Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Дүйнөгө тамыр жайган Мундун империясы


Мун чиркөөсүнүн жыйыны. Бишкек, 18-июнь, 2006-жыл.
Мун чиркөөсүнүн жыйыны. Бишкек, 18-июнь, 2006-жыл.

«Биз жана дин» түрмөгүндө дүйнөдө чуулгандуу диний кыймыл катары белгилүү «Биригүү чиркөөсү» жөнүндө сөз кылабыз.

Бул жолу мунизмдин диний доктринасы, идеологиялык негиздери, ага мүчө болгон адамдарга тийгизген терс таасири менен Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүшүнө кандай себептердин негизинде тыюу салынганы иликтенет.

Мун кыймылы жөнүндө маалымат

Дүйнөлүк коомчулукта эки ача ой-пикир менен талаш-тартыш жараткан, өзүнүн «диний империясын» түзүүгө жетишкен Сан Мён Мун 2012-жылдын 3-сентябрында 92 жаш курагында Түштүк Кореянын Кеңидо шаарындагы чиркөөнүн менчик ооруканасында көз жумган.

Мун 1920-жылы 25-февралда Түндүк Кореядагы Пхёнан провинциясында пресвитериандык үй-бүлөдө туулган. Үй-бүлөдө 11 бир туугандын экинчиси болгон. Расмий түрдө 2 жолу, башка бир маалыматтарга ылайык 5 жолу үйлөнгөнү айтылат.

Мун дүйнөгө миллиардер, медиа магнат, диний ишмер катары белгилүү болгон. Ал коомдук коопсуздукту бузуу, жыныстык кылмыштар, салыкты жашыруу сыяктуу айыптар менен бир нече жолу түрмөгө да отуруп чыккан.

Бүткүл диндерди бириктирүүнү көздөгөн Мун «Биригүү чиркөөсү» («Мун чиркөөсү») деген диний кыймылды 1954-жылы Түштүк Кореянын Сеул шаарында негиздеген. Бул уюм дүйнөдөгү эң бай, ошол эле учурда эң чуулгандуу диний кыймыл катары белгилүү.

Көптөгөн изилдөөчүлөрдүн эмгектери менен айрым чет элдик энциклопедиялардагы маалыматтарга ылайык Мун тарабынан түзүлгөн чиркөө деструктивдүү жана тоталитардык секта катары мүнөздөлөт. Мындан сырткары, бул агымга айрым өлкөлөрдө тоталитардык кыймыл катары тыюу салынган.

Мундун «диний окуусунун» негиздери кандай?

Муниттердин ишенимине ылайык, Мун Ен Мёнго (Мундун туулгандагы аты) 1935-жылдын 17-апрелинде, башкача айтканда 15 жашында (кээ бир маалыматтарга ылайык 1936-жылы) Ыйса пайгамбар «кайыптан көзүнө көрүнүп», ал «жолугушууда» Ыйса эки миң жыл мурда өзү аткара албай калган «адамзатты сактап калуу» вазийпасын Мунга тапшырат. Ошондон кийин ал өз атын Сан Мён Мун кылып өзгөртөт. Бул ысым англисчеден которгондо Ай-Күн Адам дегенди билдирет.

Мун 1945-жылы спиритикалык-харизматтык багыттагы диний коомго мүчө болот. Арадан бир жыл өткөндөн кийин «Израэл Кечилканасы» деген мессиандык–эзотериялык топко кирип, ал жакта алты ай жүрөт. Ошол эле жылы «Кең деңиз чиркөөсү» деген өз уюмун түзгөн.

1950-1953-жылдардагы Корей согушунун мезгилинде Мун Түштүк Кореяга качкан. Андан кийин Жапонияга барып окуп электриктин кесибине ээ болгон.

Мундун окуусу 1957-жылы корей тилинде жарык көргөн «Кудайдын принциптери» деген «илимий» эмгегине таянып ишке ашырылат. Өз кезегинде муниттер «Кудайдын принциптери» Инжилден алда канча жогору турат деп эсептешет. «Биздин христиандык вазийпабыз бүтө элек, ал аяктаганда бүткүл дүйнөдөгү христиан чиркөөсүнүн мурасы бизге өтөт, ошондо бизге Инжилдин кереги жок болуп калат» деген ой Мундун тарапкерлеринин ынанымынын негизин түзөт.

«Биригүү чиркөөсүнүн» доктринасы негизинен синкреттик (аралашма) мүнөздө болуп, өз ичине спиритизмдин (каза болгон ата-бабалардын арбагы менен байланышуу), католицизмдин, «элүүнчүлөрдүн», «Жахабанын күбөлөрүнүн», шаманизмдин, мистицизмдин, оккультизмдин жана бир катар Чыгыш диндеринин элементтерин өз ичине камтыйт.

Мундун окуусуна ылайык, ал адамзаттын жашоосун үч баскычка бөлөт. Биринчи баскыч «Ыбрайымдын доору» деп аталып, анда «адамзаттын пайда болушу» туралуу айтылса, экинчиси «Ыйсанын доору» деп аталып, анда «адамзаттын өнүгүп, азыркы цивилизацияга жетиши» жөнүндө баяндалат. Ал эми үчүнчү баскыч «Мундун доору» деген ат менен белгилүү болуп, анда Ыйса пайгамбар түзө албаган «чыныгы үй-бүлө» курууну Сан Мён Мун «ыйык вазийпам» деп эсептейт.

Мун 1960-жылдын 16-мартында Хан Хакча деген айым менен баш кошот. Бул күн чиркөөнүн терминологиясында «чыныгы ата-энелердин», башкача айтканда «Машаяк» менен «Калыбына келген Обо-Эненин» никелешүү күнү катары саналат. Жылда ушул күнү «чыныгы ата-энелер» АКШда, Түштүк Кореяда миңдеген жаш жубайларга бир күндө, бир убакта нике кыюу жараянын жасашат. Мунизмде бул жөрөлгө күнөөлөрдүн кечирилиши менен өзүн сактап калууга болгон алгачкы кадам катары каралат.

Мындай массалык түрдө кыйылган никелердин «салты» (практикасы) Кыргызстанга да келип жеткенин белгилей кетишибиз абзел.

Мун кыймылына мүчө болгон киши ата-энесин, жакындарын унутуп, Мун менен анын аялын «чыныгы ата-эне» катары кабыл алышы зарыл. Эң кызыгы - жубайларды «чыныгы ата-энелер» өздөрү тандашат. Мундун окуусунун дагы бир өзгөчөлүгү - үйлөнүү үлпөтү учурунда «ыйык шарап» деп аталган ичимдикти ичүү жөрөлгөсү. Бул ичимдик атайын бекитилген рецепт менен жасалып, 20-21 кошулмадан турат. Анын негизги бөлүгүн Мундун каны же эрендиги, аялынын каны же анын сүтү түзөт. Муниттер «мындай үй-бүлөдөн төрөлгөн балдар бардык күнөөлөрдөн арылат» деп ишенишет.

Белгилүү болгондой, «Биригүү чиркөөсү» өткөн кылымдын 60-70-жылдары аябай жаман кырдаалга кириптер болгон. Мунду «чиркөөгө табынган кишилерди тил алчаак аткаруучу кылып алган, алардын үй-бүлөлөрүн бузуп, баары анын өзүнүн гана жеке мүдөөсүнө иштеп жатышат» деп күнөөлөшкөн.

Француз тележурналисти Жан Франсуа Буайс «Мундун империясы» деген китебинде Мундун байлыгы күн сайын кантип топтолгонун изилдеген. Автор Мундун диний империясы дүйнөдөгү элүү эң ири, бай менчик уюмдун бири болгондугуна карабастан, салык төлөөдөн кутулуш үчүн киреше көздөбөгөн бирикмелердин катарында катталганын далилдеген.

Мун динден сырткары өзүнчө көп тармактуу глобалдык бизнес-империяны түзгөндүгү менен да белгилүү. Анын курамына соода, азык-түлүк тараткан тармак, басма иштери, курал чыгарган заводдор, билим берүү, туризм, саясий жана өкмөттүк эмес уюмдар, илимий-изилдөө институттары кирет. Мунга бул ишканалардан түшкөн кирешелер да аздык кылган. «Биригүү чиркөөсүнө» негизги кирешени анын жактоочулары алып келишет.

Өнүккөн мамлекеттердин шаарларында күнүгө кайыр сурап, көчөдөгү адамдарга гүл, жер-жемиштерди бир нече эсе кымбат саткан, күнүнө 200-300 долларды уюмдун эсебине тапшырып турган чиркөөнүн мүчөлөрү миңдеп саналат.

Мун чиркөөсү адамдарды биосоциалдык абалына карабастын «жакшылыктын жана сүйүүнүн» негизинде бириктирүүнү эң негизги максат катары карайт. Бул үчүн түрдүү тармактарда 300дөн ашуун программаларды иштетет. Артыкчылыктуу багыт катары билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурат. Ал үчүн чиркөөдөн таркаган 17 уюм ар түрдүү аталыш менен иш жүргүзөт. Алардын арасында «Эл аралык билим берүү фонду», «Эл аралык маданият фонду», «Бүткүл дүйнөлүк тынчтык үчүн федерация», «Искусство чеберчилигинин эл аралык бирикмеси», «Илимдин биригүүсүнүн эл аралык конференциясы», «Дүйнө диндеринин ассамблеясы», «Гезит басмаларынын бүткүл дүйнөлүк федерациясы», «Жаштардын диний кызматы», «Достуктун жана жардамдын бүткүл дүйнөлүк фонду», «Тынчыкты сактоо үчүн профессорлордун эл аралык бирикмеси», «Үй-бүлөлөрдүн биримдик жана дүйнө жүзүндөгү тынчтык үчүн федерациясы» жана башкалар бар.

Чиркөөнүн жетектөөчү органы «Бүткүл дүйнөлүк миссионердик борбор» деп аталып, АКШнын Нью-Йорк шаарында жайгашкан.

Кызык жери, дүйнөгө белгилүү «Washington Times» гезитин да Мун Сон Мён 1982-жылы негиздегени тууралуу маалымат бар. Гезит ушул күнгө чейин АКШдагы өтө таасирлүү басылмалардын бири.

Учурда Сан Мён Мундун тукумдары «Биригүү чиркөөсүн» жетектешет.

Мунизимдин жактоочуларынын саны дүйнө жүзү боюнча беш миллиондон жети миллионго чейин жетет деген божомол да бар.

Мунизме тиешелүү сырдуу жагдайлар

1990-жылдан баштап «Биригүү чиркөөсү» мурдагы Советттер Союзуна кирген республикаларда, анын ичинде Кыргызстанда да өз ишин жүргүзө баштаган. Мун сектасынын өкүлдөрү Кыргызстанда жөнөкөй адамдарды гана эмес, белгилүү коомдук ишмерлерди да өз катарына тартканы айтылып жүрөт. Бул тууралуу Кыргыз социология ассоциациясынын вице-президенти, Бишкек гуманитардык университетинин социология кафедрасынын доценти Бакытбек Малтабаров төмөндөгү пикирин айтты:

Бакытбек Малтабаров.
Бакытбек Малтабаров.

«СССР мезгилинде, XX кылымдын 90-жылдарында Михаил Горбачев Москва шаарында Мундун өзү менен жолугуп, булардын иш-чаралары өлкө аймагында башталат. Ал иш-чаралар бүткүл союздук деп эсептелген «Маяк» радиостанциясы тарабынан бүткүл СССРдин аймагына жарнама түрдө берилип турган. Муниттер Кыргызстанга да келип, 1990-жылдын орто ченинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен өзүнүн чыныгы миссиясын жашырган, муниттерге тиешелүү болгон «Үй-бүлөлөрдүн биримдик жана дүйнө жүзүндөгү тынчтык үчүн федерациясы» коомдук бирикмесин каттоодон өткөрүшкөн. Кыргызтандагы аткаминерлер менен мамиле кылып, алардын колдоосун табышат».

Бакытбек Малтабаров «динди талдаган адистердин жоктугунан улам «Мун чиркөөсүнүн» миссиясын коом байкабай калганын» кошумчалады. Мындан сырткары, ал «дүйнө жүзүндө жаштарды диний секталардан коргоо комитеттери бар. Мамлекет дин багытындагы түрдүү профилдеги адистерди даярдап, секталардын калкка зыяндуу жагын түшүндүрүшү керек. Тиешелүү күч түзүмдөрү расмий мамлекеттик каттоодон өткөн диний уюмдун лидерлери менен бирге сектанттык уюмдардын калкка зыяндуу жагын ачып бериш үчүн системалуу иштерди жүргүзүшү керек» деген пикирин да айта кетти.

Кыймыл чоңдор менен өзүнчө, жаштар менен өзүнчө иш алып барган. Мунизмдин идеологиясы кыргыз коомуна жат экендиги айтылат.

Эксперттер «Биригүү чиркөөсү» Кыргызстанда тыюу салынганы менен муниттерге таандык болгон коомдук бирикмелер тил үйрөнүү курстарынын, түрдүү гуманитардык долбоорлордун алкагында өз иштерин улантып жатышканын четке кагышпайт. Айрыкча «чет элге турмушка чыгуу» деген жарнаманын негизинде кыз-келиндерибиз сектанттардын торуна түшүп калуу ыктымал экенин да баса белгилешет.

2006-жылдын 22-июнунда Кыргызстанга Сан Мён Мун аялы менен келип, Кыргыз улуттук филармониясында ошол кездеги саясий элитанын өкүлдөрү, депутаттар, академиктер, жогорку окуу жайларынын бир катар ректорлору, декандар, көрүнүктүү укук коргоочулар менен жолугушуу өткөргөн.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бүтүрүүчүсү, учурда АКШда жашап жаткан Жанар Жусупов «Биригүү чиркөөсү» жөнүндө буларды айтты:

Жанар Жусупов.
Жанар Жусупов.

«Муниттердин Кыргызстанда өнүгүп, таасирин артырышы, башкача айтканда «чокуга чыгышы» 2006-жылга туура келет. Ошол учурда алар бийликтеги жогорку деңгээлдеги адамдардын ишенимине киргенге жетишет. Жергиликтүү калктын да белгилүү бөлүгүн өз таасирине тартып алат. Ошол убактан баштап кыргыз коомчулугунда тынчсыздануу башталды. Анткени калктын 90% жакыны мусулман болгондуктан дин аралык чатак чыга турган абалга чейин жеткен. Мисалы, алардын башка өлкөлөрдөн келген жактоочуларынын таасиринен улам кээ бир адамдар өздөрүнө тиешелүү болгон батирлерин сатып, акчасын аларга берип, материалдык жана психологиялык жактан жабыркашкан. Мындай окуялар коомдо коңгуроо кагууга бир негиз болгон. Ошондон баштап Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана прокуратура органдары булардын иштерин териштире баштаган. Андан кийин гана булардын таасири бир топ азайып, жүргүзгөн иштери да практикалык түрдө басаңдап, аз сандагы диний топ катары каралып калган».

2012-жылдын 22-февралынан тартып Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен «Биригүү чиркөөсүнүн» Кыргызстанда иш жүргүзүшүнө тыюу салынган. Ал эми 2013-жылдын 1-августунда өлкөнүн Жогорку соту «Биригүү чиркөөсү» боюнча кабыл алынган биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун чечимин күчүндө калтырып, анын ишин көмүскө жайылткан «Үй-бүлөлөрдүн биримдик жана дүйнө жүзүндөгү тынчтык үчүн федерациясы» коомдук бирикмесинин ишин да токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган. Жогорку сот өз чечимин «жарандардын адеп-ахлагы менен ден соолугуна коркунуч туудурган, адам укуктарына, ар-намысы менен эркиндигине таасир эткен тоталитардык секталардын жана деструктивдүү ырасымдардын ишмердүүлүгүнүн алдын алуу максатында кабыл алынган» деп түшүндүргөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG