өзгөргөнгө чейин салынган үйлөр менчиктештирилет” деп турат. Ошол эле учурда биздин турак жайга болгон укуктарыбыз ушул мыйзам мене чечилип жатат. Мыйзам артка иштебейт да. Бул баш мыйзамда да жазылып турат”.

Ленин айылында “Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары” ишканасына таандык делген бир нече көп кабаттуу үйлөр жайгашкан. Аксамай Борбуков ал турак жайларда өзүнө окшоп үйүн менчикке өткөрө албай же таштап чыгып кетейин десе, башка турак жайы жок бир нече үй-бүлөлөр бар экенин айтат. Алардын бири 66 жаштагы ардагер Юрий Владимиров электр көмөк чордонунда 43 жыл иштеген. Азыркы батиринде 40 жылдан бери жашайт. Ал үйүн өзүнө өткөрүп алуу боюнча “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомуна жыл сайын кайрылат.

“Менин жагдайым да Борбуковдукуна окшош. Мен быйыл да “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомуна кайрылдым. Бирок мага “бул батирлер менчиктештирилбейт жана сиз бул үйдөн чыгарыласыз” деген жооп келди. Өмүр бою бул тармакка иштегенибизден кийин кичине болсо да өз үйүбүз болушу керек да. Азыр өз күчүбүз менен үй алганга таптакыр болбойт. Турак жайларга баалар жыл сайын өсүүдө. Менчиктештирүүгө болбойт дейт, бирок мына биздин үйдө туштагы батир менчиктештирилген. Дагы бир үйдө үч батир менчикке өткөн.”

“Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары” ишканасы 2017-жылдан баштап Аксамай Борбуков жана анын бир нече кошуналарын үйдөн чыгаруу боюнча сотко кайрылган. Соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында Борбуковдун башка турак жайы жоктугуна байланыштуу чыгаруу иштери токтотулган. Борбуков бирок бул сот териштирүүлөр туура эмес өткөнүн айтты.

“Сот кызматтык үй дегенди караган эмес. Мыйзам боюнча үй-бүлөлөрдү чыгара албайсыңар. Кызматтык үй деген документи болсо да чыгара албайсыңар деген чечим чыгарган. Мен күнү-түнү отуруп мыйзамдарды казып чыгып бул алдамчылык экенин таап чыктым. Мыйзамдар одоно бузулуп жатат. Эң негизгиси “Мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү” программасы бузулду. Бул талашта мен жалгыз болуп жатам. Мендей акыбалда турган адамдардын туугандары бул тармакта азыр да иштеп жатат. Ошон үчүн коркуп турушат. Мен жогорку сотту жеңип алсам да менчикке ээ боло албай жатканым тууралуу Жогорку Кеңешке кайрылдым. Жооп келген жок. Президентке кайрылдым, анда да жооп болбоду. Аргасыздан коомчулукка айтып чыгууну туура көрдүм”.

Ардагер Аксамай Борбуковдун маселеси боюнча "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна кайрылганыбызда, батирлерди бошотуу иштери Турак жай кодексине ылайык жүргүзүлүп жатканын маалымдашты.

Ал эми Ленин айылындагы көп батирлүү үйлөрдүн айрымдары менчиктештирилип кеткени тууралуу суроого “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКынын маалымат каражаттары менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Элзада Саргашкаева ал батирлер башынан эле “Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары” ишканасына караштуу эмес болгон деп жооп берди.

“Кыргызстандын Турак жай кодексинин 58-беренесинин 3-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык, кызматтык кеңсе, турак жайлар менчиктештирилүүгө жатпайт, ушул кодексте каралган башка учурлардан тышкары. Ал эми Борбуковдун “батирден чыгарылып жатат” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени Аламүдүн райондук сотунун чечими менен Борбуковго карата жазылган доо арызыбыз канааттандырылуусуз калтырылган. Белгилей кетчү нерсе, Ленин айылындагы бизге караштуу болгон батирлердин бири дагы менчикке берилген эмес”.

Деген менен №1 үйдөгү убагында менчикке өтүп, эки жолу сатылып кеткен делген батирдин ээси Татьяна аттуу ардагерге суроо узатсак, ал чыны менен үйдү он жыл мурда сатып алганын ырастады.

“Бул үй менчиктештирилген деп айтышты. Биз көмөк чордондо иштеген эмеспиз. Биз сатып алганбыз. Бизге чейин да бир жолу сатылган экен. Биз экинчи ээси болобуз”.

"Эл үнү" радио уктуруусун толугу менен бул жерден тыңдай аласыз:

"Кырк жыл иштеп, көчөдө каламбы?"
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:45 0:00
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG