Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-октябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Протестант таяк жегенин айтты


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын тургуну "Азаттыкка" кайрылып, диний ишенимине байланыштуу үй-бүлөсү менен кысымга кабылып, таяк жегенин билдирди. Өзүнүн айтымында, окуя болгон учурда милиция алардын арызына көңүл бурган эмес.

Жакында эле Ысык-Көлдүн Тамчы айылында жакындары башка дин тутканы кеп болгон 25 жаштагы жигит таяк жеп ооруканага түштү. Укук коргоо органдары факты боюнча кылмыш ишин козгогону менен, “окуя диний ишенимге тиешеси жок” деп атышат. Кыргызстанда башка динге өткөн адамдарды жериген, каза болсо сөөгүн жашырууга уруксат бербеген учурлар катталат. Баш мыйзамда кепилдик берилген диний ишеним эркиндиги Кыргызстанда барбы? Басымдуу бөлүгү салттуу исламды тутунган кыргыз коомчулугу башка диндерге кандай мамиле кылат?

Христиан дининин протестанттык агымына таандык ишенимди кабыл алган Азамат Жамакеевге ушул жазда белгисиз бирөөлөр кол салып, мээси чайкалып, кабыргасынан жарака кеткен. Окуя тууралуу ал буларды айтты:

Дааватчылар УКМКнын эле филиалындай, алар даават кылып жүрүп ким каякта, эмне менен алек болорун билип калышат.

- Май айында келинчегим менен баратканда кол салышты. “Өзүм жашаган жерде мага эч ким тийбейт, коопсузмун” деп ойлочу элем. Ал жерде мен 20 жылдан бери жашайм. Ошол райондо намазкана бар, мен да мурда ага кез-кез барып турчумун. Мен балдар ошол жактан эле келишти деп ойлойм. Анткени дааватчылар УКМКнын эле филиалындай, алар даават кылып жүрүп ким каякта, эмне менен алек болорун билип калышат. Кечке жуук дүкөндөн келатканда чакырып калышты. Барганда эле колдон тартып бирөө чаап жиберди. "Каапыр" деген сөзүн уктум. "Сендейлерге ушундай эле мамиле жарашат" дегендей кылышты. Аялым чуркап келгенде аны түртүп жиберишти. Жардамга чакырганда мени чаап, тээп, анан качып кетишти.

Жагымсыз окуяны өзүнүн диний ишенимине байланыштырган жабырлануучу милицияга арыз жазып, бирок андан тыянак чыгара алган эмес. Ал Ысык-Көлдүн Тамчы айылында катталган акыркы окуя Кыргызстанда диний кысым бар экендигин, бирок көп учурда кылмыш катары катталбай же жашырылып-жабылып каларын дагы бир ирет далилдеди деп эсептейт.

- Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги бар болсо ар бир киши өзү каалаган динин тандап, жашырбай айтып, башка дин менен ынтымакта жашаса болот эле да. Бирок андай эмес экенин өзүм да көрдүм, - дейт ал.

Азаматтын айтымында, Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги, диндер ортосундагы сабырдуулук жокко эсе. Муну ал өз чөйрөсүнөн эле көрүп жүрөт:

- Ата жагымдан туугандар көбүнчө намаз окуган кишилер. Башка динди тутунганымды алардан жашырчумун. Ачык айтканда, алар жумшак айтканда түшүнгөн жок. Исламдын көз карашынан алганда мага жин кирип кеткен, менден жинди чыгарыш керек... Бизди тааныган достор, менин, аялымдын көп тааныштары биз менен көп сүйлөшпөй калышты. Жакында эле жакын досум үйлөндү, баарын чакырып, мени чакырбай койду. Таарынган деле жокмун, эмнеге чакырбаганын сураган деле жокмун. "Каапыр" деп кээде гана айтпаса, мамилелер бузулат экен. Дүйнөбий мамлекет деген менен кагазда эле болбосо, чындыгында андай эмес. Эмнеден коркуп жатам? Жыл сайын эле исламдашуу катуу жүрүп жатат. Саясатка чейин аралашууда, өз көз караштарын айтып жатышат. Андай болбошу керек да?

Конституцияда Кыргызстан секулярдык, динден ажыратылган өлкө экени жазылган. Мындан сырткары Кылмыш-жаза кодексиндеги 134-беренесине ылайык ("Жарандардын тең укуктулугун бузуу") "Жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк же кызматтык абалына, жашаган жерине, диний жана башка ынанымдарына, коомдук бирикмелерге таандык болгондугуна карата адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиги түз же кыйыр түрдө бузулганда, бул жарандын мыйзамдуу таламдарына зыян келтиргенде эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып салынат же эки айга чейинки мөөнөткө камакка алынат" деп жазылган. Анткен менен Кыргызстанда башка динге өткөн адамдарды жериген, каза болсо сөөгүн жашырууга уруксат бербеген учурлар кездешип жүрөт.

Буга чейин "Жахабанын күбөлөрү" агымына кирген адамдын үйүн өрттөп, “башка динге өтүп кеткен, баптист” деген жүйө менен мусулмандардын мүрзөсүнө койдурбай койгон, сыйынуучу жайдын терезесин, чатырын талкалап кеткен учурлар катталган. Бирок Ички иштер министрлиги “диний ишенимдерге байланыштуу басмырлоо” деген негизде бир да кылмыш иши козголбогонун билдирип жатат.

Кыргызстанда дин тутуу эркиндигине мыйзам кепилдик берсе да динине карап басмырлоо, куугунтук болуп жатканы коомдун диний сабатсыздыгына барып такалууда. Эксперттердин пикиринде, агрессивдүү жорукка дин өкүлдөрүнөн тышкары жергиликтүү бийлик да жол берип жатат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Жумадыл Маматжанов мындай көрүнүштөр жалпы мыйзамдар жана укук маселеси тууралуу маалымат жоктугунан болуп жатат деген пикирде.

- Жарандардын, элдин арасында болуп жаткан окуялардан улам “эч нерсе жок” деп айта албайбыз, - дейт ал. - Биз деле андай окуялар болушун каалабайбыз. Алдын алуу, түшүндүрүү иштери жүрүп турат. Биринчи иретте адамдар Баш мыйзамда дин тутуу эркиндиги жөнүндө, мыйзам тууралуу, өздөрүнүн, башкалардын укуктары тууралуу маалыматы жоктугунан ушундайга барып жатышат десек болот. Андан кийин диний сабатсыздыкты айтсак болот.

Ислам укугу боюнча адис Жаркынбай Себетов башка диндерге жакшылык кылуу, аларга садага же зекет берүү же болбосо жардам берүү тууралуу Куранда жана хадистерде деле айтыларын белгиледи. Анын айтымында, мусулмандар менен башка диндегилердин коомдук карым-катышта, мамиледе болушуна эч кандай тоскоолдук жок. Тескерисинче, исламда башка диндин өкүлүн басмырлаганга же тутунган дининен кайтарып алууга эч кимдин укугу жок экендиги айтылат.

Жаркынбай Себетов.
Жаркынбай Себетов.

- Биздин эл ушундай нерселерге жол берип жатканы көп эле кездешип жатат. Жерге берүү маселеси козголуп, башка динди тутунгандарды айылдан кууп жиберген учурлар буга чейин болуп келди да. Үйүн өрттөгөнгө чейин барышкан. Ислам дининин көз карашынан да, мамлекеттик мыйзамдар боюнча да бул туура эмес. Исламда да ар бир адамга өз динин тутунганга эркиндик берилет. Башка адамдын тутунган динине аралашууга же башка динди тутунууга мажбулоого эч кандай укугу жок.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, мамлекет диний уюмдарды мыйзам чегинде каттоодон баш тарткан учур каттала элек. Расмий маалымат боюнча учурда 3300 диний уюм катталган. 2660тан ашуун мечит, 400дөн ашуун христиан, 12 бахаи жана 1 буддизм багытындагы уюм каттоодон өткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (33)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG