Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Коронавирус жугузган медицина кызматкерлери көбөйдү


COVID-19 дартын аныктаган лаборатория. Бишкек шаары.
COVID-19 дартын аныктаган лаборатория. Бишкек шаары.

Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус дагы 12 медициналык кызматкерден аныкталды. COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штаб 30-сентябрда билдиргендей, илдет Жалал-Абад облусунда алты, Бишкекте үч жана Ош шаарында үч медкызматкерден табылды.

Бул акыркы айларда медицина кызматкерлеринен вирус табылган эң көп учур. Мындан мурда күн сайын аз дегенде бирөө, эң көп дегенде 6-7 кызматкер ооруга чалдыкканы айтылып келген.

Бир күн аралыгында алты кызматкер ооруканадан чыкса, үй карантинде отурган он медкызматкер айыкканы кабарланды.

Расмий эсеп боюнча Кыргызстанда COVID-19 катталган март айынан бери илдет жугузуп алган медициналык кызматкерлер 3255ке жетти. Анын 3008и айыкты. Вирустан 83 медицина кызматкеринин өмүрү кыйылды.

Саламаттык сактоо министрлиги 28-сентябрда ооруган медкызматкерлердин 144үнө 200 миң сомдон берилгенин, каза болгондорун арасынан 21 кишинин үй-бүлөсүнө миллион сомдон кенемте төлөнгөнүн билдирген.

Калган медицина кызматкерлеринин тийиштүү документтерин комиссия карап жатканын кабарлаган. (NT)

XS
SM
MD
LG