Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:00

Абдылдаев саясий күчтөрдү биримдикке чакырды


Мыктыбек Абдылдаев.
Мыктыбек Абдылдаев.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү төрага деп жарыялаган Мыктыбек Абдылдаев кыргызстандыктарга жана саясий партиялардын жетекчилерине кайрылды. Парламенттин басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин төрагасынын билдирүүсү деп тараткан Абдылдаевдин кайрылуусунда ал фракция лидерлери жана депутаттык топтор менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү айтылат.

«Акыркы эки күн ичинде фракция лидерлери жана депутаттык топтор менен болгон сүйлөшүүлөрдө бардык тараптар консенсуска келип, кырдаалдан чыгуу боюнча кандайдыр бир чечим табууга даяр экендигин билдиришти. Ушул тапта Жогорку Кеңештин жыйынын, коопсуздукту жана депутаттардын эркин ой билдирүү укуктарын сактоо менен өткөрүү абдан маанилүү», - деп айтылат маалыматта.

Абдылдаев өлкөдө абал оор экенин белгилеп, президент Сооронбай Жээнбековдун кырдаалдан кеткен соң кызматтан кетүүгө даяр экени жөнүндө билдирүүсүн «оң жылыш» деп баалаган.

Абдылдаев өлкөнүн бүтүндүгү жана элдин бейпил жашоосу үчүн саясий дымакты коё туруп, биримдикке келүүгө чакырган.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон соң жаралган кризис тереңдеп баратат. 5-октябрда шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрүнүн митинги башаламандык менен аяктап, президенттик администрация жана башка мамлекеттик органдардын имараттарын ээлеп алышкан. Андан бери президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкекте экени айтылганы менен эл алдына чыга элек. Өлкөдөгү легитимдүү бийлик органы болуп саналган парламент жаңы өкмөттү түзүш үчүн чогула албай жатат. 10-ноябрга караган түнү Сооронбай Жээнбеков өлкөдө абал турукташып, мыйзамдуу бийлик органдары куралган соң кызматын тапшырууга даяр экенин билдирген.

Ушу тапта Бишкекте парламенттин бир катар депутаттары премьер-министрликке көрсөтүлгөнү айтылган Садыр Жапаровдун колдоочуларынын жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен экс-премьер Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин митингдери өтүп жатат. Ошондой эле Бишкектеги темир жол вокзалынынын имаратынын алдында жаш активисттер криминалга каршы жүрүш уюштуруп жатышат.

XS
SM
MD
LG