Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:40

100дөн ашык милиция кызматкери ооруканага кайрылды


Аянттагы күч түзүмдөрү
Аянттагы күч түзүмдөрү

5-октябрь түнү Бишкектеги травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборуна 299 адам кайрылып, 71 адам ооруканага жаткырылган. Алардын төртөө медицина, 106 укук коргоо органдарынын кызматкерлери. Аталган борбордун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбековдун айтымында, беш адам реанимацияда жатат.

“Кечки саат сегизден таңкы алтыга чейин бейтаптар келе баштады. Он адам реанимацияга алынып, бешөө эртең менен палатага которулду. Дарыгерлер күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат", - деди Кубатбкеов.

6-октябрга караган түнү болгон митинг учурунда оор жаракат алган 19 жаштагы улан Бишкектеги Улуттук госпиталда каза болгон.

Жалпы 590 киши ар түрдүү жараат менен медициналык жардам алып, 439уна алгачкы медициналык жардам берилди. 150 киши ар түрдүү жараат менен ооруканага жатып, 13 киши оор абалда реанимацияда.

Жарадар болгондор Бишкек травматология, ортопедия илим изилдөө борбору, Улуттук госпитал, шаардык №1 оорукана, Чүй ооруканасы жана Улуттук хирургия борборуна кайрылышкан. (AiA)

XS
SM
MD
LG