Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Мирзиёев үчүнчү жолу президент болуп шайланды


Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен добуш берүүгө келген учур. Ташкент, 9-июль, 2023-жыл.
Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен добуш берүүгө келген учур. Ташкент, 9-июль, 2023-жыл.

Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда өткөн добуш берүүдө үчүнчү жолу президент болуп шайланды. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 10-июлда билдиргендей, алдын ала жыйынтыктарга караганда Мирзиёев добуштардын 87,1% менен алдыга чыкты.

Добуш берүүгө шайлоого укуктуу жарандардын 70% (13,46 миллион киши) катышканы белгилүү болду.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын президенттик шайлоосунда алдыга чыккан Шавкат Мирзиёевди куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров куттуктоосунда Мирзиёев кыргыз-өзбек мамилесинин чыңдалышына салым кошконун белгилеген.

"Кыргыз-өзбек мамилелеринде эки тараптуу кызматташтыктын дээрлик бардык багыттарында жакшы өзгөрүүлөр орун алып, маанилүү биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү макулдашуулар жетишилди", - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Өзбекстан: президентке чексиз бийлик бере турган шайлоо

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 9-июлдагы президенттик шайлоодо үч талапкерди жеңүүгө камданып жатканда, жарышка катышууга иш жүзүндө укугу жок дагы бир саясий фигуранын окуясы өлкө режими реформага умтулганы чектелүү экенин көрсөтүп турат.

Өзбекстанда 9-июлдагы президенттик шайлоодо ким жеңүүчү болорунан эч ким күмөн санабайт. Акыркы он жылдын ичинде президент Шавкат Мирзиёев Борбор Азиядагы калкы жыш өлкөдө өзгөчөлөнүп, алгач реформа жүргүзөрүнө үмүт арттырган эле. Бирок көптөгөн талдоочулар айткандай, кийин адаттагыдай эле өкүмчүл нукка түшүп кетти.

Хидирназар Аллакулов – режимдин каршылашына айланган университеттин мурунку ректору, шайлоого катышууга анын мүмкүнчүлүгү эч качан болгон эмес. Анын айтымында, саясий партия түзүү аракетине бийлик бир нече жолу, кээде катуу бөгөт койгон.

Мирзиёев акыркы конституциялык реформанын натыйжасында беш жылдан жети жылга чейин узартылган президенттик жаңы мөөнөткө киришип жатканда, Аллакулов жана анын жактоочуларынын мамлекет менен тирешүүсү, балким, Өзбекстандагы саясий жаӊылануу мүмкүнчүлүгү канчалык чектелгендигин эң таасын көрсөтүп турат.

Хидирназар Аллакулов – бийликтин каршылашына айланган университеттин мурунку ректору
Хидирназар Аллакулов – бийликтин каршылашына айланган университеттин мурунку ректору

“Эгемендиктин 32 жылында биздеги саясий майданда эч кандай атаандаштык болгон эмес”, – деди 67 жаштагы Аллакулов добуш берүүдөн бир нече күн калганда Юстиция министрлиги анын партиясын каттоо жөнүндөгү арызын четке каккандан көп өтпөй “Азаттыктын” кабарчысына телефон аркылуу берген маегинде.

“Алар муну каалашпайт. Алар акыйкаттыкты каалашпайт. Алар мыйзамдын үстөмдүгүн каалашпайт”, – деп кейиди Аллакулов.

“ЭӉ ЫПЛАС ЫКМАЛАР”

Мирзиёевдин үч атаандашы 10-майда шайлоо өнөктүгү башталгандан бери мындай мындай сөздөрү айткан жок, айтпайт дагы.
Бул үчөөнүн бири – мурдагы билим берүү министри, экинчиси – токой чарбасынын мурдагы жогорку кызматкери, үчүнчүсү – жакында сенаттагы мандат мөөнөтү бүткөн судья.

2-июлда мамлекеттик телеканалдан талапкерлер “дебатынын” экинчи туру көрсөтүлдү, ага Мирзиёев да, анын атаандаштары да катышкан жок. Алардын ордуна жиберилген өкүлдөрдүн ортосундагы талкуу жайбаракат жана солгун болгону таң калыштуу эмес.

Мирзиёевдин шайлоодогу үч расмий атаандашы сыяктуу эле, Аллакулов – мурдагы мамлекеттик кызматкер, бирок анын өкмөткө барышына караганда абакка камалуу ыктымалдыгы чоӊураак.
Өткөн айда Ферганада өзүнүн “Чындык, прогресс жана биримдик” партиясын каттоого кол топтогондо, ага жана жактоочуларына бейтааныш кишилер кол салышкан.

Каршылашуу полиция бөлүмүндө да улантылды. Аллакуловдун айтымында, жарандык кийимчен бир топ адам ага жана уулу менен небересине кол салган.
“Алар бизди мрамор полуна жыгытышты. Буттарыбызды кайрылып, талуу жерлерибизге урушту, тумчуктуруп, жыныс мүчөлөрүбүзгө да тийишти”, – деди Аллакулов.

Аллакулов “Азаттыктын” кабарчысына денесинин көгаласы жана уулунун курсагынын кантип тигилгени көрүнүп турат деп бир нече сүрөт жиберди. Ыктымал кол салуудан жаракат алганына карабастан, азыр полиция кызматкерлеринин ден соолугуна залал келтирди деген айып тагылып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Буга Фергана облусунун полициясынын пресс-релизи далил болот.

“Алар биздин партиянын ишине тоскоолдук кылуу үчүн эң ыплас ыкмаларды колдонуп жатышат, – деди Аллакулов өзү эч кандай кылмыш жасабаганын айтып. – Бул жолу алар ачык эле зомбулук кылышты. Май айында Анжиянда бир топ аялдар бизге кол салышты. Алар көчө шыпыруучудай кийинишкен полиция кызматкерлери эле”.

Аллакулов үчүн 7-июндагы Ферганадагы окуя – 2021-жылдын февралынан берки эң катуу коркутуу аракети. Ошол кезде ал өзүнүн катталбаган партиясынын курултайын өткөрүүгө аракет кылган да, анан ошол жылдын аягына белгиленген президенттик шайлоого катышууну көздөгөндүгүн билдирген. (Казакстандагыдай эле, Өзбекстанда талапкер катталган партия же бирикме тарабынан көрсөтүлүшү керек. – Ред.)

2021-жыл, 24-октябрда өткөн президенттик шайлоо убагындагы Ташкент
2021-жыл, 24-октябрда өткөн президенттик шайлоо убагындагы Ташкент

Ошондо анын Ташкенттеги үйүн коопсуздук күчтөрүнүн отряды курчап, Аллакуловду беш сааттай аралыктагы Анжиян шаарына алып кетишкен. Полиция кызматкерлеринин айтымында, ал шаардагы бир адам ага каршы доо арыз берген имиш.

Аллакулов ошол рейд учурунда бала-чакама полиция кызматкерлери зордук-зомбулук көрсөткөн дейт.

“Менин үйүмө өтө жакын жерде 15тей видеокамера орнотулган эле, – деди Аллакулов. – Алар мени туш тарабымдан тартып турушту. Башка активисттер да ушундай абалда болушту”.

“ЭҢ БАШКЫ КООПТОНУУ”

Саясий плюрализмдин жоктугу – Ислам Каримовдун катаал башкаруусунда калган бир катар көйгөйлөрдүн бири. Мирзиёев 2016-жылы Каримов өлгөнгө чейин 13 жыл премьер-министр болуп иштеген.

Шавкат Мирзиёев президент Ислам Каримовдун тажиясында
Шавкат Мирзиёев президент Ислам Каримовдун тажиясында

Анын көзү өткөндөн кийин, 2019-жылы бир гана жаңы саясий партия – Өзбекстандын Экология партиясы (ӨЭП) катталган. Алдыдагы шайлоодо мурдагы токойчу Абдышүкүр Хамзаевди талапкер катары көрсөткөн ӨЭПти деле көз карандысыз күч деп айтууга болбойт.

Аллакуловдун айтымында, партияны каттоого колдоо көрсөткөн адамдарды бийлик тынымсыз кысымга алып келет.

2021-жылы, партияны каттоого биринчи жолу уруксат берилбеген кезде, Юстиция министрлиги талап кылынган 20000 кол тамганын жарымын гана жарактуу деп тапкан. Укук коргоочулар эчактан бери эле бул босого чекти туура эмес дешет. Акыркы ирет өткөрбөй койгондо министрлик партия топтогон кол тамгалардын 1439ун гана ырастады.

Мирзиёев “Жаңы Өзбекстан” идеясын өзүнүн саясий өнөктүгүндө жана буга чейинки президенттик мезгилин “нөлгө түшүрүп”, дагы эки жолу удаалаш мөөнөткө талапкерлигин коюуга жол ачкан конституциялык референдумдун алдында ураан кылып алган эле.

Ал пахта талааларында мажбурлап иштетүүнү дээрлик жок кылып, өлкөнү туризм жана инвестиция үчүн ачып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин анча чектебей калгандыгы үчүн макталып келди.
Бирок Мирзиёевдин биринчи президенттик мөөнөтүндө деле оӊунан чыкпай калган иштери болду. Ал эми өткөн жылдын июль айында Каракалпакстан Автономиялуу Республикасындагы толкундоолорду кан төгүү менен басканы бул ураандарын төгүнгө чыгарып койду.


Өткөн жумада Каримовдон кийинки “жазгы жылымык” мезгилде таанымал болуп калган жеке менчик басылмалардын бири “Газета.uz” ошол окуялардын жылдыгына арнап жарыяланган макаланы эч кандай түшүндүрмөсүз эле алып салды.

Макалада кан төгүү “жол бербей койсо болгудай трагедия” деп аталып, мамлекеттик комиссия кризис жөнүндө убада кылынган отчетун алиге чейин жарыялай электиги белгиленген эле. Анда расмий түрдө курман болгондордун саны 21 киши деген маалыматка да шек келтирилген эле. Айрым маалыматтарга караганда, жабыр тарткандар алда канча көп болгон.

Каракалпакстандын борбору Нукус шаарындагы автономия макамын өзгөртүүгө каршы нааразычылык акциялары. 2022-жыл, 3-июль
Каракалпакстандын борбору Нукус шаарындагы автономия макамын өзгөртүүгө каршы нааразычылык акциялары. 2022-жыл, 3-июль

Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги фондунун май айындагы жарыя маалыматында саясат таануучу Рафаэль Сатторов башаламандыктардан кийин республиканын конституциялык макамын төмөндөтүү боюнча сунуштардан улам келип чыккан зомбулукту “[Мирзиёев] башкарган өкмөттүн бүгүнкү күндөгү эң оор саясий кризиси” деп атады (элдик толкундоолордон кийин бул өзгөртүүлөр болбой калган).

Мирзиёев азыр “реформатордук табышмакка” туш келип, коомду өзү болот деп үмүттөндүрүп койгон жаӊылануулар “бийликтин иримдигигин бекемдөөгө тоскоолдук кылып жатканын” сезүүдө деп эсептейт талдоочу.
Аллакулов Каримден кийинки мезгилдин башында өлкөнүн калкы “үмүт артып, ишенген” эле, бирок азыр “мыйзамсыз диктатуранын” тушунда элдин “көӊүлү катуу иренжиди” дейт.

Ал өлкө башчысына ишенбей калууга толук негиз бар деп эсептейт.
Кезинде премьер-министр кызматын аркалаган Мирзиёев 2004-жылы Аллакуловду Ооганстандын чек арасына жакын жайгашкан Термез шаарындагы мамлекеттик университеттин ректору кызматынан бошотуу жөнүндө буйрукка кол койгон эле.

Андан кийин мурдагы ректорго каршы каралоо өнөктүгү жүргүзүлүп, кылмыш иши козголду (ырас, андан толугу менен акталып чыкты). Ошондон кийин ал өзүнүн кызматтан мыйзамсыз бошотулганы жөнүндөгү доо арызын Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине чейин жеткире алды.
2017-жылы, Мирзиёев бийликке келгенден бир жыл өткөндөн кийин, комитет Аллакуловдун пайдасына чечим чыгарды, бирок ал баары бир өз ордуна тургузулбай кала берди.

“Ректордук – биздин системабыздагы эң кирешелүү орундардын бири, анткени бул кеңсе аркылуу көптөгөн коррупциялык схемалар өтөт. Мен ректор кезимде алардын бардыгына бөгөт койгон элем”, – дейт Аллакулов.

“Мен бул окуялардан кандай сабак алдым? Адилетсиздикке каршы жалгыздап күрөшүү мүмкүн эместигин билдим, – деди ал эмне үчүн партия түзүүнү чечкенине токтолуп. – Бул өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн орноткон шартта жашоону каалаган адамдар көп, айрыкча жаштар ошондой”.

Норвегиянын Хельсинки комитетинин Орто Азиядагы аймактык өкүлү Мариус Фоссум 9-июлдагы шайлоодо ким жеӊип чыгары анык болуп турган чакта Аллакуловдун саясий жолу кооптуу бойдон кала бериши мүмкүн деп божомолдойт.

“Саясий мүдөөлөрүн айтканда, [Аллакулов] президентти ачык эле сынга алды. Эми кандай жооп болорун көрөбүз, – деди Фоссум “Азаттыктын” кабарчысына. – Демек: [президентке жана анын үй-бүлөсүнө сөз тийгизбеш керек. Бул азыр деле Өзбекстандагы эң башкы кооптуу чек бойдон калууда”, – деди ал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG