Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Нукус окуялары: бийлик жашырган курмандыктар


2022-жылдын июль айында Өзбекстандын Каракалпакстан автономиялуу республикасында болгон каршылык акциясы.
2022-жылдын июль айында Өзбекстандын Каракалпакстан автономиялуу республикасында болгон каршылык акциясы.

Евразия үчүн эркиндик” (Freedom for Eurasia) укук коргоо уюму Өзбекстандын Каракалпакстан автоном республикасында былтыркы ири митингдер учурунда расмий айтылгандан алда канча көп киши өлгөнүн билдирди.

Уюм башаламандык маалында каза тапкан 55 адамдын тизмесин жарыялап, өлгөндөрдүн саны 70ке жетиши мүмкүн экенин маалымдады.

Өзбек бийлиги Каракалпакстандын Конституциядагы макамын өзгөртүү аракетине байланыштуу тутанган нааразылык күч менен басылганда 21 адам өлгөнүн гана ырастаган.

"Өкмөт каза болгондордун тизмесин жарыялаган эмес"

Австриядагы “Евразия үчүн эркиндик” укук коргоо уюму биринчи жолу Каракалпакстандын борбору Нукустагы кандуу окуяда курман болгондордун расмий тизмесин жана активисттер түзгөн бейрасмий тизмени жарыялады.

“Азаттыктын” өзбек кызматы 31-июлда жазгандай, бул тизмеден өзбек өкмөтү ырастагандай 21 адамдын эмес, 55 кишинин аты-жөнүн көрүүгө болот.

Докладдын авторлору бул акыркы тизме эместигин, былтыр Нукустагы нааразылык күч менен басылган маалда кеминде 70 адам өлгөнү тууралуу маалыматтар бар экенин белгилешти.

"Өзбек өкмөтү буга чейин каза болгондордун тизмесин жарыялаган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Баяндаманы белгилүү укук коргоочу Виталий Понамарев борбор азиялык активисттер Галим Агелеуовдун жана Дмитрий Кабактын жардамы менен даярдап чыккан.

Активисттер Каракалпакстанга жана Бухарага эки жолу барып, далилдерди чогултуп, Нукус окуясынын түздөн-түз күбөлөрү менен маектешкен. Өзбекстан өкмөтү үчүнчү жолу укук коргоочуларды Каракалпакстанга киргизбей койгон.

Каракалпакстандагы окуялар учурунда тартылган сүрөт. 1-июль, 2022-жыл, Нукус калаасы.
Каракалпакстандагы окуялар учурунда тартылган сүрөт. 1-июль, 2022-жыл, Нукус калаасы.

Баяндамага каракалпакстандык активисттер да салым кошкон. Бирок коопсуздугуна коркунуч жаратпоо үчүн алардын аты-жөнү отчетко кошулган эмес.

Маалыматка ылайык, укук коргоочулар Нукус окуясына байланыштуу Бухарада өткөн сот процесстерине байкоо жүргүзүп, кылмыш иштери боюнча маалыматтарды изилдеп, өзбек бийлиги өлгөнүн ырастаган 21 адамдын тек-жайын аныктап чыгышкан.

“Нукус окуясында каза болгондордун алгачкы саны 2022-жылдын июль айында Башкы прокуратура жана Улуттук гвардиянын кызматкерлери тарабынан жарыяланган. [2022-жылы] 4-июлда өткөн брифингде өзбек маалымат каражаттары расмийлер тополоңдо 18 адам каза болгонун айтышты. Эки жумадан кийин прокуратура дагы үч адам ооруканаларда каза болгонун кабарлады. Жалпыга маалымдоо каражаттары 21 адам каза болгонун белгилешсе, кылмыш ишинде 19 гана адам каза болгону жазылган. Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча, алардын баары "массалык башаламандыктын катышуучулары”, - деп айтылат баяндамада.

“Евразия үчүн эркиндик” уюму соңку баяндамасында былтыр Каракалпакстандагы башаламандыктарды басууга катышкан Улуттук гвардиянын төрт укук коргоо кызматкеринин өлүмү тууралуу маалымат ырасталбаганын баса белгиледи.

"2022-жылдын 1-2-июлунда Каракалпакстанда коомдук тартипти сактоого тартылган куралдуу күчтөрдүн бир дагы мүчөсү курман болгон жок", - деп айтылат баяндамада.

Баяндаманын авторлору курмандыктардын расмий тизмесин Нукус окуялары боюнча сыртынан соттолгон Аман Сагидуллаевдин жана Ниетбай Уразбаевдин иши боюнча Каракалпакстандын Жогорку соту быйыл май айында чыгарган өкүмдөн алган жана башка булактар менен толуктап чыгышкан.

Бул баяндамага байланыштуу расмий Ташкент комментарий бере элек.

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси былтыр жазында көтөрүлүп, 1-2-июлда Каракалпакстанда нааразылык чыккан. Жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Баш мыйзамдан алып салууга каршы Нукус шаарында өткөн митингдер күч менен басылган. Бул кандуу окуядан кийин Каракалпакстандын макамы өзгөрүүсүз калган.

Бухарадагы соттон тартылган сүрөт.
Бухарадагы соттон тартылган сүрөт.

Анжиян окуясынан кийинки эң кандуу калаба

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Нукустагы окуялар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелеринин, “Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө шек келтирүү, “жапырт башаламандык уюштуруу” беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Бийлик 21 адам каза тапканын, 243ү жараат алганын, 500дөн ашуун киши кармалып, сурак-соболдон кийин көбү бошотулганын билдирген.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Нукустагы окуялар “сырттан даярдалганын” айтканы менен, буга эч далил көрсөткөн эмес.

Кандуу калабадан кийин Каракалпакстандагы активисттердин бир бөлүгү түрмөгө кесилип, айрымдары шарттуу бошотулду.

АКШ, Европа Биримдиги, Бириккен Улуттар Уюму жана башка укук коргоо уюмдары расмий Ташкентти Каракалпакстандагы былтыркы окуяларды тыкыр иликтөөгө жана тынч митингчилерге күч колдонгон коопсуздук кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароого чакырышкан.

Былтыр декабрь айында Мирзиёев Каракалпакстандын маселесине бүтүндөй Өзбекстан көңүл бурарын, өзбек бийлиги “жаңы Каракалпакстандын гүлдөп-өсүшүн” кааларын айткан.

Бирок “Евразия үчүн эркиндик” укук коргоо уюмунун соңку баяндамасын даярдоого салым кошкон казакстандык укук коргоочу Галым Агелеуов июнь айында “Азаттыкка” маек куруп, өзбек бийлиги эл аралык коомчулуктун талаптарын аткара албаганын айткан.

Казакстандагы "Либерти" укук коргоо уюмунун башчысы Галым Агелеуов.
Казакстандагы "Либерти" укук коргоо уюмунун башчысы Галым Агелеуов.

“Өзбекстанда өзбек коомчулугу өзүнчө, каракалпак эли өзүнчө жашап жаткандай болбошу керек. Былтыр жаңылоо сунушталган Конституцияда Каракалпак жумуриятына байланыштуу беренелерди өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөндө, өзбек коомчулугунда буга эч кандай сын-пикир айтылган эмес. Адамдардын укугу тууралуу маселени көтөрүү ордуна сепаратизмге айыптаган билдирүүлөр көбөйүп кетти. Бул туура эмес. Өзбек коомчулугу Анжиян окуясын баштан өткөргөн. Ошол окуянын сабагы Каракалпакстандагы окуялардын болушуна жол бербеши керек эле. Жарандык коом буга жол бербеши керек эле жана калыс иликтөө жүргүзүлүшү кажет болчу”, - деп билдирген Агелеуов.

Кантсе да Нукустагы тополоң Өзбекстандын эгемен тарыхындагы Анжиян окуясынан кийинки эң кандуу калаба болуп калды.

Каракалпакстан Өзбекстандын аймагынын 40% ээлейт жана Казакстандын Мангыстау, Актөбө жана Кызыл-Ордо облустары менен чектешет.

Каракалпак автоном облусу 1924-жылы түзүлүп, 1930-жылга чейин Казак ССРинин курамында болгон. Андан кийин РСФСРдин курамына кошулган.

1936-жылы Каракалпак АССРи Өзбекстандын курамына киргизилген. 1992-жылы Советтер Союзу кулагандан кийин Каракалпакстан Республикасы деп кайра түзүлгөн. 1993-жылы Каракалпакстан Республикасы менен Өзбекстандын ортосунда 20 жылдык мамлекеттер аралык келишим түзүлгөн. Келишимде автономдук республиканын Өзбекстандын курамынан референдум аркылуу чыгып кетүү укугу бекитилген.

Калакалпакстандагы былтыркы окуялардан кийин Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү аракети жайлап, Баш мыйзамдын жаңы редакциясы быйыл 30-апрелде гана референдумга коюлду. Шайлоочулардын 90 пайыздан ашыгы колдогону айтылган жаңы Конституция Шавкат Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте отурууга жол ачты.

Референдумду улай быйыл 9-июлда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, анда Мирзиёев 87% добуш менен жеңип чыкканы жарыяланды.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулары бул шайлоо "техникалык жактан жакшы уюштурулганы" менен, анда "чыныгы атаандаштык болгон жок" деп билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG