Линктер

шейшемби, 12-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:05

«Ыйман» фонду Түркиядан дагы акча сурады


«Ыйман» фондунун иш-чараларынын бири.

Кыргызстандын Анкарадагы элчисинин «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондуна Түркиядан кошумча каржылык жардам сурашы парламенттин сынына кабылды. Депутаттар мындай кадам аталган өлкөнүн басымын күчөтөт деп эскертишти.

Бул арада "Ыйман" фондунун каражаты түгөнгөнү кабарланды. Аталган фонд беш жыл мурда түзүлүп, ишмердигин Анкаранын тикелей каржылык колдоосу менен баштаган.

5 млн. доллардын баяны

Мамлекеттин дин саясатын жүргүзүүгө кол кабыш кылуучу фондго Түркиянын кезектеги каржылык жардам алуу маселесин Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы жыйынында депутат Жанарбек Акаев көтөрдү. Депутат мындай аракет эгемендүү Кыргызстан үчүн опурталдуу экенин белгилеп, пикирин буга чейинки кездешкен айрым жагымсыз фактылар менен негиздеди:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- Түркиядагы элчи, бул деген өкмөттүн расмий өкүлү. «Имамдарды окутабыз» жана башка деп Түркиядан 5 миллион доллар жардам сурады.Түркия менен биздин мамилебиз жакшы болуп келген, мындан ары да жакшы болот деп ойлойм. Бирок өткөндө Түркиянын элчиси «биз силерге мечит салып бергенбиз, биз силерге акчадан жардам берип атабыз» деп айтып чыкпады беле. Жардам сурап жүрүп ушундай сөздү угушубуз керек беле? Динге, окутууга кандай каражат кетет дейм да!? Экономика жана башка маселелер боюнча жардам алсак мейли, бирок ушул багытка элчибиздин акча сураганы кандай көрүнүш? Бул боюнча мамлекеттин позициясы барбы?

10-октябрда, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия мамлекетинин президентинин алдындагы Дин иштери боюнча башкармалыктын төрагасы Али Эрбаш менен жолугуп, Кыргызстандагы «Ыйман» фондусун каржылоо үчүн Түркиядан 5 млн. АКШ долларын сураганы тууралуу маалымат тараган.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул каражат «Ыйман» фондунун 2019-2022-жылдары Кыргызстандагы диний кырдаалды изилдөө, медреседеги диний билим берүүнү реформалоо боюнча долбоорлорго бөлүнө турган түрк грантынын экинчи траншы деп түшүндүрдү.

Ушундай эле жүйөнү парламент жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов да белгилеп, мындан саясат жасабоого чакырды:

Зайырбек Эргешов.
Зайырбек Эргешов.

- Биз окутуу, элдин сабаттуулугун көтөрүү аркылуу терс, диний агымдарга бөгөт коёлу деп жатабыз. Бул боюнча көптөгөн жумуштар аткарылууда. Бирок диний чөйрө дегенде, 70 жыл бою советтик мезгилде жашап, бул жаатта тажрыйбабыз болгон эмес. Ошондуктан бүгүн дин ишмерлеринин билим деңгээлин көтөрсөк, аларды окутууларды улантсак, дин аалымдарыбыз болсо элге тарбиялык багыттагы иш-чараларды жүргүзсө жакшы болот. Буга чейин Түркия диний маданиятты өнүктүрүүчү «Ыйман» фондуна өз демилгеси менен жардам көрсөткөн. ЖМКда маалымат туура эмес берилип калды. Себеби бул эки өлкөнүн ортосундагы келишим боюнча Түркия жардам берүү тууралуу демилге көтөргөн. Элчи мырза ушул жөнүндө сөз кылса керек.

Расмий кабарларга ылайык 2015-2019-жылдарга түрк тараптан бөлүнгөн 5 млн. доллар имамдарды окутууга, алардын билими менен дараметин көтөрүүгө, стипендияларга, Insan.kg аттуу маалымат порталын түзүү сыяктуу долбоорлорго кеткен.

«Ыйман» фондунун жетекчиси Самаган Мырзаибраимов да жаңы алына турган жардам ушул иштерди улантууга жумшаларын билдирди:

Самаган Мырзаибраимов.
Самаган Мырзаибраимов.

- Өзүңүздөр билгендей «Ыйман» фонду бир канча долбоорлор боюнча иш алып барган. Ошонун биринде Түркиядан келген гранттардын негизинде иш жүргөн. Азыр да диний маданиятты өнүктүрүп, имамдарды окутууга байланышкан жумуштарды улантуу максатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Башкача айтканда келе турган каражат бул ошонун экинчи этабына керектелет.

Отчету жок фонд

Самаган Мырзаибраимов мекеменин жобосуна ылайык, фонд ачылгандан бери кайсы өлкөлөрдөн канча акча алганы, кеп болуп жаткан долбоорлорго кантип жумшалганы тууралуу маалымат бере албасын айтты. Анткени ал өзү аталган фондго жетекчи катары быйыл апрелде эле дайындалган.

«Ыйман» фондунун имамдарды окутуу боюнча иш-чаралары.
«Ыйман» фондунун имамдарды окутуу боюнча иш-чаралары.

«Ыйман» фондунун мурдагы жетекчиси, азыркы Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековдун өзүнөн да мекеменин каржылык жагдайы жөнүндө маалымат ала алган жокпуз.

Чынында ал буга чейинки жыйындарда же расмий билдирүүлөрүндө деле фонддун киреше-чыгашалары тууралуу ачык айткан эмес. Фонддун сайты иштебей турат, ал иштеп жатканда деле тыштан келген жана сарпталган акча жөнүндө бөлүк жок болчу.

Ушундан улам фонддун каржылары боюнча коомчулукта түрдүү түкшүмөл ой бар экени жашыруун эмес. Дин темаларына адистешкен журналист Эмилбек Момунов мекемеде ачык-айкындуулук жоктугун айтты:

Эмилбек Момунов.
Эмилбек Момунов.

- Биз кабарчыларды диний темаларды чагылдырууга үйрөтүш үчүн «Рух-Медиа» деген диний журналистика борборун түзгөнбүз. Мына ушул багытта окутуу жүргүзүү боюнча «Ыйман» фондуна барган учурда жетекчиси такыр көңүл бурбай койду. Мен ушундан улам да фонд каражаттарын кайсы жакка жумшап жатат деген маселеге кызыгып калдым. Бул фонддун жабык экенин, бир да маалымат бербей турганын ошондо билдим. Мен билгенден бир депутат парламентте «Ыйман» фондунан «Түркиядан алган каражаттары боюнча отчёт берсин» деп да талап кылган. Анын жетекчиси отчёт бермек тургай, кайра көтөрүлүп кетип атпайбы. Менимче Түркия да каржылоону кийин токтотуп койгону да ушул отчёттуулуктун жоктугунан болсо керек. Эми Түркия жеке бир адамга же менчик фондго акча берген жок да, бул жерде биздин мамлекеттин атына берилип жаткандан кийин акча кайда, кантип, эмнелерге жумшалганы так айтылышы керек да. Антпесе чоң кызматтагы адамдар фонддун каражаттарын чыгарып кетиштиби же жеп салыштыбы деген да бүдөмүк ойлор жаралат.

«Ыйман» фонду 2014-жылдын башында, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен мамлекеттин дин саясатын жүргүзүүгө көмөк көрсөтө турган уюм катары уюштурулуп, имамдарга колдоо көрсөтүү максатында стипендия бериле баштаган.

"Ыйман" фонду каржылаган китептер.
"Ыйман" фонду каржылаган китептер.

Бул аралыкта мекеме ондогон китептерди чыгарды, видеороликтерди тартты, жолугушууларды, окутууларды өткөрүп келди. Ортодо айтыш, китеп боюнча жармаңкелерди жана тарбиялык, агартуу маанисиндеги акцияларды уюштурду.

Бул үчүн Түркия берген акчадан сырткары башка өлкөлөрдөн да каржылык колдоо алып келди. Башкасын айтпаганда деле былтыркы жылы эле Катар мамлекетинин кайрымдуулук мекемеси кыргыз фондуна жарым миллион доллар берген.

Бирок диний агартуу чет жактан жардам алуунун өзүн сынга алгандар да бар. Эксперт Нурлан Исмаилов буларга токтолду:

Нурлан Исмаилов.
Нурлан Исмаилов.

- Түрк туугандардын жардам берип жатканы жаман эмес. Бирок ислам, жалпы эле диний багыттагы фонддор ички ресурстарды пайдаланса жакшы болмок. Менимче жергиликтүү айыл-аймактардагы жана бизнес чөйрөлөрдөгү өкүлдөрдү тартса тиешелүү каражат чогулмак деп ойлойм. Себеби сырттан акча алып келүү дайыма эле өзүнүн туура жыйынтыгын бере бербейт. Акча болгон жерде дайыма саясат, кызыкчылык болот. Кайсы бир мамлекет кайсы экени айырмасы жок, кайсы бир багытта акча бергенден кийин үстөмдүк жасап, же кандайдыр бир шарттарды коюшу ыктымал.

«Ыйман» фонду ачылган учурда Түркия мамлекети алгач 10 миллион долларлык каражат берүүгө убада бергени кабарланган. Түркияда 2016-жылкы төңкөрүш аракетин уюштурду деп айыпталган түркиялык диний ишмер Фетхулах Гүлендин тарапкерлерин Кыргызстан бул өлкөгө өткөрүп берүүдөн баш тарткандан кийин каржылоо токтоп калган.

Соңку маалыматтарга ылайык азыр фонддо акча түгөнүп, имамдарга да стипендия берилбей турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (34)

XS
SM
MD
LG