Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникасында карантиндик режим алынды


Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникасы.
Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникасы.

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникасында карантиндик режим алынды. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын басма сөз кызматы маалымдады.

12-сентябрдан баштап аталган оорукана инфекциялык көзөмөлдү жана эпидемияга каршы иш-чараларды катуу сактоо менен бейтаптарды кабыл ала баштады. Этиологиясы белгисиз болгон пневмония жана коронавирустук инфекция менен келген бейтаптар, анын ичинде балдар да Кыргыз-Түрк достук ооруканасына жиберилет.

Ошондой эле №6 шаардык клиникалык оорукана 2020-жылдын 26-октябрына чейин оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылды.

Шаардык №3 балдардын Медициналык тез жардам бейтапканасы инфекциялык ооруга кабылгандарды кабыл алууну токтотуп, соматикалык ооруларга чалдыккан балдарды кабыл алууга өттү. Республикалык дерматовенерологиялык борбору да ушул багыт боюнча бейтаптарды кабыл алууну баштады.

Кыргызстанда июнь-июль айларында коронавирус илдети күчөп, Бишкектеги көпчүлүк ооруканаларда карантин режими киргизилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG