Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Бишкекте жаңы инфекциялык оорукананын курулушу 65% аяктады


Кара-Суу районундагы мурдагы кесиптик лицейдин имараты инфекциялык оорукана катары курулмай болгон. Август, 2020-жыл.
Кара-Суу районундагы мурдагы кесиптик лицейдин имараты инфекциялык оорукана катары курулмай болгон. Август, 2020-жыл.

Бишкек шаарында жаңы инфекциялык оорукананын курулушу 65% бүтүп калды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, 100 орунга эсептелген объекттин курулушу төрт блоктон турат.

Курулушта 105 жумушчу иштеп жатат. Имараттын курулушуна тез тургузулуучу каражаттар колдонулууда.

Аны курууга Аймактарды өнүктүрүү фондунун эсебинен 60 миллион сом бөлүнгөн.

COVID-19 пандемиясы күчөгөн июнь-июль айларында Кыргызстандын ооруканаларында орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды ачып, бейтаптарды тейледи.

Саламаттык сактоо тармагындагы бир катар адистер жана жарандык активисттер, коомчулук бийликтин карантинде бир да оорукана кура албаганын, тармактагы өксүктөрдүн чечилбегенин катуу сынга алыган.

Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги буга чейин республика боюнча 14 саламаттык сактоо мекемесинин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын, анын бешөө жаңыдан салынып, тогузу капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатканын билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG