Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

«Жахабанын күбөлөрүнүн» талаштуу жагдайы


«Жахабанын күбөлөрүнүн» китептери. Иллюстрациялык сүрөт.
«Жахабанын күбөлөрүнүн» китептери. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул жолу «Жахабанын күбөлөрүнүн» тарыхына, диний окуусу менен идеологиялык негиздерине, уюмдун жүргүзгөн иш-аракеттеринин алкагында анын оң жана терс жагдайларына токтолобуз.

Көпчүлүк дин таануучулар «Жахабанын күбөлөрүн» протестантизмдин адвентисттик багытындагы диний бирикменин катарына кошсо, кээ бир изилдөөчүлөр аларды парахристиандык, башкача айтканда христиандык окууга окшош же ойдон чыгарылган христиандык уюм деп эсептешет. Аларды айрым дин таануучулар өзүнчө диний уюм же жаңы диний кыймыл деп аташса, кээ бирлери секта деп да эсептеп жүрүшөт. Ал эми «Жахабанын күбөлөрү» өз ынанымындагы кээ бир айырмачылыктардын негизинде өздөрүн протестанттардын катарына кошпойт.

«Жахабанын күбөлөрүнүн» тарыхы

«Жахабанын күбөлөрүнүн» тарыхы 1870-жылы АКШнын Питсбург шаарында, Чарлз Тейз Рассел (1852-1916-жж.) тарабынан «Инжилди изилдөө» тобу түзүлгөн убактан башталат. Рассел адвентисттердин «Иса Машаяктын экинчи жолу кайтып келишин» Инжилде жазылган окуялардын негизинде математикалык эсептөө аркылуу аныктоо идеясына аябай таасирленген.

1879-жылдан тартып диний агартуучу журнал чыгарып, 1884-жылы Рассел «Күзөт мунарасы, Инжил жана изилдөөлөр» деген аталыштагы коомду түзүп, анын президенти болгон. 1909-жылы уюмдун штаб-квартирасы Нью-Йорктун Бруклин шаарына көчүрүлгөн.

1916-жылы Рассел каза болгондон кийин, коомдун экинчи президенти болуп Жозеф Франклин Рутерфорд (1869-1942-жж.) шайланган. Анын учурунда башкаруу принциптери, айрым ишеним негиздери өзгөргөндүгүнө байланыштуу уюмда бөлүнүү пайда болгон. 1931-жылы Рутерфорд уюмдун атын «Жахабанын күбөлөрү» деп өзгөртөт.

Дин изилдөөчүлөр «Иегова» же «Жахаба» деген сөз жөөттөрдүн Тоорат китебиндеги Яхве кудайынын атынан бурмаланып алынган деп эсептешет.

Уюмду бекемдөө жана өнүктүрүү максатында Рутерфорд радиону пайдаланып, өзүнүн көптөгөн сөздөрүн граммофон пластинкаларына жаздырып, тарката баштаган. Ал «Алтын кылым» деген журналды түптөгөн. Бул журнал 1937-жылдан баштап «Жубатуу жарчысы», ал эми 1947-жылдан тарта «Ойгонгула!» деген аталыш менен басылып келе жатат.

Рутерфорддун мураскери Натан Гомер Норр (1905-1977-жж.) «Жахабанын күбөлөрүнүн» окуусун башка мамлекеттерге жайылтуу жана уюмга жаңы тарапташтарды тартуу жаатында кызуу иш жүргүзгөн. Бул максатта 1943-жылы Бруклинде «Инжилдин Галаад мектеби» ачылган. (Галаад - Иордан дарыясынын чыгыш жээгиндеги байыркы Израилдин тарыхый жери. Уламыш боюнча жөөттөр б.з. 70-жылы Иерусалимдин курчоосунан кийин качып кетишкен аймак). Бул мектепте беш айлык программанын алкагында башка өлкөлөрдө иштеш үчүн кесипкөй дин жайылтуучуларды даярдашат.

Уюмдун үчүнчү президенти Фредерик Вильям Франц болгон. Ал 1977-жылдан 1992-жылга чейин кызмат аткарган. 1992-жылдан 2000-жылга чейин Милтон Жорж Хеншел «Жахабанын күбөлөрүнүн» төртүнчү президенти болгон. Уюмдун тарыхында биринчи болуп 2000-жылдын 7-октябрында Хеншел өз эрки менен кызматтан кеткен. Анын ордун Дон Адамс алмаштырган.

2016-жылдан тартып Роберт Сиранко уюмдун президентинин милдетин аткарып, ошол жылдан бери «Жахабанын күбөлөрүнүн» негизги диний-башкаруу борбору АКШнын Нью-Йорк штатындагы Уорвик шаарында жайгашкан.

Оң жана терс баалар

«Жахабанын күбөлөрү» башка христиан багытындагы диндерден айырмаланып, «Кудайдын аты – Жахаба» деп эсептешет. Ал эми Иса Машаякты «Жахабанын уулу жана элчиси, бирок Кудай эмес», аны «айкаш жыгачка (крест) эмес, мамыга кадашкан», ал «жөнөкөй адам эмес, аны асманда Адам атадан мурда Жахаба биринчи жараткан», «өлгөндөрдүн арасынан өлбөс руханий инсан болуп тирилген» деп санашат.

«Жахабанын күбөлөрү» бардык диний ынанымдарда камтылган «жандын өлбөстүгү» жөнүндөгү окууну четке кагышат. Ошондуктан алар «тозок жок, ал көрүстөндө, бейиш жерде болот. Өлгөндөн кийин адам баласынын жашоосу жок. Ал топуракка айланат. Ыйык Китептин эч бир жеринде адамдын андан ары кайсы бир жерде жашоосун уланта тургандыгы тууралуу эч нерсе жазылган эмес» деген пикирди карманышат.

Алар христианчылыктагы Ыйык Үчтүктү, иконаларды аздектөөнү кабыл алышпайт. Ал эми айкаш жыгачты Инжилге негизделбеген символ катары карашат.

«Жахабанын күбөлөрү» пацифист болушат. Аларды куугунтуктап, жазага тартса да аскердик кызмат өтөшпөйт жана колдоруна курал кармашпайт. Аскердик кызмат альтернативалык жарандык кызмат менен алмаштырылган өлкөлөрдө да «Жахабанын күбөлөрү» согуш аракеттери бар жумуштардан баш тартышат.

«Жахабанын күбөлөрү» денеге ооз жана вена аркылуу кан куюуну Кудайдын мыйзамына моюн сунбоо деп эсептешип, кан куюудан баш тартышат.

«Жахабанын күбөлөрү» ар кандай саясий окуяларга аралашпайт. Алардын пикири боюнча, Кудай Иса Машаякты падыша жана өкүмдар кылып дайындаган. Ал эми учурдагы бийлик убактылуу гана анын ордун ээлеп турат деп эсептешет.

Алардын диний окуусуна ылайык, түрдүү саясий партиялардын, коомдук-саясий уюмдардын ишине катышууга болбойт. Уюмдун мүчөлөрү кайсы бир саясий партиянын үгүт ишине катышпайт, шайлоо учурунда өз талапкерлигин көрсөтүшпөйт. Саясий көз карашын жана пикирин билдирүү туура эмес деп эсептешет. Алар «Иса Машаяк да саясатка аралашкан эмес, шайлоого катышкан эмес. Биз да анын жолун жолдойбуз. Бирок бийликти танбайбыз» деп айтышат.

«Бутпарастык тамыры бар» деген көз караш менен алар мамлекеттик майрамдарды, Иса Машаяктын туулган күнүн жана башка ортодоксалдык христиандардын майрамдарын майрамдашпайт. Диний майрамдардан бир гана Иса Машаяктын өлүмүн эскерүү кечесин белгилешет. Туулган күндөрдү өткөрүшпөйт. Бирок алар достук кечелерине чогулуп, үйлөнүү күнүн белгилешет.

«Армагеддон» түшүнүгү

«Жахабанын күбөлөрү» дүйнөгө «Күзөт мунарасы» журналын таркатуу менен белгилүү болгон. Негизинен бул журналда Исанын экинчи ирет жарык дүйнөгө келип, падышалык кыла тургандыгы айтылат. Ошол себептен бардык адамдарды «Жахабанын күбөсү» болуу аркылуу гана ушул падышалыкка кирип, түбөлүк бактылуу жашай турганына үндөшөт. Алар бул дүйнөдөгү бардык жамандыктарды Кудай «Армагеддон» деп атала турган согуш аркылуу жок кылат деп ишенишет. Ошондуктан алар Исанын экинчи жолу жер жүзүнө кайтып келишин жана «Армагеддон» согушун чыдамсыздык менен күтүшөт.

«Жахабанын күбөлөрүнүн» диний доктринасына ылайык, «Армагеддон» - шайтандын күчүнө каршы Жахабанын согушу. Бул согушта бардык күнөөлүүлөр жок болушат. Андан кийин Иса Машаяктын жана 144 миң олуянын миң жылдык падышачылыгы башталат. Алардын арасында «Жахабанын күбөлөрү» эң татыктуулары болот. Бул падышачылык убагында бардык «ыйыктар» жана ыйык эместер бирге жашашат. Жахабанын падышачылыгы дүйнөгө эң жакшы жашоо шарттарын түзүп берип, жалаң гана «туура» жолдогуларга, башкача айтканда жахабачыларга жер жүзүндө түбөлүк жашоого мүмкүнчүлүк берилет. Алар бири-бири менен, ошондой эле курчап турган дүйнө менен тынчтыкта жашашат. «Ал түгүл жаныбарлар да бирин-бири жебейт» деп айтылат.

«Жахабанын күбөлөрүнүн» жетекчилери Армагеддон согушунун качан боло тургандыгы жөнүндө ар кандай жылдарды белгилеп, бул жылдарды «кыямат жылы» деп атап, мүчөлөрүн ишендирип келишкен. Бирок алардын сөздөрү, үмүттөрү, убадалары аткарылбай калганын көргөн тарапташтары агымды массалык түрдө таштап кеткен учурлары да болгон.

«Жахабанын күбөлөрүнүн» уюштуруу түзүмү

Өздөрүн Кудайдын жердеги уюму деп эсептеген көз карашынан улам «Жахабанын күбөлөрүнүн» башкаруу түзүмү теократиялык мүнөздө, иерархиялык типте курулган.

Уюмдун жетекчи органы болуп Башкаруучу кеңеш эсептелет. Бул Кеңештин курамы алты комитеттен туруп, алар дүйнөлүк масштабдагы «Жахабанын күбөлөрүнүн» ишине көзөмөл жүргүзүшөт. Комитеттер түрдүү административдик милдеттерди аткарып, адабияттарды басып чыгарып, диний чогулуштардын программаларын жана дин таркатуу боюнча иш алып барышат. Штаб-квартирасы Нью-Йорктун Бруклин шаарында жайгашып, аппаратында эки миңден ашуун киши иштейт.

Дүйнөлүк алкакта жыйындардын ишин координациялоо жергиликтүү филиалдар аркылуу ишке ашат. Дүйнө жүзү бонча «Күзөт мунарасы коомунун» жүздөн ашык филиалы бар. Ар бир филиалда үч-жети адамдан турган «Филиалдын комитети» болот. Алар филиалдын курамына кирген өлкөлөрдүн ишин көзөмөл кылып турушат.

Өз кезегинде филиалдын курамына кирген өлкө же аймак райондорго бөлүнөт жана ал 20га жакын жыйынды бириктирет. Райондогу жетекчилик «Райондук көзөмөлдөөчү» тарабынан ишке ашырылып, жыл сайын ар бир райондо эки, ал эми жакын жайгашкан аймактар үчүн бир конгресс өткөрүлөт.

Курамында бир канча адамдан тартып 200гө чейин мүчөсү бар «Жахабанын күбөлөрүнүн» өз алдынча жыйынын «Жыйындын аксакалдар кеңеши» жетектейт. Аксакалдардын бирөө жыйынга пресвитер же көзөмөлдөөчү болуп дайындалат.

Уюмдун курамындагы бардык түзүмдүк бөлүмдүн жетекчилери субординацияны толук сактап, Бруклиндеги борбордун талаптарын кыңк этпей аткарышат.

Жаңы мүчөлөрдү катарына тартууда «Жахабанын күбөлөрү» кѳчѳдѳ жана башка коомдук жайларда адабият таратып, үйлөрдү кыдырып үгүттөө иштерин жүргүзүшөт. Үйлөрдү кыдыруу ар дайым диний жактан жакшы даярдалган эки адам тарабынан ишке ашырылат.

«Жахабанын күбөлөрүнүн» үгүттөө иштери кандай тартипте жүргүзүлүп, кандайча жүзөгө аша турганын Түркиянын «Улудаг» университетинин диний агымдар тарыхы боюнча магистранты, теолог Улукбек Каландаров мындайча чечмеледи:

Улукбек Каландаров.
Улукбек Каландаров.

- «Жахабанын күбөлөрүнүн» мүчө топтоо же өз ишин жайылтуу иштери үйлөрдү кыдырып, айланып өздөрүнүн китепчелерин, журналдарын, китептерин таркатуу жолу менен жүргүзүлөт. Көбүнчө алардын үгүттөө иштери жакшы жүргөн жер катары социалдык, экономикалык жана саясий жактан начар абалдагы эл болуп, булардын таасирине бат түшүүдө. Булар барган жерде көбүнчө тарыхта болбогон согуштарды, ошол аймактагы терс нерселерди айтып, социалдык-экономикалык жетишсиздикти кеп кылып, элди психикалык нерселер менен таасирлентип, дүйнөнүн терс жакка кетип, бузулуп жатканын айтышат. Бирок «мунун баары качан гана Иса Машаяк экинчи жолу дүйнөгө келип өз падышачылыгын курганда оңолот. Биз баарыбыз Жахаба күбөлүгүнө өткөндө гана дүйнөгө бактылуулук орнойт. Ошондо саясий, социалдык, руханий кризистен биротоло кутулабыз» деп айтып, ишендиргенге аракет кылышат.

Белгилей кетсек, алардын кишилер менен сүйлөшкөнгө жана үйлөрдө өткөргөн сабактарга жумшалган убактысынын эсеби жүргүзүлөт. Үгүт иштерине көп убакыт короткондор жогорку статуска ээ болушат. Мисалы, бир ай ичинде Жахабанын окуусун 60 саат тараткан адамга «жардамчы пионер», 90 саат болсо «пионер», 140 саат же андан ашык болсо «миссионер» деген статус ыйгарылат.

«Жахабанын күбөлөрүнүн» адабияттары

«Жахабанын күбөлөрү» өз динин жайылтууда көп сандагы нуска менен адабияттарды басып чыгарышат. Алардын эң эле белгилүүлөрү «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдары. «Күзөт мунарасы» айына эки жолу 42 миллиондон ашуун нускада, 190 тилде басылып чыгат. Ал эми «Ойгонгула!» журналы айына бир жолу 41 миллион нускада, 80 тилде басылып чыгат. Мындан тышкары он миллиондогон нуска менен ондогон тилдерде диний китепчелер менен диний ыр жыйнактары да басылат.

1950-1960-жылдары «Жахабанын күбөлөрү» өздөрүнө таандык болгон Ыйык Китептин котормосун - «Жаңы дүйнө котормосун» англис тилинде басып чыгарышкан. Бул китеп да дүйнөнүн көптөгөн тилдеринде кайра-кайра басылып чыккан.

«Жахабанын күбөлөрү» диний адабияттарын бир убакытта жарыялаш үчүн көп тилдүү электрондук басма системасын иштеп чыгышкан. Өздөрүнө таандык онлайн-телеканалы жана атайын веб-сайты да бар.

«Жахабанын күбөлөрүнүн» учурдагы абалы

Тынымсыз миссионердик иштин натыйжасында «Жахабанын күбөлөрүнүн» окуусу АКШнын аймагынан бүткүл дүйнөгө таркай баштаган. 1914-жылы «Инжилди изилдөөчүлөр» дүйнөнүн 43 өлкөсүндө иш жүргүзө башташса, 1941-жылы алардын саны 100 миңге, 1963-жылы бир миллионго жеткен.

ХХ кылымдын 80-жылдарынан баштап дүйнөлүк масштабдагы саясий абалдын өзгөрүшүнөн улам «Жахабанын күбөлөрү» Чыгыш Европада, постсоветтик республикаларда, Латын Америка жана Африка мамлекеттеринде иштей башташкан. Анын натыйжасында алардын саны 1995-жылы беш миллион, ал эми учурда сегиз жарым миллионго жеткен.

Алар дүйнөнүн 200дөн ашуун мамлекеттеринде аракет кылышат. «Жахабанын күбөлөрү» Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө, АКШда, Канадада, Израилде, Иорданияда, Мексикада, Кубада, Нигерияда, Эквадордо, Чадда, Танзанияда, Жапонияда, Бразилияда легалдуу түрдө иш жүргүзүшөт. Ислам дүйнөсүндөгү мамлекеттерде уюмга мүчө болгон адамдар такыр жок же аябай эле аз.

«Жахабанын күбөлөрүнүн» ишмердүүлүгү Кытайда, Түндүк Кореяда, Сауд Арабиясында, Иранда, Иракта жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган.

Постсоветтик республикалардын ичинен «Жахабанын күбөлөрүнүн» ишмердүүлүгүнө 2007-жылы Тажикстан расмий тыюу салган. Ага тажик мыйзамдарына карама-каршы келген миссионердик менен аскердик милдетти аткаруудан баш тартуу жөнүндө талап негиз болгон.

Ал эми 2017-жылы Орусиянын Жогорку соту «Жахабанын күбөлөрүнүн» башкаруу борбору менен анын 395 бөлүмдөрүнүн ишин экстремисттик деп таап, өлкө аймагында иш жүргүзүшүнө тыюу салган. Аларга тиешелүү болгон бардык мүлк конфискацияланган. Учурда «Жахабанын күбөлөрүнүн» Орусиядагы административдик борбору бул иш боюнча арызын Адам укугун коргоо боюнча Европа сотуна берген.

Борбор Азия республикаларынын ичинен Түркмөнстан мусулман суниттер менен орус ортодоксалдык чиркөөсүнөн башка уюмдарды каттоого албагандыктан, расмий катталган «Жахабанын күбөлөрүнүн» уюмдары жок.

«Жахабанын күбөлөрүнүн» диний ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналган миссионерлик менен башка динге үгүттөөгө Өзбекстанда тыюу салынганы менен аларга тиешелүү бир уюм расмий түрдө катталган.

Казакстанда болсо «Жахабанын күбөлөрүнүн» 60 уюму иштейт. Алардын баары дин жөнүндө 2011-жылы кабыл алынган мыйзамдын талаптарына ылайык тосколдуксуз кайра катталган.

Кыргызстанда «Жахабанын күбөлөрүнүн» болжол менен 60 жылдык тарыхы бар

1958-жылы Сокулук айылында алардын алгачкы жыйналышы өткөн. 1993-жылы «Жахабанын күбөлөрү» расмий юридикалык статуска ээ болушкан. 1998-жылдын 27-апрелинде, бир күндө «Жахабанын күбөлөрүнө» тиешелүү болгон 40 уюм Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан эсептик каттоодон өткөн.

«Жахабанын күбөлөрүнүн» Кыргызстандагы диний борборунун жетектөөчү комитетинин төрагасы Алымбек Бекманов уюмдун жүргүзүп жаткан иштери боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

Алымбек Бекманов.
Алымбек Бекманов.

- Учурда «Жахабанын күбөлөрү» бүтүндөй өлкө боюнча дин тутуу эркиндигине ээ жана уставына ылайык ишмердүүлүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында жүргүзө алат. Кыргызстандагы «Жахабанын күбөлөрүнүн» диний борбору Бишкекте жайгашкан.

Мындан сырткары Алымбек Бекманов уюмга мүчө болгондор кыргыз, орус, өзбек, корей, дунган, уйгур, түрк жана башка улуттардын өкүлдөрү экендигин белгиледи.

Теолог Улукбек Каландаровдун пикиринде, ай сайын «Жахабанын күбөлөрүнүн» диний борборлоруна АКШ менен Европада басылган даяр китептер, журналдар жана китепчелер келип турат. Бул диний мазмундагы материалдар элге бекер таркатылат.

- Баарыбызга маалым болгондой, Кыргызстандагы элдин диний билими көпчүлүк учурда начар болгондуктан түрдүү диний уюмдардын өкүлдөрүнө алданып кетип жатышат, - деди ал.

Адатта бул уюмдун мүчөлөрү китеп-кагаз көтөрүп, үймө-үй кыдырган үгүт ыкмалары менен белгилүү. Алар акыркы жылдары кыргыз тилинде иш алып барып, үзгүлтүксүз жыйналыштарды өткөрүшүүдө.

Коомчулуктун «Жахабанын күбөлөрүнө» болгон көз карашы, түшүнбөстүк менен мамиле кылуусу эмненин негизинде чыгып жаткандыгына «Жахабанын күбөлөрүнүн» Кыргызстандагы жетекчиси Алымбек Бекманов төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:

«Айрым адамдардын биз тууралуу так маалыматы болбогондуктан бизге карата терс ойдо болушу мүмкүн. Бизди жакындан билгендер урмат-сый менен мамиле кылышат. Биз, «Жахабанын күбөлөрү», бийликти сыйлайбыз. Ал тургай өлкөбүздүн камын ойлоп, күжүрмөн эмгектенгендер үчүн тиленебиз».

Дин маселелери боюнча талдоочу Кубаныч Абакиров «Жахабанын күбөлөрүнө» байланыштуу талаштуу жагдайлар тууралуу төмөнкү маалыматтар менен бөлүштү:

Кубаныч Абакиров.
Кубаныч Абакиров.

- Бул диний уюмдун мүчөлөрү өз диний ишенимине ылайык аскер кызматына баруудан баш тартып, мыйзам жол берген альтернативалуу кызмат өтөө боюнча Конституциялык палатада сот иштерин утуп алган. Экинчиси - 2014-жылы кайра эле Конституциялык палатада учурда иштеп жаткан дин мыйзамында каралган «диний уюмду түзүүдө жергиликтүү кеңештер менен 200 адамдын тизмесин макулдашуу керек» деген норма «Баш мыйзамга туура келбейт» деп утуп алышкан.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, учурда өлкө аймагындагы 3 292 уюмдун 347си протестанттык диний уюмдар болсо, анын ичинен 41и дал ушул «Жахабанын күбөлөрүнө» таандык.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG