Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:17

Өзбекстандагы референдум: Мирзиёевдин мөөнөтү башынан саналат


Өзбекстанда жекшембиде өткөн референдум. 30-апрель, 2023-жыл.
Өзбекстанда жекшембиде өткөн референдум. 30-апрель, 2023-жыл.

Өзбекстанда жекшембиде өткөн референдумда Конституцияны өзгөртүү сунушун добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 90,21% колдоп, 9,35% каршы болду. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Зайниддин Низомхожаев билдирди.

Анын айтымында, референдумда 16 673 189 киши же жалпы катталган шайлоочулардын 84,54% добуш берди. Бюллетендердин 0,49% жараксыз деп табылды. БШК төрагасы референдум толугу менен эл аралык стандарттарга жана Өзбекстандын мыйзамдарына шайкеш өткөнүн билдирди.

Референдумга ылайык, президенттик мөөнөт эми беш жылдан жети жылга узартылат. Муну менен президент Шавкат Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте отурууга жол ачылды. Ал Өзбекстанга ондогон жыл темирдей башкаруу орноткон Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин, 2016-жылы бийликке келген.

Каримовдун тушунда өзбек өкмөтүн башкарган Мирзиёев өлкөдөгү репрессивдүү бюрократиялык бийликти модернизациялоого багытталган бир катар реформаларды өткөрүп, экс-президенттин тарапкерлерин бийликтин бийик бутактарынан алып, алардын ордуна жаңы муундун өкүлдөрүн - технократтарды дайындаган.

Жекшембиде өткөн референдумдун жыйынтыгы менен эми 65 жаштагы Мирзиёевдин буга чейинки президенттик мөөнөтү жокко чыгарылып, дагы эки жолу шайлана алат жана ыйгарым укуктары кеңейет.

Лондондогу Central Asia Due Diligence борборунун директору Алишер Илхамов "Азаттыктын" казак кызматына берген маегинде, өзбек лидеринин 2040-жылга чейин бийликте калуу ыктымалдыгын коңшу Казакстандагы саясий кырдаал менен салыштырган.

Алишер Илхамов.
Алишер Илхамов.

"Бул саясий кризиске байланыштуу. Назарбаев кызматтан кеткенден кийин да Казакстандагы бийлигин сактап калганын билебиз. Бирок 2022-жылдын январь айынын башында массалык нааразылык акциялары мурдагы президентти бардык ыйгарым укуктарынан ажыратты. Жыл өткөн сайын Өзбекстан элинин нааразычылыгы да күч алууда. Азыр деле өлкөдөгү коррупция көпчүлүккө жакпайт. Бир күнү элдин каары төгүлгөндө бийлик алмашат. Бул жалпы элдик революция, бийликке ылайыктуу талапкерди алып келүү үчүн ички же тышкы күчтөр колдонгон каршылык болушу мүмкүн. Өзбекстандагы жабык жана коррупциялык системанын айынан экономикалык кызыкчылыктар биригип, башка топтор менен бийлик талашып, бийликке каршы аракеттенүүдө. Бирок бул чындап эле болобу, эгер ошондой болсо, качан? Биз аны билбейбиз", - дейт өзбекстандык серепчи.

Ал эми "Борбор Азиядагы адам укуктары" уюмунун жетекчиси Надежда Атаева Твиттердеги баракчасына "Мирзиёев азыркы өзбек мафиясынын жана Кремлдин кызыкчылыгын гана коргой алган "кызыл диктатуранын" продуктусу" деп сынга алды.

26-апрелде "Азаттыктын" өзбек редакциясы Мирзиёев орус президенти Владимир Путинге "референдумдун Орусиянын аймагында өтүүсүнө колдоо көргөзгөнү үчүн ыраазычылыгын айтканын" жазып чыккан.

Маалыматта лидерлер добуш берүү маселесин талкуулады деген жери жок, аягында гана Мирзиёев Путинге бул маселеде көргөзгөн көмөгү үчүн ыраазылык билдиргени белгиленет. Орусияда бир нече миллион мигрант иштеп жүрөт.

2016-жылы бийлике келген Мирзиёев 2021-жылдын ноябрында ошол учурдагы Конституцияга ылайык, экинчи мөөнөткө шайланган. Анын азыркы мөөнөтү 2026-жылы аякташы керек эле.

Каракалпакстанга тиешелүү беренелер ошол бойдон калды

Өзбекстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүү былтыр эле пландалган. Анда Каракалпакстан автоном республикасын өз алдынча болуу укугунан ажыратуу демилгеленген. Июль айында нааразылык акциялары башталып, кан төгүлгөн. Коңшу өлкөнүн күч органдары аны күч менен басып, кеминде 21 кишинин өмүрү кыйылган. Ондогон киши камакка алынган эле.

Жаңы редакцияда Каракалпакстан автоном аймагына тиешелүү беренелер ошол бойдон калмакчы.

"Мирзиёев бул окуядан сабак алдыбы же жокпу, билбейм. Анткени маселенин негизги пункту Каракалпакстандын макамын өзгөртүү эмес, президенттин мөөнөтүн узартуу болчу. Бийлик өлкөдөгү жана Каракалпакстандагы ызы-чууну басаңдатуу максатында референдумду жылдырды. Кийинчерээк ал негизги маселеге кайрылып, Конституцияны алдыга жылдыруу үчүн адам укуктары боюнча жоболорду кошту. Ар нерсенин саясий өң-түсүн түшүнгөн адамды конституциялык өзгөртүүлөр менен алдоо кыйын", - дейт өзбекстандык саясат таануучу Алишер Илхамов.

Референдумдун алдында Казакстандын Маңгыстоо облусунда Өзбекстандын талабы менен каракалпакстандык эки активист кармалганын "Шырак" маалымат борборуна таянып “Азаттыктын” казак кызматы жазды.

Маалыматта айтылгандай, казакстандык күч кызматкелери аларды 28-апрелде басмаканалардын биринде "Каракалпактар Өзбекстандын референдуму Каракалпакстан республикасынын аймагында өтүшүнө каршы" деген баннер жасатууга буюртма бергени жатканда колго түшүрүшкөн.

28 жаштагы Бегдияр Халыкоразов жана 26 жаштагы Алпамыс Аллаяров экөө тең Казакстанда туруктуу жашаган жана иштеген адамдар.

Ал эми Каракалпакстандын өзүндө укук коргоочу Манас Казахбаев кармалганы, аны борбор калаа Нукустан өзбек полициясы кармап кеткени кабарланды.

Алматыдагы каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбек Муратбай Казакстан чек ара пункттары жабылганын, референдумдун алдында Каракалпакстанда кырдаал курч экенин, бул күндөрү интернетте комментарий жазгандар камакка алынып жатканын Твиттерге жазды.

"Конституция иштеши керек"

Конституциянын жаңы редакциясында "Өзбекстан социалдык, укуктук жана светтик өлкө" деп жазылган. Мурунку Конституцияда мындай түшүнүктөр болгон эмес. Мындан тышкары, сенаттагы депутаттардын саны 100дөн 65ке чейин кыскартылат. Жаңы Конституцияга ылайык, мамлекет калкты минималдуу эмгек акы, турак-жай, медициналык тейлөө жана интернет менен камсыз кылууга тийиш.

Өзбекстанда акыркы жылдары видеоблог өнүккөн. Айрыкча YouTube жана Телеграмда өкмөттү сындаган блогерлер көбөйдү. Президент Шавкат Мирзиёев блогерлерге колдоо көрсөтөрүн убада кылганы менен соңку айларда аткаминерлерди сындаган ондогон журналист жана блогерлер камакка алынган.

Дима Каюм.
Дима Каюм.

Өзбекстандык блогер Дима Каюм Баш мыйзамдын жаңы редакциясы эми элдин керегине жарарына ишенерин айтат.

"Мамлекет интернетке жардамчы болот деген жаңы өзгөртүү киргизгени мени кубандырды. Соцтармакка көп жазамын, ириде Конституция иштеши керек. Эл үчүн иштеши, элдин кызыкчылыгын көздөшү керек. Бир четте жаткан кагаз болбошу керек. Ар бир пункту адамдар үчүн иштесе, бул жакшылыкка жетелейт", - деди Дима Каюм.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун билдирүүсүндө коңшу Өзбекстанда "жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлерди сындоо дагы деле мүмкүн эмес" деп айтылат.

Уюмдун “Дүйнөдөгү медиа эркиндиги” индексинде Өзбекстан 180 өлкөнүн ичинен 133-орунда аталган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG