Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:03

УКМК массалык башаламандык уюштургандар жазаланаарын эскертти


«Форум» ишканасынан Ала-Тоо аянтына бет алган митингчилер. 9-октябрь, 2020-жыл.
«Форум» ишканасынан Ала-Тоо аянтына бет алган митингчилер. 9-октябрь, 2020-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) массалык башаламандыкка жол берген тараптар мыйзамдын алкагында жазалана турганын эскертти. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы 9-октябрда расмий маалымат таратты.

«УКМКга түшкөн маалыматтар айрым күчтөр өздөрүнүн саясий максаттарына жетиш үчүн үчүн ок атуучу курал колдонуу менен масштабдуу массалык башаламандык уюштурууга аракеттенгенин көрсөтүп жатат. Буга байланыштуу УКМК менен ИИМ күчөтүлгөн тартипте ишке өттү», деп айтылат расмий билдирүүдө.

Бирок коопсуздук комитети болжолдуу массалык башаламандык тууралуу мындай билдирүүсүнө кандайдыр бир далилдерди келтирген жок.

Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте үч башка митинг өтүп жатат. Жогорку Кеңештин бир бөлүгү премьер-министрликке көрсөткөн Садыр Жапаровдун жактоочулары Өкмөт Үйүнүн алдына, уюмкан кылмыштуу топторго каршы жаш активисттердин митинги Бишкектеги башкы темир жол бекетинин жанына чогулду. «Форум» ишканасынын алдына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери топтолуп, андан соң Ала-Тоо аянтын көздөй бет алышты.

9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков өлкө мыйзамдуу жолго, укуктук нукка түшкөн соң кызматын тапшыра турганын жарыялаган. Аны улай Жээнбеков Орозбек Опумбаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын кызматынын бошоткон жарлыкка кол койгону кабарланган. Ошондой эле ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруу милдети Алмаз Орозалиевге жүктөлгөнү маалым болгон.

Айрым маалымат каражаттары 6-октябрдан бери ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Курсан Асанов менен иштешүүдөн баш тартып, аны министрликтин имаратынан чыгарып коюшканын жазышкан.

XS
SM
MD
LG