Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Өзүн “президенттик аппараттын кызматкери” деген жаран кармалды (видео)


Санжарбек Супатаев.
Санжарбек Супатаев.

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы уурулук, алдамчылык боюнча камалып, абактан качып кеткен Санжарбек Супатаев аттуу Кыргызстандын жаранын кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Андан алынган маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун 39 жаштагы тургуну буга чейин өзүн мамлекеттик органдардын кызматкери катары тааныштырып, ар кандай шылуундук иштерге барып жүргөн. Ал өзүн аткаминер катары көрсөтүп, ар кимге телефон чалып алдамчылык аракеттерди ишке ашырган.

Абактан качып кеткенден кийин Супатаев өзүн Кыргызстандын президентинин аппаратынын кызматкери катары тааныштырып, Бишкектеги окуу жайлардын биринин ректорунун кабинетине кирген. Ал университет жетекчилигинен окуу жайдан билим алуудан четтетилген чет элдик студенттин окуусун кайра калыбына келтирип, башка факультетке которуп берүүнү суранган.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы бул жарандан жабыр тарткандар болсо милицияга чалып коюусун суранат. Телефондор (0312) 266261, 0708030304. (ErN)

Санжарбек Супатаевди суракка алуу учуру. Оперативдик видео:

XS
SM
MD
LG