Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Сирияга азгырылып кеткен кыз- келиндин жарымы кайтып келди


Сириянын "Рож" качкындар лагеринен кайтарылган аялдар жана балдар. 16-февраль, 2023-жыл.
Сириянын "Рож" качкындар лагеринен кайтарылган аялдар жана балдар. 16-февраль, 2023-жыл.

Сириядан кыргызстандык 18 аял жана 41 бала атайын борт менен Кыргызстанга жеткирилди. Буга чейин Сирияда оор абалда калган жакындарын мекенине кайтарууну сурангандар бир нече жолу бийликке кайрылуу жасаган. Алып келинген аялдар "Ислам мамлекети" террордук тобуна күйөөлөрү менен кошо кеткен же азгырылып барып калгандар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150ү ошол жакта набыт болгон.

"Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын өткөн жылы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирген.

“Рож” лагерлеринен келишти

Сириянын чыр-чатак болуп жаткан аймагынан 18 аял жана 41 бала атайын борт менен Кыргызстанга 16-февралда "Айкөл" гуманитардык миссиянын алкагында алып келинди. Маалыматка караганда, аларды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү коштоп келген.

Сириянын "Рож" качкындар лагеринен кайтарылган балдар
Сириянын "Рож" качкындар лагеринен кайтарылган балдар

"Өмүрү жана ден соолугу үчүн өтө кооптуу абалда калган, мамлекет тарабынан коргоого укугу бар балдарды сактап калууга багытталган бул иш-чара мындай масштабдагы экинчи репатриация иш-чарасы болуп саналат", - деп айтылат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тараткан маалыматта.

Сириядан келгендерди президенттик администрациянын Кырдаалдык борборунун директору Жолдошбек Мамбеталиев, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев тосуп алган.

Алар Кыргызстандагы реабилитациялык борборлорунун бирине жайгаштырылганы кабарланды.

Сириянын "Рож" качкындар лагеринен кайтарылган аялдар жана балдарга уюштурулган тамак
Сириянын "Рож" качкындар лагеринен кайтарылган аялдар жана балдарга уюштурулган тамак

Сириядан кыргызстандыктарды алып келүүгө Кыргызстандын тийиштүү мекемелеринен сырткары БУУнун балдар кору (ЮНИСЕФ) жана эл аралык "Кызыл Чырым" комитети көмөк көрсөткөн.

Сирияга кеткен кыздарын күткөн ата-энелер комитетинин башчысы Хамида Якубованын айтымында, кайтып келгендер Сириянын түндүгүндөгү "Рож" лагеринен алып келинди.

Хамида Якубова
Хамида Якубова

“Аялдар балдары менен эски жана жаңы “Родж” лагерлеринен келди. Алардын абалы азыр жакшы экени айтылды. Биз алар учакка отуруп, Кыргызстанга келгенче абдан кыжалат болуп, бир жерге тура албай күтүп жаттык. 18 аял менен кошо келген 41 баланын баары ошол аялдардын гана балдары, арасында багып алган, энесинен ажыраган балдар жок. Азырынча аларды үйгө алып кетүүгө, көчөгө чыгарууга мүмкүн эмес”.

Хамиданын да жалгыз кызы Сириянын түндүк-чыгышындагы Аль-Хасака провинциясынын “Аль-Хол” лагеринде бир нече жылдан бери жашап жатат. Эми ал да 2014-жылдан бери көрүшпөгөн кызы менен небересине жакынкы айларда жолугам деген үмүттө.

“Өкмөт кыздарыбызды алып келет деп күтүп жүргөнбүз, бирок качан экени белгисиз эле. Алгачкылардан болуп 18 ата-эне жылдап көрбөгөн кыздарын көрдү. Эми менде да үмүт пайда болуп, мен да кызымды көрсөм деген ой келип атат. Кызым жана декабрь айында алты жашка толгон неберем экөө тең “Аль-Хол” лагеринде адам чыдагыс шартта жашаганга аргасыз. Алар жашаган чатырлар ээн талаада, -3 градус суук аларга -17дей сезилет экен. Өткөн күндөрү чатырларда турган суулар тоңуп калып жатканын кызым айтып атты. Аларга берилген суунун да сапаты адам ыйларлык деп айтышты. Кызым Кыргызстанга келсем дегенде эки көзү төрт. Күн алыс сүйлөшкөн сайын “жаш кыздар интернетке, адамдарга ишенбеши керек” деп калат, демек алар кандай туура эмес иш кылганын түшүнүп, билип турат”.

Бейрасмий маалыматтарда дагы 70ке чукул ата-эне кыздарын, неберелерин Сириядан күтүп отурат.

“Кайтып келген кыздардын ата-энелеринин кубанычында чек жок. Алардын көбү Кыргызстандын түштүк тарабынан болгондуктан бир саатка болсо да көрүшүүгө уруксат берсе биз келет элек деп айтышууда. Мен кыргыз өкмөтүнө ыраазычылыгымды билдирем, алар эбегейсиз зор эмгек кылып, үй-бүлөлөрдү бириктирди, куса болгон эне менен баланы байланыштырып, өз эли, өз жерине кайтарды. Азыр албетте кыздарыбыз менен психологдор, теологдор иштейт. Бирок эң жакшы жана эффективдүү реабилитация – жакын адамдары, үй-бүлөсү менен болгон сүйлөшүү деп эсептейм. Бир жолу ката кетирип, тирүүнүн тозогун көргөн кыздар экинчи мындай жолго барбайт. Аларды башкаларда обочолонтуп, көрсөтпөй, сүйлөштүрбөй карагандан пайда жок. Тескерисинче, кадимки коомго аралаштыруу үчүн бир айдан кийин эле эшикке чыгып, эл менен сүйлөшүп, ишке орношуп иштеп кетүүгө шарт түзүү керек”.

Кыргызстан Ирактагы качкындар лагеринен "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында 79 кыргызстандык баланы 2021-жылдын март айында алып келген. Алардын кичүүсү үч, улуусу 18 жашта эле. 37си Ирак, Сирия жана Түркия өлкөлөрүндө төрөлгөн. Ирактын талабы боюнча бул балдардын ата-энелери узак мөөнөткө же өмүр бою соттолушкан.

Ирактан Кыргызстанга кайтарылган балдар жакын туугандарына өткөрүлүп берилген. Ошондой эле алар бала бакча жана мектептерде билим, тарбия ала баштаган.

Эми мамлекеттин алдында кайтарылган кыргызстандыктарды коомго аралаштыруу боюнча чоң программаны ишке ашыруу турганын “Азия Group” терроризмдин жана экстремизмдин алдын алуу коомдук фондунун жетекчиси Юлия Денисенко айтты.

Адистин пикиринде, чыр-чатак чыккан аймактан келгендерди коомдун кабыл алуусу да бир топ кыйынчылыктар менен коштолот.

Юлия Денисенко
Юлия Денисенко

“Ирактан кайтарылган балдар жаш, аларды коомго аралаштыруу үчүн курсагын тойгузуп, мектепке берип, жакындарынын жанында жүргүзүү керек болчу. Ошондуктан алардын реинтеграциясы билинген деле жок. Бул жолкусунда акыл-эси калыптанып калган 18 аял келди. Аларда психологиялык, социалдык көйгөйлөр көп болот. Себеби ошол эле жакындары, коомдун кайсы бир бөлүгү аларды оңойлук менен кабыл албайт, жерийт “келбей эле койсо болмок”, “алып келбеш керек эле” деген пикирлерди айтат. Ошондуктан кайтарылгандардын талаптарына, жашоо өзгөчөлүгүнө жараша программа түзүлүшү шарт. Мен андай программалар түзүлгөнү тууралуу кабарым жок. Болгону психологдор, теологдор иштешет деп уктум”.

Акыркы үч жылдан бери дүйнөдөгү мамлекеттердин Сирияда калган жарандарына карата саясатын изилдеп келе жаткан Женевадагы “Булан” институнун жетекчиси Чолпон Орозобекова аларды кайтаруунун өзү чоң эмгек эмгек экенин белгиледи.

Чолпон Орозобекова
Чолпон Орозобекова

“БУУнун коопсуздук кеңешинин үч резолюциясын аткарууга Кыргызстан милдетүү экенин билип аны аткарып жатканы өтө кубанычтуу. Эми мамлекеттин жаранын мекенине кайтаргандан кийин чоң жоопкерчилиги турат. Мисалы, бизден мурун жарандарын кайтарган Казакстан, Косово үч-төрт жылдан бери чоң жумуш аткарып келет, финансылык, адамдык ресурстар кенен болушу зарыл экенин көрдүк. Демек, дароо сындап баштаганыбыз туура эмес. Кайткандарды экономикалык жактан көз карандысыздыкка алып келүү акыркы жана маанилүү этап. Кыргызстан 18 аял жана 41 баладан башка дагы эки-үч топ кыргызстандыкты алып келет, алдыда аткарыла турчу иштер көп. Демек, өкмөт, мамлекеттик органдар бул иштердин баарын өзү жалгыз алып бара албайт. Азыр бейөкмөт уюмдарды, жарандык коомду, тийиштүү адистерди чакырып, алардын жардамын алышы керек. Ушундай комплекстүү иш алып барбаса, мамлекеттин жалгыз колунан келбейт. Коомго да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. “Силер кемчилик кетирдиңер, күнөө өзүңөрдө” деген бул гумандуулук эмес, себеби мамлекеттин эл аралык коомчулуктун, мыйзамдын алдында жоопкерчилиги бар. Чөлдө жашап, катаал шартта турмуш көргөндөрдү сактап калууга мамлекет милдеттүү”.

Кыргызстан Ирактын чыр-чатак чыккан аймактарынан балдарды чыгарып кетүүдө, аларды реабилитациялоодо ийгилик жарата алганын Орозобекова кошумчалады. Анын пикиринде, бул жолку Сириядагы кыргызстандык кыз-келиндерди кайтаргандан кийинки программа да ийгиликтүү ишке ашат.

Айрым маалыматтарга караганда, Сириядагы "Аль-Хол" лагеринде эле 70 миңдей киши бар. Алардын 10 миңден ашууну чет өлкөлүктөр болсо, 7 миңдейи балдар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG