Линктер

шаршемби, 24-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:06

Кыргыз-казак "соода согушу" бүтө элекпи?


Орусиянын базарындагы Кыргызстандын товарлары.

Казакстандын Караганды шаарында Кыргызстандан өндүрүлгөн кийимден уулуу формальдегид заты табылганын бир катар казак маалымат булактары жазып чыгышты. Ошол эле учурда "формальдегид нормадан ашык" экени айтылган кийим-кече "Кыргызстанда жасалган" деген ат менен башка өлкөдө тигилиши мүмкүн, мунун артында саясат жатышы ыктымал деген да пикирлер айтылууда.

Балдардын кийимдерин сертификаты бар ишканалар гана сата алат

ЕАЭБ өлкөлөрүнө, анын ичинде Казакстан менен Орусияга жаш балдардын кийимин сатуу укугуна ээ болгон кыргызстандык ишкерлер саналуу эле. Алар муну балдардын кийим-кечесинин сапатына коюлуучу талаптардын катаалдыгы менен түшүндүрүшөт. Кыргызстандык ишкер, өз цехтеринде жаш балдардын кийимдерин тигип, аны ЕАЭБ аймагындагы ири дүкөндөрдө сатууга уруксат алган Сүймөнкул Жолдубаев "Азаттыкка" бул талаптарды түшүндүрүп берди:

Биздин өнүмдөргө сапат сертификатын Алматыдагы же Москвадагы тиешелүү лабораториялар гана берет. Ал эми базарда сатылган кийим-кече болсо биздин жоопкерчилигибизде эмес.

- Жаш балдардын кийим-кечегин биз Казакстандагы, Орусиядагы белгилүү бир дүкөндөр менен түз келишим түзүп, ошонун негизинде сатабыз. Биздин өнүмдөргө сапат сертификатын Алматыдагы же Москвадагы тиешелүү лабораториялар гана берет. Ал эми базарда сатылган кийим-кече болсо биздин жоопкерчилигибизде эмес. Анткени Кыргызстандан Казакстан менен Орусияга ай сайын тонналаган кийим-кече ташылат. Менин билишимче, анын сапаты тууралуу документтерге жүк ташыган компаниялар жооп берет.

Кыргызстан ЕАЭБдин курамына киргенден кийин анда өндүрүлгөн кандай гана товар болбосун тиешелүү лабораториялардан текшерилип, сапат сертификатына ээ болгондон кийин гана алып кирип сатууга болот.

Кездеме саткан базарларды текшерүү башталды

23-февралда Казакстандын Караганды облусунда Кыргызстанда тигилген балдар кийиминен уулуу заттар табылганы тууралуу "Tengrinews" сайты кабарлаган. Сайт Караганды облусунун коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин жетекчисинин орун басары Юрий Залыгинге шилтеме берген.

Анда шаардын санитардык кызматы дүкөндөрдө жана базарларда сатылган балдар кийимдеринде зыяндуу формальдегид затынын өлчөмү нормадан көп экенин аныкталганы айтылат. Зыяндуу заттар табылган кийимдер Кыргызстанда өндүрүлгөнү кабарланган.

Кыргызстандын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, казак тарап мындай доомат менен расмий кайрыла элек. Департаменттин башчысы Төлө Исаковдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, текстиль саткан базарлар менен дүкөндөр текшерилип жатат:

- ЕАЭБдин шартына ылайык казак тарап бизге кат жүзүндө кабар бериши керек эле, бирок азырынча кайрыла элек. Биз казакстандык агенттиктер жарыялаган маалыматтарды иликтей баштадык. Бишкектеги текстиль сатылган "Дордой", "Ош", "Мадина" базарларын, Карасуудагы базарларды да текшере баштадык. Формальдегид - кездемелердин курамына кошулуучу зат. Бизде сатылган кездемелердин 90% Кытайдан, калганы Түркия, Корея жана башка өлкөлөрдөн келет.

Кыргызстанда текстилдин жана кийим-кеченин сапатын текшере турган үч чоң лаборатория бар. Былтыр өлкөдө тигилген балдардын жана чоңдордун кийимдерине жүзгө чукул иликтөө жүргүзүлүп, бензолдун, формальдегиддин, толуолдун курамын аныктоодо белгиленген өлчөмдөн ашыкча уулуу заттар чыккан эмес.

Атаандаштыкпы же саясатпы?

Ошентсе да "Карагандыда Кыргызстандан келген кийим-кечеден уу зат табылды" деген маалыматтын ар кандай себептери болушу мүмкүн деген пикирлер арбын айтылууда.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Текстиль комитетинин төрагасы Амир Закиров буга эки ортодогу атаандаштык да себеп болушу мүмкүн деп эсептейт:

Амир Закиров.
Амир Закиров.

- Казакстан кытай-казак чек арасында "Хоргос" базарын ачкан. Алар көптөн бери эле ошол базарды жарнамалап, бизге бекер орун сунуш кылып келишет. "Хоргос" базарында Кытайдан келген сапатсыз кийимдер сатылат. Алматыдагы ишкерлер жакын болсо да ал базарга барбастан, "Дордойго" келип товар алышат. Балким бул "Дордойго" тиешелүү "кара пиар" болушу мүмкүн. Балким уулуу товар "Хоргостон" келип, бирок "Кыргызстандыкы" деп айтылып жатат.

Амир Закиров Кыргызстанда өндүрүлбөгөн эле товарды таңуулап айыптоо Кыргызстандын өндүрүүчүлөрүнүн аброюна шек келтирерин белгилеп, бул окуяны тиешелүү органдар изилдеп чыгышы керек экенин кошумчалады.

Казакстандын күч түзүмдөрү 15-16-февраль күндөрү өткөргөн масштабдуу операциянын натыйжасында бажы аткезчилигине байланыштуу 30дан ашуун киши кармалганын, арасында кыргыз жарандары, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар экенин маалымдаган. ​Башкы прокуратура контрабандалык товар Казакстанга Кытайдан түз эле же жасалма документтер, бажы системасындагы тымызын схемалардын жардамы менен Кыргызстан аркылуу киргизилип турганын белгилеген эле.

Көп өтпөй, Алматынын Алмалы райондук соту Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулуна, ага кошо кармалган Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадиловго Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү"), 264-беренеси ("Трансулуттук кылмыш тобуна же трансулуттук кылмыш уюмуна катышуу") боюнча тагылган айыптын негизинде аларды эки айлык мөөнөткө камоо тууралуу чечим чыгарган.

26-февраль күнү Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети кыргызстандык жаран 27 миң долларды Астанадан Стамбулга мыйзамсыз алып чыгып бара жаткан жеринен кармалды деп билдирди.

Ушундай маалыматтардан улам өткөн күздө эки өлкөнүн, тагыраагы ошол кездеги мамлекет башчыларынын ортосунда башталган тирешүүнүн эпкини эмгиче тарай элек деген пикирлер да бар. Кыргызстандагы миңге чукул ишкердин башын бириктирген ЖИА бизнес биримдигинин төрагасы Темирбек Ажыкулов саясатка айланган бул маселеден эки тараптагы ишкерлер жабыркап жатышканын белгилейт:

Темиркул Ажыкулов.
Темиркул Ажыкулов.

- Бул маселе бир аз саясатташып кетти. Анткени экономикалык жагынан алып караганда Казакстан менен Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында бири-бирибизге пайдалуу, жылуу мамиледе иштешмекпиз. Бирок, тилекке каршы, акыркы көрүнүштөр былтыркы капачылык дагы эле тарай элекпи деген суроо жаратууда. Биздин кыргызстандык ишкерлер бул маселени ачык айтып, көтөрө алабыз. Ал эми ушул тапта бул саясаттан жабыркап жаткан казакстандык ишкерлер ачык айта албай кыйналып жатышат. Мыйзам боюнча, ЕАЭБдин алкагында бизге сырттан кирген товарлардын бажы төлөмдөрү бирдей болушу керек. Бирок иш жүзүндө андай болбой жатканын көрүп турабыз.

Кызматташтык жана атаандаштык

Ал эми экономист Жумакадыр Акенеев экономикалык бир интеграцияга ыктаган эки өлкөнүн ортосунда жалпы базарды бөлүшө албаган атаандаштык дагы эле бар экенине кошулат. Бирок ал убакыт менен эки тараптын соода мамилеси жолго түшөт деген үмүттө:

Жумакадыр Акенеев.
Жумакадыр Акенеев.

- Туура. Биз кээ бир убакта унчукпай, билмексен болуп келе жатабыз. Биздин мамлекет, өкмөт башчылар бул маселелерди чогултуп, тиешелүү деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө алып чыгышы керек. Өткөн жылы кыргызстандык ишкерлер жабыркады. Көп чыгым тартты. Эл аралык валюта фонду эсептеген 300 млн. долларды деле казак тарапка "төлөп бер" деп доо да коюлган жок. Ага да унчуккан жокпуз. Мындай маселелер бар, бирок бара-бара анын баары жоюлат. Бирок бүгүнкү күнү эки өлкөнүн ортосунда капачылык, тиреш бар деп айта албайм.

Казакстан Кыргызстан менен бир экономикалык мейкиндикте болгонуна карабастан, айрым экономикалык тыюуларын албай келе жатканы белгилүү. Мисалы, бир нече жылдан бери күйүүчү майды Кыргызстанга сатууга киргизилген тыюу алына элек. Өткөн жылдын аягында казак тарап темир жол аркылуу жүк ташыган кыргызстандык ишкерлерден сырттан ташылып келген жүктүн бажы төлөмүн Казакстанга төлөөнү талап кылганы тууралуу ишкерлердин дооматтары айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG