Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топторго каршы акция өтөт


Бишкек. 8-октябрь, 2020-жыл.

Бишкекте бүгүн, 9-октябрда саат 14.00дө уюшкан кылмыштуу топторго каршы "Акыркы үмүт" деп аталган акция өткөнү жатат. Аны жарандык активисттер, саясатчылар уюштурууда.

Уюштуруучулардын билдирүүсүндө, акцияга Кыргызстанда үч күндөн бери уланып жаткан кризис себеп болду. Алар уюшкан кылмыштуу топтор абалдан пайдаланып бийликти ээлеп алууга аракеттенип, кызмат орундарын бөлүштүрүп жатышат деп эсептешет. Ошондой эле криминалдык топтор артында турган өкмөттү куроо боюнча аракет көрүлүп жатканын айтышып, буга каршылык билдиргени жатышат.

«Криминал бүтүндөй өлкөнү колго кармап турат. Депутаттар мыйзамдуу чечимдерди кабыл алыш үчүн ачык жыйынга чогулуудан кооптонуп жатышат. Бизнес менен чет элдик инвесторлорго кысым көрсөтүлүп, журналисттер менен жарандык активисттер коркутуп-үркүтүүгө кабылууда. Мындайга жол бербеш керек! Өлкөбүздү кара күчтөрдөн тазалайлы! Азыр каршылык көрсөтпөсөк, өмүр бою коркунучта жашап калышыбыз мүмкүн!» деп жазылган уюштуруучулардын билдирүүсүндө.

Митинг Бишкектеги темир жол бекетинин алдында болот.

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG