Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Фтизиатрия борбору коронавирус болгон акыркы бейтабын айыктырып чыгарды


Улуттук фтизиатрия борборунун коронавирус менен алышкан дарыгерлери.
Улуттук фтизиатрия борборунун коронавирус менен алышкан дарыгерлери.

Улуттук фтизиатрия борборунун коронавируска чалдыккандарды дарылаш үчүн ачылган бөлүмүнөн акыркы бейтап айыгып чыкты. Саламаттык сактоо министрлиги 7-сентябрда кабарлагандай, 38 орундуу бул бөлүмдө май айынан бери 300 бейтап дарыланды, алардын көбү оор абалда болчу.

Башкы дарыгердин милдетин аткаруучу Конушбек Сакмаматовдун айтымында, эми бөлүм толук тазаланып, мурдагыдай тартипте иштөөгө өтүп, кургак учуктун дарынын көп түрү жардам бербей калган түрүн дарылай баштайт.

Бул жерде иштеген медицина кызматкерлеринин акыркы – сегизинчи бригадасынын баарынын коронавируска тапшырган анализи таза чыкканы менен алар эки жума изоляцияда болушу зарыл.

Кыргызстанда март айында башталган коронавирус эпидемиясы миңден ашуун адамдын өмүрүн алды. Каза болгондор эң көп катталган учур июль айынын биринчи жарымына туш келди.

Бишкекте жугуштуу ооруларды дарылаган бир гана атайын жай бар. Ал – республикалык клиникалык инфекциялык оорукана. Коронавирус жайылган учурда бул клиникада орун жок калып, өкмөт башка ооруканалардан кошумча орундарды ачууга мажбур болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG