Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Коронавирустун айынан Орусияда мектеп кайра жабылат


Санкт-Петербург шаары, Орусия.
Санкт-Петербург шаары, Орусия.

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин 28-сентябрда чыгарган статистикасына ылайык, COVID-19 илдетинен көз жумгандар дүйнөдө бир миллионго жетти, 33 жарым миллиондой киши инфекцияланды.

Москвалык окуучулар 5-октябрдан 18-октябрга чейин каникулда болушат. Бул учурда дистанттык сабактар болбойт. Ошондой эле кошумча билим берген мекемелер да эки жума иштешпейт. Ал эми Москвадагы бала бакчалар кадимки режимди ишин улантмакчы. Москванын мэри Собянин ата-энелерден балдарын соода түйүндөрүн, коомдук транспортту кыдыртпай, үйдөн чыгарбай турууга үндөдү.

Соңку он күндөн бери Орусияда коронавирус жуккандар куруктуу көбөйүп келет. 29-сентябрга карата Орусияда бул илдет бир күндө 8135 адамдан табылды. Бул июнь айынан берки убактагы эң жогорку көрсөткүч. Буга чейин орус президенти Владимир Путин жарандарды санитардык талаптарды бекем сактоого чакырган. Төрт күн мурда Москванын мэри Сергей Собянин пенсионерлер менен кош бойлууларды үйдөн чыкпоого чакырып, иш жүзүндө жазындагыдай «обочолонуу» режимин жарыялап, москвалыктарды үйдөн иштөөгө үндөгөн.

«Абалы оорлоп, ооруканага түшкөндөр көбөйүп баратат. Бул абал курчуп баратканын көрсөтөт. Биринчиден, сактанышыбыз керек. Экинчиден, дарыгерлер менен Роспотребнадзордун айткандарын так аткарышыбыз керек», - деген Собянин. Жергиликтүү бийлик «коронавирустун экинчи толкуну», «кайрадан карантин киргизүү» тууралуу ачык кесе айтпаган менен шаардагы коомдук жайларда, транспортто жана мекемелерде беткап менен мээлей кийүү жөнүндө талаптар күчөтүлгөн. Мэрия кайрадан шаардык ооруканаларда коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алчу борборлор ачылып, «Тез жардам» кызматы күчөтүлгөн режимде ишке киришкенин кабарлап жатат.

«Экинчи толкун башталгандай сезилет. Бизде мурункудай коронавирусту кабыл алчу бригидалар жок. Бирок ар бир топко вирустан сактануучу костюм берилди. Пневмония же дене табы көтөрүлдү деп чакыргандар көбөйдү. Андай шек болсо, дароо томографияга алып барып текшерип жатабыз», - деп баяндайт Москвадагы фельдшерлер союзунун башчысы Дмитрий Беляков.

Анткен менен «Доктор на работе» порталындагы сурамжылоого катышкан орусиялык дарыгерлердин 57% медициналык мекемелер коронавирустун жаңы толкунуна даяр эмес деп баалашкан. 11% гана Орусиянын саламаттык сактоо системасы туруштук бере алат деп эсептешет. Мындай ойду көбүнчө Москва менен Санкт-Петербургдагы медицина кызматкерлери билдиришкен.

Бүгүнкү күнгө чейин Орусияда 1,1 миллиондон ашуун адам коронавирус илдетине чалдыккан. Расмий эсепте 20 385 адамдын өлүмү катталды. Өлкө оорунун жайылышы жагынан АКШдан, Индиядан жана Бразилиядан кийинки төртүнчү орунда турат. Адистер Орусияда мектептер ишке киргенден бери коронавирус илдети 75% күчөгөнүн, илдет тездик менен жайылып жатканын айтып жатышат. Алар бир күндө коронавирусту жугузгандар он миңге чамалап кетсе, бийлик карантин киргизүүгө мажбур болоорун белгилешет.

Индияда өткөн айда коронавирус жугузуп алгандар кескин көбөйүп, бул жагынан өлкө дүйнөдө биринчи сапта турат. Мындай көрсөткүч сактала берсе, прогноздорго караганда жакында инфекция жугузгандардын жалпы саны боюнча АКШдан ашып өтөт. Оору Индияда 95 миңден көп кишинин өмүрүн алды.

Кошмо Штаттарда 28-сентябрда коронавирустан дагы 300 киши өлгөнү катталып, өлүм-житимдин жалпы саны 205 миңден ашты. Бир күндө вирусту 40 миң киши жугузуп алганы аныкталды. Жалпы сандар төмөндөп жатканы менен штаттардын жарымынан көбүндө инфекцияга кабылгандар көбөйүүдө.

Дүйнөдө COVID-19 илдетинен көз жумгандар бир миллион адамга жетти, 33 жарым миллиондой киши инфекцияланды. Бирок адистер тесттердин тартыштыгын, айрым өлкөлөрдө маалыматтын так берилбегенин эске алуу менен бул сандар андан көп болушу ыктымал деп эсептешет.

Былтыр жыл этегинде Кытайдан тараган вируска каршы вакцинаны иштеп чыгуу аракеттери уланып жатат. Бирок глобалдык алкакта күнүнө орто эсеп менен 5 миң кишинин өмүрүн алып кетип жаткан пандемиянын аяктачу түрү жок.

Адам өлүмдөрүнөн тышкары кризис экономиканын төмөндөшүнө алып келди, ар кыл саясий, коомдук, маданий, спорттук иш-чаралар үзгүлтүккө учурады.

Эпидемиянын экинчи толкунунан чочулаган Канаданын Квебек провинциясында барлар, ресторандар үчүн жаңы чектөөлөр киргизилди. Онтарио чөлкөмү менен катар ал жерде инфекциялангандар көбөйүп баратат.

Европанын айрым бөлүктөрүндө да инфекциялангандар көбөйүүдө. Чехия өкмөтү шаршембиде кайрадан чукул кырдаал режимин киргизүү маселесин талкуулаганы жатат.

XS
SM
MD
LG