Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Нукус окуясы: Прокурор айыпталуучуларга катаал жаза сурады


Demonstration in Nukus
Demonstration in Nukus

Өзбекстандын Бухара облустук сотунда Нукустагы нааразылыктарга байланыштуу 39 кишинин иши каралууда. Прокурор айыпталуучуларга катаал жаза берүүнү сурады.

Каракалпак активисттеринин иши сотто каралууда

6-февралда Өзбекстандын Бухара облустук сотунда Нукустагы нааразылыктарга байланыштуу дагы 39 кишинин соту башталган. Дүйшөмбүдө прокурор айыпталуучулардын дээрлик көбүн узак мөөнөткө эркинен ажыратууну суранды. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Соттук отурум. Бухара шаары.
Соттук отурум. Бухара шаары.

Соттолуп жаткандар арасында банктын юристи, адвокат, журналисттер, айдоочулар, жумушсуздар жана башкалар бар. Баары камакка алынган.

Алардын арасынан 20 кишиге жапырт башаламандык уюштуруу айыбы тагылууда, жетөө коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан материалдарды таратууга айыпталууда. Дагы жети киши эки же андан көп адамдын ден соолугуна оор зыян келтирүүгө шек саналса, төрт адамга мыйзамсыз курал колдонгон деп күнөө тагылган. Фигуранттардын бири кыйноо жана карактоого айыпталууда.

31-январда Бухара соту Каракалпакстандагы нааразылыктын 22 катышуучусуна өкүм чыгарган эле. Акциялардын башкы уюштуруучусу деп айтылган журналист Даулетмурат Тажимуратов 16 жылга түрмөгө кесилген. Сот дагы 15 кишини үч жылдан сегиз жарым жылга эркинен ажыраткан.

Тажимуратовдун адвокаты Жогорку сотко кайрылды

1-мартта Каракалпакстандагы окуяларга байланыштуу соттолгон Тажимуратовдун иниси жана адвокаты Ринат Тажимуратов Өзбекстандын Жогорку сотуна доо арыз менен кайрылганын “Газета.uz” басылмасы билдирди.

Адвокат Жогорку соттон агасынын ишин кайра карап, анын жашы жете элек үч баласы бар экенин эске алып жеңил жаза берүүнү сурады.

Даулетмурат Тажимуратов.
Даулетмурат Тажимуратов.

Ринат Тажимуратов агасына тагылган айыптардын дээрлик баары тергөө жана сот учурунда далилденбегенин, "массалык баш аламандыктарды уюштуруу" беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын курамы жок экенин белгиледи.

"Сотто бул айып такталган жок. "Массалык баш аламандыкка активдүү катышуу" деп адамга зомбулук көрсөтүү, өрттөө, мүлктү бузуу же жок кылуу, бийлик өкүлүнө курал менен каршылык көрсөтүү деген сыяктуу айыптарды түшүнсөк болот. Бул мыйзамда айтылат. Бирок Даулетмурат Таджимуратов 1-июлда эч кимди көчөгө чыгууга чакырган эмес, анын максаты 5-июлда Конституциянын 70-75-беренелерине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна каршы тынчтык митингин өткөрүү болчу", - деди жактоочу.

Ринат Тажимуратов ошондой эле "ири өлчөмдө каражатты кымыруу" беренеси боюнча кылмыштын белгилери жок экенин,"коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу" беренеси менен гана макул болуп, бирок муну кимге болбосун колдонсо болорун кошумчалады.

31-январда "Эл кызматында" гезитинин адвокаты жана мурдагы башкы редактору Даулетмурат Тажимуратов "Бийликти басып алуу же Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн кулатуу үчүн кутумга баруу", "Уурдоо же коротуу аркылуу ири өлчөмдө каражат кымыруу", "Кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдаштыруу", "Зомбулук, кыйратуу, өрттөө, бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү менен коштолгон жапырт башаламандыктарды уюштуруу" жана "Коомдук коопсуздук менен тартипке коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Мындан тышкары келтирилген чыгым үчүн 20 миң доллар төлөөгө милдеттендирилген.

"Ташкент адам укугун коргоого өзү кызыкдар болушу керек"

Бухара шаарларында соттук отурумдарга катышкан "Либерти" укук коргоо уюмунун жетекчиси, казакстандык Галым Агелеуов 20-февралда Алматыда маалымат жыйын өткөрдү. Анын айтымында, козголоңдо курман болгондордун саны расмий маалыматтардан алда канча көп жана өзбек бийлиги адам укугун коргоого өзү кызыкдар болушу керек.

"Ушул убакка чейин 50 адамдын аты-жөнү, дареги аныкталды, жеке маалыматтары табыла элек дагы бир киши бар. Биз Өзбекстандын өкмөтүнөн, Башкы прокуратурадан, Адам укуктары боюнча комиссиядан маалымат сурап жатабыз. Адам укугун тебелеген учурларды аныктоо керек, келечекте мындай көрүнүш кайталанбашы үчүн өзбек бийлиги да буга кызыкдар болушу керек".

Галым Агелеуов жана Даулетмурат Тажимуратовдун карындашы Мария Тажимуратова. Алматы шаары, 20-февраль.
Галым Агелеуов жана Даулетмурат Тажимуратовдун карындашы Мария Тажимуратова. Алматы шаары, 20-февраль.

Расмий Ташкент Каракалпакстандагы нааразылык акцияларын басуу учурунда кеминде 21 адам каза болгонун кабарлаган. Галым Агелеуовдун айтымында, өзбек бийлиги каза болгондор тууралуу башка маалымат тараткан эмес.

“Укук коргоочу катары биздин максатыбыз – адам укуктары бузулган же бузулбаганын аныктоо, каза болгондордун, жаракат алгандардын жана дайынсыз жоголгондордун так санын көрсөтүү”.

Ошондой эле былтыр жапырт башаламандыктарды уюштуруу айыбы менен кармалып, алты жылга соттолгон Полат Шамшетов 4-февралда өлгөнү кабарланган. Башкы прокуратура анын жүрөгү токтоп калганын билдирген. Каракалпакстандагы окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн парламенттик комиссия Полат Шамшетовдун өлүмүнүн жагдайын иликтей турган болду.

Комиссиянын мүчөлөрү 6-февралда Бухара облусуна барып, Шамшетовдун өлүмүн, тергөө абагынын абалын текшерип чыгышмак. Бирок комиссиянын корутундусу алигиче чыга элек.

Полат Шамшетов - Каракалпакстандын Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы. Республиканын биринчи жана акыркы президентинин уулу.

Блинкен Каракалпакстандагы маселеге көңүл бурду

1-мартта Ташкенттеги сапары учурунда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан республикасындагы кан төгүлгөн окуяны иликтөө маанилүү маселе экенин эскертти.

"Мен ошондой эле 2022-жылдын июль айындагы коогалаң учурунда күч органдары адам укуктарын бузганы тууралуу айтылып жаткан билдирүүлөр боюнча толук жана ачык иликтөө зарыл экенин белгиледим. Мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылышы керек" , - деди Блинкен.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан бул жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан. Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган.

4-июлда өзбек парламенти Каракалпакстандын макамын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган. Башкы прокуратура бир нече кылмыш ишин козгогон. Европа Биримдиги, АКШ, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), бир катар укук коргоочу уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды ачык-айкын иликтөөгө чакырган.

Ал эми 7-ноябрда Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму өзбек бийлигин Каракалпакстандагы демонстрацияларды таратууда "өлүмгө жеткирген чараларды негизсиз жана ашыкча колдонгону" үчүн айыптаган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG