Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

«Акыркы үмүт» саясий бирикмеси Бабановду өкмөт башчылыкка көрсөттү


«Акыркы үмүт» саясий бирикмеси.
«Акыркы үмүт» саясий бирикмеси.

«Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа» жана «Республика» партиялары Кыргызстанда түзүлгөн акыркы оор саясий кырдаалды жөнгө салуу боюнча бирдиктүү меморандум кабыл алышты. Бул тууралуу алар басма сөз жыйынында билдиришти.

Анын негизинде өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду, биринчи вице-премьер министрликке Тилек Токтогазиевди сунуш кылышты. «Акыркы үмүт» деп аталган саясий бирикмеге чогулуп, өлкөнүн биримдигин, коопсуздугун сакташ үчүн орток чечим кабыл алышканын билдиришти.

Билдирүүнү окуган «Ата Мекен» партиясынын талапкери Тилек Токтогазиев: «Садыр Жапаров өкмөттү күч менен басып алып, өкмөттөгү кырдаалды жөнгө салбай, туңгуюкка алып барууда. Ушундан улам төрт партия биригип, бирдиктүү чечим кабыл алдык. Жогорку Кеңешке кысымдар көп болууда. Укуктук талаага кайтып келиш үчүн күч түзүмдөрүнө колдоо көрсөтүп, депутаттарга кысымды токтотуу зарыл», - деди.

Басма сөз жыйынында Өмүрбек Бабанов аянттагы башаламандыкка жана азыркы абалга шайлоодогу адилетсиздик себеп болгонун баса белгиледи. Ал окуяларда каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун жакындарына көңүл айтып:

«Азыр биз эч кимге мамлекеттик бийликти басып алууга жол бербейбиз. Кыргыз эли буга жол бербейт. Күч көрсөтпөй, азыркы тапта калган легитимдүү парламентти коркутпай, акчага сатып албай, ачык-айкын шайлоо өткөрөлү деп жатабыз. 35-40 депутатты камап туруп, коркутуп өкмөт башчы дайындап алган туура эмес. Садыр Жапаровго жана Камчыбек Ташиевге да кайрылам, бүгүнкү абалды курчутпай, парламентти топтойлу, дайындоону ишке ашыралы. Мыйзам бузгандарды кызматтан кетирип, адилеттүү адамдарды алып келели. Бул кырдаалдан чыгуунун бир гана жолу бар - мыйзамдуу түрдө парламентти чогултуп, жаңы өкмөттү дайындаш керек. Ал өкмөт эки айдын ичинде таза шайлоону камсыз кылышы зарыл», - деди.

Жогорку Кеңештин 6-октябрда чогулган депутаттары Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка сунуш кылышкан. Муну мыйзамсыз деп эсептеген саясий күчтөр өз талапкерлерин сунуш кылып жатышат.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон бир нече партия тарапташтары менен 5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында каршылык акциясына чыгып, демонстрация башаламандыкка айланган.

Күч түзүмдөрү менен митингчилердин кагылышуусунан миңге чукул адам жараланып, бир киши каза болду. Андан бери саясий кырдаал курчуп, Жогорку Кеңештин депуттары кезексиз жыйынга чогула албай жатышат. Өлкөдө саясий кризис уланууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG