Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

“Йакын инкар” Казакстанда экстремисттик уюм деп табылды


"Инкарчылар".
"Инкарчылар".

Астананын Есиль райондук сотунун 10-октябрдагы чечиминин негизинде “Йакын инкар” Казакстанда экстремисттик уюм деп табылды. Астана шаарынын прокуратурасы өз ыйгарым укугунан пайдаланып аталган уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салуу боюнча сотко кайрылган. Бул тууралуу маалымат Казакстандын Башкы прокуратурасынын расмий сайтына чыкты.

Соттун чечимине ылайык, “инкарчылардын” адабияттарын, ар кандай материалдарын социалдык тармактарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууга жана көтөрүп жүрүүгө тыюу салынат. Башкы прокуратура соттун чечиминен кийин “Йакын инкар” уюмунун ишмердүүлүгүнө катышкан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Казакстандын Башкы прокуратурасы “Йакын инкар” өлкөдө экстремисттик деп тыюу салынган “Таблиги жаамат” уюмунун бир канаты деп эсептейт. Буга чейин Казакстанда “Йакын инкар” уюмунун бир мүчөсү экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн соттолгон.

2017-жылдын 15-июнунда Бишкектин Октябрь райондук соту "Йакын инкар" агымын экстремисттик деп тапкан. Буга Башкы прокуратуранын кайрылуусу себеп болгон. Анын тарапкерлери "балдар менен кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизор колдонбош керек" деген сыяктуу кескин көз караштарды карманып, чач-сакалын өстүрүп, узун кийим кийишет.

“Йакын инкар” уюму "Таблиги жамааттан" бөлүнүп чыкканы белгилүү. "Таблиги жамаатка" Казакстан, Өзбекстан жана Орусия тыюу салган. Бирок Кыргызстанда ага тыюу салынган эмес. (TSh)

Тасмада: Балдарын билимден өксүткөн "инкарчылар"

Балдарын билимден өксүткөн "инкарчылар"
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:08 0:00

XS
SM
MD
LG