Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Чолпон Орозобекова: Сирияга кеткен аялдар, балдар үйүнө кайтышы керек


Сирияга кеткендер үйүнө кайтышы керекпи?
please wait

No media source currently available

0:00 0:36:48 0:00

Сирияга кеткендер үйүнө кайтышы керекпи?

Кыргызстандык изилдөөчү, терроризм жана коопсуздук боюнча эксперт, Женевада жайгашкан Булан институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова менен анын жаңы китеби тууралуу маектешебиз. Китеп “Чет элдик согушчандар жана эл аралык тынчтык” деп аталат.

- Чолпон, жакында англис тилинде жарык көргөн китебиңиз Европа, Америкадагы изилдөөчү, илимпоздор арасында кызуу талкуу, жакшы пикирлерди жаратууда. Куттуктайбыз. Жакынкы Чыгыштын гана эмес, дүйнө жүзүнүн тынчын алып, бейпайга салган өзүн Ислам мамлекети деп атап алган уюмдун Ирак менен Сирияда талкалангандан кийинки тагдыры эмне болду? Андагы миңдеген чет элдик согушчандардын тирүү калгандары, жесирлери, балдары азыр кандай абалда?

- 2019-жылы “Ислам мамлекети” (ИМ) террордук тобу эл аралык коалиция жана күрд күчтөрүнүн жардамы менен талкаланган. Ошондон кийин Ирак өзүнүн аймагында кармалган согушчандарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн дароо камакка алып, соттоду. Азыркы учурда миӊдеген согушчандар аялдары жана балдары менен Ирактын түрмөлөрүндө. Ирак аларды өлүм жазасына тартмак, бирок эл аралык коомчулуктун кысымы менен 15-20 жылга кести. Азыр ал түрмөлөрдө Борбор Азиядан - Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан барып калгандар да бар. Жүздөгөн согушчандар аялдары, балдары менен түрмөдө отурат. Жашы жете электерди алып кетүүгө Ирак уруксат берген. Кыргызстан 70тен ашуун баланы алып келди.

Булан институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекованын “Чет элдик согушчандар жана эл аралык тынчтык” китеби.
Булан институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекованын “Чет элдик согушчандар жана эл аралык тынчтык” китеби.

Булар Ирактын аймагында кармалгандар. Аларды Ирак мамлекети расмий түрдө соттоду. Сириянын түндүк-чыгышында кармалган согушчандардын шарты башка – ал жерде мамлекеттик бийлик жок. 2012-жылы Сириядагы согуштун айынан ал аймакка күрд аскерлери ээлик кылып, автономиялуу облустук администрация түзүп алышкан эле. Бирок бул автономияны эл аралык коомчулук тааныбайт. Ошондуктан ал жакта кармалган аялдар менен балдар азыр оор абалда. Алар 70 миӊге чукул киши, Аль-Хол жана Родж лагерлеринде кармалып турушат. Көпчүлүгү ирактыктар жана сириялыктар. Баарын эле ИГИЛдин согушчандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү дегенге болбойт, себеби ошол аймакты согушчандар басып алганда ИГИЛдин карамагына аргасыздан өтүп калышкан көбү. 12 миӊдейи үчүнчү өлкөлөрдүн өкүлдөрү. 60тан ашуун өлкөлөрдөн, анын ичинен Кыргызстандан (300дөн ашуун) да барган аялдар, балдар бар. Кыргызстан мурда жалаң балдарды, жакында 40тан ашуун кишилик топту да алып келди. Дагы алып келет деген маалымат бар.

Согушчан эркектер өздөрү түрмөдө. Сириянын аймагында Эль-Хасаканын жанында бир нече түрмөдө камалып отурушат. Үчүнчү өлкөлөрдүн 10 миӊден ашуун жарандары бар. Алардын маселеси өзүнчө бөлөк каралышы керек. Эл аралык коомчулук эл аралык деӊгээлдеги трибунал түзсөкпү деп талкуулашты. Бирок, менимче, бул маселе чечилбейт. Анткени аларды соттогондон кийин кайсы өлкөнүн аймагындагы түрмөлөргө отургузуу керек, аларды ким каржылайт дегендей маселелер чечилген жок. Демек, репатриация жолу гана калууда.

Бирок согушчандарды алып кетүүгө эч бир мамлекет макул эмес. Аялдар менен балдарды алып кетүүгө аз болсо да көнүп жатышат. Иракка которуу маселеси да бар, анткени Европа өлкөлөрү кылмыш каякта жасалган болсо, ошол жактагы өлкөлөрдө соттолушу керек деген турумду карманышууда. Ирак кабыл алышы керек эле, бирок бул мамлекеттин түрмөлөрүндө шарт жок, сот тутумунда дагы маселе көп. Ошондуктан Европа өлкөлөрү, мисалы, ушундай сунушту айткан Франция, бул жакка которуу керек дебей калды. Сүйлөшүүлөр токтоп турат.

- Радикалдашуу, экстремизм, терроризм коркунучу азыр деле актуалдуу маселе. Китебиңизде өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган кыймылдын келип чыгуу тарых-тамырын, кантип дүйнөлүк коркунучка айланганын талдаптырсыз. Баарын айтып отурбасак да, Борбор Азияда, Кыргызстанда миңдеген кишилердин Халифат куруу кыялына азгырылып кетишинин башкы себептери кайсылар болду деп ойлойсуз?

- Албетте, радикалдашуунун тамыры абдан тереӊ, себептери көп. Мен китепте радикалдашуу боюнча өзүмдүн теориямды сунуштадым. Мында бир нече фактор айтылат. Мамлекеттер эӊ оболу буга шарт түзгөн социалдык жана экономикалык абал болорун эске алышы керек. Адамдардын кайгы-капасы, ой-санаасы, эмнеге кыжаалат болору, мисалы, жумушсуздук, коомдогу адилетсиздик, буларга ички каршылык, агрессиялык маанайдын күч алышы – ушунун баары радикалдашууга өбөлгө түзөт. Экинчиден, идеология чоӊ таасир этет. Айрыкча турмушу оор, адилетсиздиктен жабыр тарткан калайыкка ар кандай бүлгүнчүл идеологияларды таӊуулаш оӊой болуп калат экен.

Идеологиялык себептин башаты тарыхый окуяларга да барып такалат. Тарыхтан белгилүү болгондой, Батыш өлкөлөрүнүн мусулман өлкөлөрүнө барганы, колониалдык саясаты, согуштук жол менен басып алганы – мунун баары радикалдуу топторго шылтоо болуп жатат. “Көрдүӊөрбү, биз, мусулмандар, дайыма кор болуп келгенбиз, ошондуктан өзүбүздүн халифатты куруп, күчтөнүшүбүз керек” деп элге үгүт жүргүзүшөт. Жаны кашайып турган эл жарыкчыл тутум, Батыш баалуулуктары бизге туура келбейт экен, коррупция да ошонун кесепетинен өнүгүп жатыптыр деген түшүнүккө ыктай берет.

Дагы бир себеп – билимдин жетишсиздиги. Сирияга азгырылып барган аялдардын жеке маалыматтарын иликтегенде алардын арасында эрте турмушка чыккандар, билим албай калгандар, диплому жоктор, ислам тууралуу түшүнүгү да тайыз аялдар көп экенин көрөбүз. Сирияга кетерге 2-3 ай калганда, кыска убакыт аралыгында ислам деген ушундай турбайбы деп, радикал идеологияга арбалып калышат экен. Ошондуктан, мисалы, Казакстан өзүнүн жарандарын кайра алып келгенде дерадикалдаштыруу программасынан өткөрдү. Тактап айтканда, молдолор чыныгы ислам жоболорун түшүндүрүп жатат.

- Өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган кыймылга 60тан ашуун мамлекеттин жарандары кошулганы айтылыптыр китепте. Алардын артында калган он миңдеген аялдары менен балдарына карата мамиле Европа менен Борбор Азияда ар башка болгонуна да көңүл бурулуптур. Ушул айырмачылыктарга токтоло кетсеңиз.

- Европа мамлекеттери кармалган адамдарды өздөрүнө алып кетүүдөн сактанып турат. Анткени Европада террордук чабуулдар көп болуп жатат. Радикалдашкан адамдар келсе террорчулук кайрадан күчөбөйбү деп чочулашат. Бириккен Улуттар Уюму арасат калган кишилерди алып кеткиле деп бардык өлкөлөргө кайрылып жатса да, катуу чочулашат.

Бирок 2022-жылдан бери бир чоӊ өзгөрүү башталды. Адам укуктары боюнча Европа соту да ошол адамдарды алып келиш керек, алардын конституциялык укугу сакталышы кажет деп чечим чыгарды. Эл аралык кысымдын таасири менен бул өлкөлөрдүн туруму өзгөрүп жатат. Мисалы, катуу каршы болгон Франциядан Жакынкы Чыгышка 1500дөй адам кеткен эле, эми алып келе баштады. Германиядан 1150 киши барып калган экен, аялдарды жана балдарды бул өлкө толугу менен кайра артка алып кетти.

Борбор Азия өлкөлөрү, айрыкча Казакстан менен Өзбекстан өз жарандарын дароо алып келгени абдан жакшы чечим болду. Адатта Борбор Азия өлкөлөрү адам укуктарын коргоо жагынан арткы сапта деп келебиз, бирок бул ирет мыкты үлгү көрсөтүштү.

Алып келгенден кийинки мамиледе да көп айырмачылык бар. Балким, убагы келгенде бул тууралуу да сөз кылабыз.

- Калктын бир бөлүгү радикалдашып, тээ алыскы аймактагы ашынган экстремисттик уюмга кошулуп кеткени үчүн жоопкерчиликти кайсы бир деңгээлде ошол жарандардын мекени, алардын өкмөттөрү да алышы керек деген ой да айтылыптыр. Борбор Азияда ошондой жоопкерчиликти анализдеп айткандар барбы?

- Эл аралык коомчулукта чоӊ талаш жүрүүдө. Ар кайсы өкмөттөр Сирияга кеткендер өздөрүнүн чечими үчүн өздөрү жооптуу, андыктан ошол жакта калып, соттоло беришсин дешет. Бирок эл аралык ченемдерге ылайык кайсы бир өлкөнүн жараны башка өлкөнүн аймагына барып коркунуч жаратып жатса, бул бир маселе, чет өлкөгө барганда катуу ооруп, өлүмгө дуушар болгудай оор абалда калса, мамлекет аны сөзсүз алып келип, жардам бериши керек.

Аль-Хол жана Родж лагерлеринде айрыкча кичинекей балдардын абалы өтө оор. Эл аралык ченемдер боюнча мамлекет ошол балдарды сактап калышы керек. Бул бир жагы. Экинчиден, террордук топтун өкүлү болгон жаран ошол жактагы түрмөдөн кокус качып чыгып кетсе, кайрадан барып террордук топторго кошулуп, бир жерде жардыруу жасашы ыктымал. БУУга мүчө ар бир мамлекет өз жарандары үчүн ушул жагынан да милдеттүү. Аларды сот жообуна тартабы же реабилитациялайбы – алып келгенден кийин өз мамлекетинин өкмөтү чечет.

Борбор Азия мамлекеттери бул милдетин жакшы аткарып жатышат. Айрыкча аялдар менен балдарга карата гумандуу мамиле керек. Ооба, алар адашты, көбү алданып калды. Бирок мамлекет алардын конституциялык укугун сактап, өз мекенине кайтарышы керек.

- Борбор Азия мамлекеттери биринчилерден болуп Ирак менен Сирияда камалып калган аялдар менен балдарды алып келгени да белгиленет. Өзүңүз айткандай, Франция жана башка мамлекеттер кайтарып келгенге ашыккан жок. Биринчи кезекте коомчулукта алар радикал, экстремисттик идеяларга сугарылып калган, ошону жайылтат деген коркунуч бар эмеспи. Антип ойлогонго негиз барбы? Арасында ошондой идеялардан баш тартпай тургандар барбы?

- Чындыгында бул абдан коркунучтуу идеология. Адамдын аӊ-сезимин уулантат. Буларга азгырылган кишилер абдан катуу ишенип калат. Жарыкчыл (секулярдык) тутум жакшылыкка алып келген жок, халифат курулса эле баары сонун болот деп ойлошот. Ушул ишенимде болсом, Кудай менин жолумду ачат, бейишке кирем дешет. Кудай менен келишимге кол коюп алгандай ишенишет экен.

Бирок демейки турмушка кайтып, туура жолго түшүү мүмкүнчүлүгү көпчүлүгүндө бар деп эсептейм. Мен көбү менен аӊгемелешип, жан маанайын сезип-түшүнүүгө аракет кылдым. Өтө өкүнгөндөрү абдан көп. Айрыкча жашы жете электер менен аялдарга мүмкүнчүлүк бериш керек.

Албетте, чоӊ тобокелчилик бар. Ошондуктан мамлекет реабилитация (кадимки турмушка кайтаруу, калыбына келтирүү) менен реинтеграцияны (коомго кайра аралаштырууну) жолго коюу зарыл. Алып келип эле жашай бергиле деп тим койсок, туура болбойт. Социалдык жактан колдоп, аялдардын билим, кесип алуусуна, жумуш таап кетишине жардам бериш керек. Биздин молдолор, имамдар да алар менен акырын сүйлөшүп, исламды туура түшүндүрүшү керек.

Реабилитация менен реинтеграция бир жылдык эле иш эмес, кеминде 5-6 жылга созулат экен. Кыргызстан өз жарандарын алып келсе, алдыда турган чоӊ жумуш бар экенин билиши керек. Психологдор, теологдор, социалдык кызматкерлер, педагогдор да баары буга даяр турушу кажет.

- Борбор Азия мамлекеттеринин өзүн Ислам мамлекети деп атаган уюмдун артында калган үй бүлө мүчөлөрүн туткундан куткаруу, мекенине кайтаруу операциялары ар башка аталганы, тажрыйбаларында да айырмачылык бар экени кызыктуу экен. Кайтып келгендердин кийинки тагдыры кандай болуп атат?

- Айрыкча, Өзбекстан менен Казакстандын тажрыйбасы абдан маанилүү. Албетте, дагы деле маселелер бар – каржылык ресурс, иштешкенге адам жетишпейт, бирок бул эки өлкө эл аралык коомчулук үчүн реабилитация жана реинтеграция боюнча бир чоӊ өрнөктүү программа түзүп койду. Азыркы кезде Сириядан кайтып келген кээ бир аялдар мамлекеттен чакан грант алып, бизнес ачты. Жумуш тапкандар бар. Сулуулук салондорунда, тигүү цехтеринде иштешет, мал багып, дыйканчылык кылгандар бар.

Ошондуктан Женевада бул эки өлкөнүн тажрыйбасына кызыгуу күчөп жатат. Европа мамлекеттери өздөрүнүн кайтып келген жарандары менен кандай иш жүргүзүү керектигин үйрөнүп жатышат.

Кыргызстанга 84 бала Ирактан кайра алып келинди. Биздин өкмөт бир жарым жыл бою шашпай тыкыр даярданды. Балдар төрт ай адаптациялоочу борбордо болуп, анан жакын туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул абдан чоӊ иш. Башка өлкөлөрдө ата-энеси жок келген балдарды эмне кылууну билбей, туугандары менен келише албай, аларды психологиялык жактан даярдай албай калышууда. Мисалы, Тажикстанда бул маселе абдан оор – эки жыл мурун алып келинген балдар дагы деле интернатта турушат, туугандары ала албайт. Жакында мен Ирактагы тажикстандык аялдар менен сүйлөшкөндө алардын бири кызымды жибергениме абдан өкүнүп жатам, үч жылдай убактан бери сүрөтүн да көрө элекмин, кандай жашап, эмне кылып жатканын билбейм, туугандарым алууга аракет кылып ала албай жатышат деди. Бул жагынан балдардын туугандары менен алдын ала иштешип, аларды даярдаган Кыргызстандын тажрыйбасы жакшы болду.

- Ирак, Сирияга агылгандар арасындагы жаш кыздар, аялдар айрыкча катуу жапа чегишти. Ошол жылдары кыздары Түркияга, Сирияга кетип ошо бойдон табылбай калган ата-энелер азыр да зар какшап жүрүшөт. Күйөөсү, жигити, агасынын айтканынан чыга албай ээрчип барып азап тарткандары канча? Кыргызстандагы жаш кыздар, аялдар булардан кандай сабак алышы керек?

Аялдардын жеке маалыматтарын иликтегенде биздин коомдогу бир катар орчундуу маселелер бар экенин көрөбүз. Борбор Азиядан кеткен, айрыкча өзбек, кыргыз, казак аялдардын бир тобу күйөөлөрүнүн сөзүнөн чыга албай ээрчип кетишкен. Калалы десе, балдарын бага албайт. Айрымдары макул болбой калса да, кийин тирукмуш видеолорду жөнөтүп, 200-300 доллардан айлык алабыз, ажайып сарайларда жыргап жашайбыз деп алдап чакырышкан.

Мени менен маектешкенде Аль-Хол лагеринде жашап жаткан бир кыргыз аял чиедей үч баласы менен башында үйдө калганын эскерди. Үч ай араӊ жашап кыйналдым, анан видеолорду көргөндө ишенип, Түркия аркылуу учтум дейт.

Биз кыздарды, аялдарды окутушубуз керек экен. Алар балдарын да өз алдынча бакканга мүмкүнчүлүгү болушу зарыл. Мисалы, күйөөсү ооруп калса, аялы иштеп, тиричиликти жүргүзүп кете алышы керек эмеспи. Кыздарды турмушка эрте чыгарбаш керек экен.

- Буга чейин өз жарандарын алып кеткендерди карап туруп, башка мамлекеттер да жок дегенде аялдар менен балдарды алып кетиши мүмкүнбү? Улуттар уюму баардык мамлекеттерди өз жарандарыңарды алып кеткиле деп чакырып келатат, бул иште жандануу барбы?

- ИГИЛ талкаланды дейбиз, бирок толугу менен жок болгон жок, Сирияда, Ооганстанда баш көтөрүп жатат. Түрмөдөгү өзүнүн мүчөлөрүн дагы эле өзүнө таандык деп карайт. Бошотуп алууга аракет кылып жатат. Былтыр Сириядагы чоӊ абакка кол салуу болбодубу. Бул жагынан дагы деле коркунуч бар. Ошондуктан мамлекеттер эртерээк аракет кылышы керек. Айрыкча балдар менен аялдарды алып кетиши зарыл.

БУУ 2019-жылдан баштап алып кеткиле деп дүйнөдөгү өлкөлөрдү чакырып келет. Мында АКШ чоӊ роль ойноп жатат. Трамп президент кезинде эле Европа өлкөлөрүнө өз жарандарыӊарды алып кеткиле, болбосо силердин аймактарга жеткирип эле коё беребиз деп опуза кылууга чейин барганы эсиӊиздерде болсо керек.

Ошондон бери көп сүйлөшүүлөр жүрүп, БУУ менен АКШ дагы кысым жасап жатат. Көбү такыр моюнга албай келди эле, 2022-жылы процесс башталды. Менимче, үчүнчү өлкөлөрдөн барган аялдар менен балдарды быйыл жана келерки жылы алып кетүүгө аргасыз болушат. Ошого баратат.

Бирок согушчандар эмне болот деген чоӊ суроо кала берүүдө. Алар каякта соттолот? Ар бир өлкө өз жарандарын алып кетип соттогонго даярбы?

Бул экинчи катардагы маселе. Азыр эӊ шашылыш иш – бул балдар менен аялдардын тагдырын чечүү. Алар чатырда жашап, балдары ооруп жатат. Күн сайын каза болгондор жөнүндө угабыз. Ошондуктан БУУ аракетти күчөтүп жатат. Бардык мамлекеттер өз адамдарын алып кетүүгө мажбур болот деп ойлойм.

- Кыргызстан башында жалаң жаш балдарды, кийин жакында 18 аялды, 41 баланы кайтарып келди. Сирия, Ирактагы туткундар арасынан мекенине кайтчуларды тандоо иши кандай жүргузүлөт? Барам дегендерди алып кетишеби, же кандай?

- Кайтпайм дегендер бар. Мисалы, Казакстанга алып келебиз дешкенде төрт-беш үй-бүлө баш тартып, лагерде калышкан. Кала беребиз деген орусиялыктар да бар. Кыргызстандыктардан андайлар болобу-жокпу, билбейм. Бирок ар бир өлкөдөн жок дегенде 5-6 киши баш тартат экен. Балким, ИГИЛдин идеологиясына катуу берилгендиктен болушу мүмкүн. Чоӊ кылмыш жасаганы үчүн келүүдөн корккондор да болот. ИГИЛ кайра жеӊип чыкса бошонуп чыгарбыз деп үмүттөнгөндөр да бар.

Дагы бир маселе – күрд аскерлери кимди берип, кимди калтырууну өздөрү чечет. Мисалы, Украина бир нече жолу учак жиберип, өз жарандарын (аялдарды) толук кайтарып ала албай убара чекти. Күрд аскерлери бербей коюшту. Кээде ошондой болот. Мисалы, 50 аял болсо, мамлекет тизмесин тактап жиберет, күрддөр карап, он чактысын бербей коюшу толук ыктымал. Эмне үчүн экенин эч ким билбейт. Бул сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугуна да жараша болот.

Өздөрүн Сирия демократиялуу күчтөрү деп атап алган күрд аскерлери автономиялуу облус катары башка мамлекеттер менен расмий гана сүйлөшүү жүргүзүүнү көздөшөт. Алар эл аралык деӊгээлде таанылууга, макам алууга умтулушат. Кээ бир мамлекеттер расмий каналдарды пайдаланбай, жекече жолдор аркылуу сүйлөшүү жүргүзүшөт. Ошондо баш тарткан учурлар көбүрөөк болот.

Мисалы, Казакстан менен Өзбекстан мамлекеттик деӊгээлде сүйлөшүп алышкан. Казакстан 700дөн ашуун, Өзбекстан 536 жаранын алып келди.

- Кириш сөзүн жазган Англиялык профессор Жон Хезершоу “биринчи жолу Ирак менен Сириядагы чет элдик согушчандар, алардын жакындары тууралуу алардын акыбалын, менталитетин тушүнгон Борбор Азиялык изилдөөчү жазды” деп белгилептир. Бул бир жагынан жеңил, экинчи жагынан оор болсо керек. Эмнеси татаал болду баарынан?

- Биринчи жолу Лондондогу эл аралык басма үйдөн китебим чыкты. Бул жакта талаптар башкача. Эмнени берсеӊ эле чыгара бербейт. Илимий деӊгээлде, ар бир маалымат факты менен ырасталган болушу керек. Ошол талаптарга ылайыктап жазуу үчүн мен эки жылдай изилдөө жүргүздүм. Бул изилдөөдөгү эӊ башкы маселе - Сирия жана Ирактагы лагерлерге барып, анда жашап жаткандарды маектешүүгө көндүрүү да оӊой болгон жок.

Жалпы эле теманын өзү оор, анын ичинен айрым өтө сезимтал жагдайлар да бар. Кайра сүйлөшүп, эмнени китепке киргизиш керектигин тандап, айрым жагдайларды кайра текшеришке туура келди.

Маектештердин ата-энелерин, туугандарын таап, аларды да маектешүүгө көндүрүү кыйын эле. Бул жагы идеологиянын таасирин иликтөө үчүн зарыл болчу. Тарыхый окуялардын, мисалы, ооган-совет согушунун таасири, Усама бен Ладендин кандайча баш көтөргөнү, радикал идеологиянын жайылуу этаптары ж.б. изилдегенге көп күч-аракет жумшалды.

- Башында айта кеткендей, радикалдашуу коркунучу азыр да Борбор Азиянын келечеги үчүн реалдуу көйгөйлөрдүн бири. Ирак менен Сириядагы жихадчыларга миңдеген жарандары кошулганын көргөндө Кыргызстанда, коңшу өлкөлөрдө коомчулук ошол кезде шок болду окшойт. Келечекте ошондой окуялар кайталанбашы үчүн азыркы учурда эмнелерди кылуу керек деп ойлойсуз?

- Менимче (китепте да жаздым бул тууралуу), бийлик, өкмөт өзү радикалдашуунун тамырын бир беткей карабашы керек. Булар идеологияга берилип кетти деп эле койгон жетишсиз. Азгырылганга чейин алар кандай жашаган, каякта иштечү эле ж.б. деп ар биринин мурунку турмушун иликтегенде коомдун эӊ орчундуу маселелери козголуп жатат. Ошол эле жумушсуздук, адилетсиздик, социалдык жана экономикалык маселелер радикал идеологиянын жайылышына өбөлгө түзөрүн жакшы түшүнүү зарыл.

Террордук топтор кимдерди бутага алат? Ким кыйналып жүрсө, жашоосуна нааразы болсо, үй-бүлөсүн бага албай жатса, укугум тебеленип жатат деп ойлосо, ошолорду азгырышат экен. Албетте, мамлекет биринчи кезекте социалдык-экономикалык маселелерди чечиши керек. Экинчиден, билимге өтө чоӊ маани берүү зарыл. Мектептен баштап ар бир адам кандайдыр бир кесипке ээ болуп, жумуш таап, жакшы жашай алууга тийиш. Айрыкча аялдарга, кыздарга көп кам көрүү керек.

Үчүнчүдөн, дин тутуу маданиятына да өзгөчө көӊүл буруп, ырааттуу иштерди жүргүзүү зарыл. Чыныгы исламды жайылтуу, туура билимди элге жеткирүү керек. Ислам десе эле айрымдар радикалдар бурмалаган жолду ойлошот. Алар ютубдан тынымсыз үгүт жүргүзүп, адамдардын кулагына куюп жатат. Ошол эле учурда чыныгы ислам жөнүндө маалымат жетишсиз болууда. Андыктан кыска эле убакыт аралыгында видеолорду көрүп азгырылып кетет экен. Ислам тууралуу да, кадимки билимдин да сапатын жакшыртуу керек. Айрыкча кыз-келиндер билимдүү болушу зарыл. Турмушка шаштырбай, билим берип, кесип үйрөтүп, өз алдынча жашоого даярдаш керек, бул өтө зарыл экен.

- Өкмөттү, бийликтегилерди эле карап отурбай, коомчулук, ар бир үй бүлө, жарандар өз жакындарынын аң сезиминдеги өзгөрүүлөргө да көңүл бурушу керек ко. Жалпы эле замандаштар сиздин китепти окуса, өз жакындарын радикалдашуудан коргош үчүн кандай кеңеш алышы мүмкүн?

- Китепте адамдык тагдырлар жөнүндө көп баяндар бар. Мисалы, бир үй-бүлөнүн эки-үч кызы ээрчишип эле кетип калган экен. Бүтүндөй үй-бүлөсү менен кеткендер бар. “Азаттыкта” жаздыӊыздар эле го, Тоӊ районунан бир чоӊ апа кыздары, күйөө балдары менен болуп беш-алты үй-бүлө кеткенин. Айрыкча ата-энелер ала турган чоӊ сабак бар. Жаштар эмне кылып, ким менен сүйлөшүп жатканын, интернетте эмнени карап отурат – бул да өтө чоӊ маселе экен. Анткени айрыкча жаштар интернет аркылуу көп азгырылат. Сирияда отурган бирөө бул жактагы кыздарга жазат, Түркияда иштейм деп. Же жок эле бир университеттин атын айтат, окуу бекер дейт.

Медиасабаттын жоктугу, эӊ жөнөкөй билимдин жетишсиздиги да. Болбосо ошол окуу жай чын эле барбы же жокпу деп текшериш керек го. Сокур эле ишенип жөнөп кете беришет. Барганда аэропорттон тосуп, паспортун тартып алып, Сирияга алып кетишет. Түркияда жумуш бар десе, кайсы ишкана, анын сайты барбы, контракт түзүлөбү деп териштирип, чын-төгүнүн аныкташ керек да. Негизги сабак – бул билимдин зарылдыгын түшүнүү. Балдарга, жаштарга туура жол көрсөтүү зарыл.

- Эки-үч жылдык эмгек, изилдөөнүн жыйынтыгында жазылган китебиңиз кыргыз, орус тилдерине которулуп калышы мүмкүнбү? Ошондой пландар барбы?

- Китепти кыргыз тилине которууну ойлонуп жатам. Бирок кырдаал өзгөрүп жатат. Сириядагы Аль-Хол менен Роджогу кырдаал кандай чечилүүдө? 60тан ашуун өлкө жарандарын алып кете баштагандан кийин мамлекеттик саясат кандай болууда? Реабилитация кандай жүрөт, кийинки тагдыры кандай болду? Ушул суроолор боюнча экинчи китепти кыргыз жана англис тилдеринде чыгарайын деген оюм бар. Себеби алгачкы тажрыйба болгондуктан бул китепти адегенде англис тилинде жазып, эки тилде даярдаганга убактым жетишпеди.

- Чоң ыракмат маегиңизге. Келечекте жаңы изилдөөлөр, китептер жазылсын. Биз кыргызстандык изилдөөчү, терроризм жана коопсуздук боюнча эксперт, Женевадагы Булан институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова менен анын англис тилинде жарыяланган “Чет элдик согушчандар жана эл аралык тынчтык” аттуу китеби тууралуу маектештик.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG