Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

«Walt Disney» коронавирустан улам 28 миңден ашык жумушчусун кыскартат


Коронавирус пандемиясынан улам АКШдагы «Walt Disney» компаниясы 28 миңден ашык жумушчуларды кыскартууга аргасыз болду. Буга чейин компаниянын Калифорниядагы көңүл ачуу борборлору, парктары пандемиядан улам алты айга жабылууга аргасыз болгон. Компаниянын өкүлү Жош Д'Амаро жумушчуларды кыскартуу боюнча чечим коронавирус дагы канчага уланары белгисиз экенин эске алуу менен кабыл алынганын түшүндүрдү.

«Walt Disney» компаниясынын Кытайдагы, Франциядагы, Жапониядагы жана Флоридадагы көңүл ачуу борборлору ачылганы менен кардарлардын санына чектөө киргизилген.

«Walt Disney» ишканасындагы штат кыскартуу АКШда коронавирус жугузуп алгандар көбөйүп жаткан учурга туш келди. Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, АКШда пандемиядан улам 206 миңден ашык адам каза болду. Ал эми дүйнө боюнча каза болгондордун саны миллиондон ашты.

XS
SM
MD
LG