Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Бишкекте жапырт кармоого каршы жүрүш өттү

Бишкекте 24-октябрда оппозициялык саясатчы, активисттерди жапырт кармоого каршы жүрүш өттү. Уюштуруучулар 500гө жакын адам катышканын билдирди. Акцияга чыккандар темир жол бекетинин алдына чогулуп, Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтына чейин жөө барышты.

23-октябрда Бишкекте бир катар оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. 20дан ашуун киши 48 саатка камалган.


16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG