Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:31

Ысык-Көл облусунда күндүзгү стационарлар жабылды


Каракол шаарындагы күндүзгү стационар. 13-июль, 2020-жыл.
Каракол шаарындагы күндүзгү стационар. 13-июль, 2020-жыл.

Облустук ыкчам штабдын маалыматына караганда, эпидемия башталгандан бери 119 күндүзгү стационар уюшулуп, аларда 1 655 орундук ачылган.

Ушул тапта облус аймагында алты аймактык оорукана, алты үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, эки жалпы дарыгерлик практика борбору, 53 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 120 фелдшердик-акушердик пункт бар.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб облустук медицина мекемелеринде 740 дарыгер, 2 144 медайым жана облуска сырттан келген 52 дарыгер иштеп жатканын кабарлады.

«Облустук жана райондук аймактык ооруканаларда кычкылтек тутумдары орнотулган. Мындан сырткары облус боюнча 1014 кычкылтек концентратору бар, алардын 593 даанасы ооруканаларда, калгандары күндүзгү стационарларда. Облус боюнча 15 стационардык жана төрт көчмө рентген аппараты бар», деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары Ысык-Көл облусунда 18-июлдан 29-августка чейин үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгында коронавирус менен пневмонияга чалдыккан 2 621 адам аныкталды. Бардыгына тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Дарыгерлер жалпысынан 112 500 короону кыдырып, 514 541 адам текшерүүдөн өткөн.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери COVID-19 илдетине чалдыккандардын расмий эсеби 43 958 адамды түзүп, анын 38 649у айыкты.

Өлкөдө 18-августка чейин вирустан 1 498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий маалымдалган. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын билдирген.

Мекеменин жаңы эсеби боюнча пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустун курмандыктары 1 060ка жетти. (BTo)

XS
SM
MD
LG