Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:16

«Форумдун» алдында митинг башталды, дагы эки жерде митингдер уланууда


Жогорку Кеңеш. Бишкек, 7-октябрь, 2020-жыл.
Жогорку Кеңеш. Бишкек, 7-октябрь, 2020-жыл.

Бишкектеги «Форум» ишканасынын алдында жүздөгөн адамдар катышкан митинг башталды. Анда президент Сооронбай Жээнбековго, Матраимовдордун үй-бүлөсүнө каршы ураандар айтылууда. Митингди Атамбаевди колдогон КСДП партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева алып барууда.

Чогулгандардын алдына социал-демократтардын дагы бир өкүлү Темирлан Султанбеков чыгып сүйлөп, «Форумдагы» митингчилерге «Республика» партиясынын тарапкерлери келип кошулганын жарыялады. Аны улай элдин алдына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов чогуу чыгышты.

Бүгүн ошондой эле уюшкан кылмыштуу топторго каршы жаш активисттердин митинги Бишкектеги башкы темир жол бекетинин жанында өтүп жатат.

Бишкекте Өкмөт Үйүнүн алдында Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги уланууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүн легитимдүү президент деп эсептей турганын, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң иштен кетүүгө даяр экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG