Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:29

"Нукустун четиндеги кароосуз калган жайга алып барышты". Каракалпактар кабылган кысым


Нукустагы акция. Архивдик сүрөт.
Нукустагы акция. Архивдик сүрөт.

Айыппулдар, 15 суткага камоолор, өлүм жана түрмө менен коркутуулар. Каракалпакстанда абактагы активист Даулетмурат Тажимуратовду колдогон студенттерди ушинтип коркутуп жатышат. Жаштарга басым 2023-жылы активисттин апелляциялык арызы сотто четке кагылганда күчөгөн.

МИЛИЦИЯНЫН КОРКУТУУСУ

Өзбекстандын Каракалпакстан автоном республикасынын тургундарынын бири “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматына кайрылып, Telegram-канал аркылуу Даулетмурат Тажимуратовдун сүрөтүн баатыр деп атап бөлүшкөндөн кийин милициянын көзөмөлүнө алынганын айтып берди.

Муну менен ал Өзбекстандын Жогорку Сотунун былтыр июнь айында Тажимуратовдун апелляциялык арызын канааттандыруудан баш тарткан чечимине макул эместигин билдиргиси келгенин кошумчалады.

"Мени терезеси жок бир караңгы бөлмөгө алып киришти. Ошол жактан төрт киши мени коркутуп-үркүтүп жатты. Экөө милициянын формасын кийген адамдар экен.

"Сени өлтүрүп салсак да эч ким билбей калат деп айтышты", – деди ал.

Каракалпакстандын бул тургунунун айтып бергенине караганда, аны алып барышкан жер укук тартибин коргоо мекемесинин имаратына окшобогон жай болчу – Нукус шаарынын чет жакасындагы «каралбай калган, терезелери талкаланган эски имарат».

Ага кармалганы тууралуу жакындарына кабар берүүгө, адвокатка кайрылып, жардам суроого, жада калса коюлуп жаткан айыптарга каршы оозанууга тыюу салышкан.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы каракалпакстандык жарандын жогорудагы кайрылуусунда айтылгандар боюнча расмий комментарий алуу үчүн Өзбекстандын Жогорку Сотуна жана Ички иштер министрлигине кайрылды. Азырынча жооп бериле элек.

Стив Свердлов Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун Ташкенттеги, Алматыдагы жана Бишкектеги кеңселерин жетектеп иштеп келген адис. Ал мунун баары Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдон калган “мурас” деп эсептейт.

«Өзбекстанда 2016-жылы бийлик алмашканы менен бул өлкөдө адам укуктарын коргоо жаатында эч кандай реформа жасалган жок. Мирзиёев бийликке жаңы келгенде анын администрациясы президент бардык сынды ачык, туура кабыл аларын жарыялаганы менен кийин журналисттерге жана блогерлерге кысым башталган», – дейт эксперт.

КУУГУНТУККА АЙЛАНГАН РЕФОРМАЛАР

Өзбекстандын азыркы башчысы Шавкат Мирзиёев бийликке өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин келген. Ага чейин Мирзиёев 13 жыл бою өлкөнүн премьер-министри болуп иштеген. Бийликке келген алгачкы айларда ал адам укуктары боюнча абалды, башка өлкөлөр менен экономикалык алака-катышты жакшыртууну жана сөз эркиндигин камсыздоону убада кылган.

Шавкат Мирзиёев. 2016-жыл.
Шавкат Мирзиёев. 2016-жыл.

Стив Свердлов Human Rights Watch уюмунун Ташкенттеги бюросун 2011-жылы башкарган. Анын айтымында, бюро ачылгандан кийин үч ай өткөн соң Өзбекстандын Жогорку Соту Ички иштер министрлигинин аны жабуу тууралуу өтүнүчүн колдогон. Укук коргоочу бул окуядан кийин Өзбекстанга кирүү укугун 2017-жылы өлкөдө бийлик алмашканда гана алганын эскерүүдө:

«Ошондо 60ка жакын саясий туткун боштондукка чыгарылган. Алардын көбү саясатты [Каримовдун] сындап жүргөн кишилер эле. Менин ишимдеги жетишкендиктердин туу чокусу болгон ошондо. Анын [Мирзиёевдин] жана Каримовдун саясаты ортосунда чоң айырма болгон... Бирок 2019-жылдан тартып реформа процесси жайлай баштады, президентти сындаган кишилердин жазасын катуулаткан мыйзамдар кабыл алынды. Жарандык коомдун үнүн угууга да шашылбай, калышты, өкмөттүк эмес уюмдарды каттоону токтотуп коюшту».

Британиянын The Economist басылмасы 2019-жылы Өзбекстанды эң көп жетишкендикке ээ боло алган өлкө деп атаган. Бирок кийин Мирзиёев Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүп, өзүнүн бийликтеги мөөнөтүн 2037-жылга чейин узартып алды.

2023-жылдын июль айында The Foreign Policy Каракалпакстандагы окуялардан кийин өлкөдө Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) эркиндиги өтө катуу көзөмөл астында калганын жазган. Ошол эле жылдын жазында өзбекстандык журналисттер тобу Мирзиёевге кат жазып, сөз эркиндигинин жана ЖМКнын коргоочусу болууга чакырышкан. Бирок, ошого карабастан, соңку бир нече жылда Өзбекстанда ондогон блогер жана журналист эркинен ажыратылды.

Өзбек бийлиги адам укуктарына арналган түрдүү жолугушууларда жана иш-чараларда өлкөдө бул багытта реформа жүргүзүлүп жатканын айтып келет. Мисалы, 2023-жылдын 8-ноябрында Human Rights Council уюмунун Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесинде өткөн жыйынында Өзбекстандын делегациясы өлкөдө адам укуктары боюнча абал кыйла жакшырганын, эркиндик боюнча арыз-даттануулардын баары негизсиз экенин билдирген.

Бул жолугушууда Өзбекстандагы адам укуктары боюнча маселени Германиянын, Канаданын, Чехиянын, Норвегиянын жана Эстониянын өкүлдөрү көтөрүп чыгышкан.

«Норвегия Өзбекстанда жарандык коом жана фундаменталдык эркиндиктер чектөөгө кабылып жатканына тынчсыздануусун билдирет. Биз Каракалпакстандагы 2022-жылдагы окуя учурунда укук тартибин коргоо органдарынын кызматынан кыянат пайдаланган кызматкерлеринин айрымдары гана сот жообуна тартылганын белгилеп өттүк. Муну менен катар системалык кемчиликтерди да кылдат иликтеп чыгуу зарыл», – деди Норвегиянын БУУдагы (Женева) туруктуу өкүлү Жанник Граатруд.

Укук коргоочу Стив Свердлов өзү Каракалпакстанга Арал деңизиндеги жана ошол жерде жашаган элдин абалын көрүү үчүн 2017-жылы барып кеткенин, кийин Нукуста кан төгүлгөндө да барууга аракет кылганын, бирок өзбек бийлиги анын өлкөгө кирүүсүнө уруксат бербей койгонун айтууда.

2023-жылдын 23-майында казакстандык укук коргоочу Галым Агелеуовду да Бишкек – Ташкент аба каттамы менен Өзбекстанга баруусуна мүмкүнчүлүк берилбей койгон. Ал Даулетмурат Тажимуратовдун борбор калаа Ташкентте каралып жаткан иши боюнча апелляциялык сотко катышуу үчүн Бишкектен Ташкентке бармай болгон.

ЖАШТАР АРАСЫНДАГЫ САЯСИЙ ҮГҮТ

Каракалпакстандык активисттердин бири «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна Нукуста Бердах атындагы Каракалпак мамлекеттик университетинде студенттер үчүн уюштурулган жолугушууда жаздырылып алынган деген аудиону жөнөткөн. Ал аудио тасмадан окуу жайдын жетекчилиги студент жаштарды камакка алынган каракалпак активисти Даулетмурат Тажимуратовдун айткандарын укпоого, аны ээрчибөөгө чакырган.

Каракалпакстан. 2022-жыл.
Каракалпакстан. 2022-жыл.

Жолугушуунун уюштуруучулары Тажимуратовду «чагымчы жана ууру» деп атап, студенттерге ал тууралуу тартылган атайын тасма көрсөтүштү.

Аудиодо өзүн юридика факультетинин окутуучусу Райхан Саекеева деп тааныштырып жаткан аял университеттин өзүнүн жеке саясий көз карашын ачык билдирип чыккан студенттери жазасын алганын, алардын айрымдарын окуу жайдан чыгарып салышканын айтып жатканын угууга болот.

«Филология факультетинин үчүнчү курсунун студент кызын окуудан чыгарып, 10 суткага камакка алышты. Ал Telegram-канал аркылуу: «Ушундай эле духта уланта беребизби, качан баштайбыз?» деген суроо узаткан. Биздин студенттерибиздин дагы бири, физика факультетинде окуган бала ошол сыяктуу комментарий жазган. Ошондой каналдарга юридика факультетинин биринчи курсунда окуган студент да катталып алган экен. [Ошондой студенттер] химия-технология факультетинде да бар. Азыркы кезде мындай Telegram-каналдарга кошулган студенттер көбөйүп жатат», – деди окутуучу.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы университеттин администрациясына телефон чалып, комментарий алууга аракет кылды, бирок байланышка эч ким чыккан жок. Почта аркылуу жөнөтүлгөн суроолорго да азырынча жооп боло элек.

Укук коргоочу Стив Свердлов университеттеги жолугушуу деп аталып жаткан аудиодогу сөздөрдү каракалпак активистин жаманатты кылуу үчүн атайын жасалып жаткан саясий үгүт риторикасы деп атоодо. Тажимуратовдун соттуулугу тууралуу маалымат ачык булактарда жок. Аудиодогу аял активист тууралуу «бир киши» айтып бергенин, студенттерге көрсөтүлгөн видео ошол кишинин айткандарына негизделип тартылганын айтууда.

UNICEF уюмунун маалыматына караганда, Өзбекстандын калкынын 60 процентин 30 жашка чейинки курактагы жаштар түзөт. Бул кошуна башка өлкөлөргө салыштырганда көп. Казакстанда, мисалы, бул көрсөткүч 54 процентти түзөт.

Жаштардын саясий көз карашы бийликтин риторикасына дайыма эле төп келе бербегендиктен, андай улан-кыздар көбөйө баштагандыктан, Өзбекстандын бийлиги аларга байланыштуу иш-аракетин күчөттү. Мирзиёевдин администрациясы «Жаңы Өзбекстан» программасынын алкагында жалаң студенттер менен иш алып барган тьюторлор, башкача айтканда, устаттар ассоциациясын түздү. Демилгенин максаты – өлкөдөгү ар бир студентти тарбиялоо жана билим берүү боюнча «кеңешин берүүчү» жарандардын коомчулугун түзүү. Адатта мындай устаттар ошол эле окуу жайлардын окутуучулары болушат.

КАРАКАЛПАКСТАНДАГЫ ОКУЯ ЭМНЕДЕН БАШТАЛГАН?

2022-жылдын июль айынын башында Каракалпакстандын тургундары борбор калаа Нукустун башкы аянтына чыгып, жапырт нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Алар Каракалпакстанды Өзбекстандын курамындагы эгемен республика деген макамдан ажыратуу планына каршы чыгышкан. Бийлик ал акцияларды күч менен баскан.

Расмий Ташкент Нукустагы окуялар учурунда 21 кишинин өмүрү кыйылганын билдирди. Алардын төртөө күч органдарынын кызматкерлери болгон. Австрияда катталган Freedom for Eurasia укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, Нукуста эл менен бийликтин ортосундагы тиреште кеминде 70 адам каза тапкан.

2022-жылдын 7-ноябрында Human Rights Watch эл аралык уюму Өзбекстандын бийлиги Нукустагы нааразылык акциялары учурунда ок атуучу курал колдонгонун билдирген жана ачык териштирүү жүргүзүүгө чакырган.

Бул уюм 2022-жылдын 1-июлунан 1-августуна чейинки аралыкта окуянын күбөлөрү социалдык түйүндөргө жайгаштырган 55 видео боюнча верификация жүргүзүп, алардын арасынан ок атуучу куралдан каза болгон же жараат алган адамдар тартылган 31 видеонун аныктыгын тактай алган.

Өзбекстандын бийлиги окуянын себептерин жана кесепетин иликтеп чыгуу үчүн парламентте атайын комиссия түзгөн. Бирок ал кандай тыянакка келгени кеңири коомчулук үчүн алигүнчө белгисиз.

Нукустагы окуялардан кийин Каракалпакстанда ачык нааразы маанай басаңдаган. Активдүү жаштар Telegram социалдык түйүнүнө өтө баштаган.

НУКУСТАГЫ ОКУЯДАН КИЙИН

Көтөрүлүштү күч менен басышкандан кийин Каракалпакстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев атайын сапар менен барып, жергиликтүү элди тынчытууга аракет кылган. Ал республиканын суверендик макамын өзгөртүүнү каракалпактар өзүлөрү сунуш кылышканын айтып актанган.

«Менин бир аз каршы пикирим бар. Силер мунун баарынын башында өзүңөр тургансыңар, өзүңөр демилгелеп, документке кол коюп, бекиткенсиңер», – деген ал Каракалпакстандын Жогорку Кеңешине барып сүйлөгөн сөзүндө.

Казакстандагы каракалпактар диаспорасынын өкүлү Акылбек Муратовдун айтымында, жергиликтүү бийликтин мындай демилеси тууралуу эл Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жарыяланганда гана билген.

Кийин Нукустагы окуяларга байланыштуу Каракалпакстандын 61 жараны соттолгон. Сот алардын көбүн «Өзбекстандагы конституциялык түзүлүштү кулатуу жана бийликти басып алуу максатында кутум уюштурууга айыптуу» деп тапкан.

Даулетмурат Тажимуратов.
Даулетмурат Тажимуратов.

Айыпталуучулар арасынан эң катаал жаза «Ел қызметінде» гезитинин адвокаты Даулетмурат Тажимуратовго берилген. Аны 16 жылга кесип, мындан тышкары 228,8 миллион сум (20 мин доллардан жогору) өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтурушу керек деген өкүм чыгарышкан.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму соттук териштирүү калыс эмес жана бир тараптуу жүргөнүн, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жоопкерчилигин карап чыгыш керектигин белгилеген. Ошол эле жылдын август айында Өзбекстандын Жогорку Соту Нукустагы окуяны иликтеген милиция кызматкери 3 жылдан 7 жылга чейинки абак мөөнөтүнө кесилгенин маалымдаган. Өкүмдө алар адамдарды милициянын убактылуу кармоочу жайларында кыйноого алышканы, мыйзамсыз тергөө амалдарын жүргүзүшкөнү далилденгени айтылган.

Диаспоранын өкүлү Акылбек Муратовдун айтымында, соттун чечиминен кийин каракалпакстандык жаштар арасында нааразылык ого бетер күчөгөн, бирок алар атайын кызматтын басымынан улам өзүнүн саясий көз карашын ачык айта алышпайт.

«Каракалпактардын улуттук аң-сезими жогорулады [Нукустагы окуялардан кийин]. Бирок азырынча [адамдар] ичинде гана кармап турушат, анткени аларга басым болууда. Бирок, убактысы келгенде, баарын айтып чыгышат», – дейт ал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG