Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Сурабалдиева: Мамлекетти криминалга башкартпашыбыз керек


Кыргызстанда бийликти криминалга башкартпашыбыз керек. Бул тууралуу Бишкектеги криминалга каршы жүрүштө сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева билдирди.

Ал учурда өлкөдө кылмыштуу топтор бийлик башына келүүгө аракет кылып жатканын билдирди. Бир катар депутаттар парламенттин кезексиз жыйынына чакыруу үчүн чогулбай жатканын айтып, жаңы өкмөттү куроо үчүн жыйынга келүүгө чакырды:

«Бандиттерден бүгүн корксоңор, эртең өмүрүңөрдүн аягына чейин коркуп отурасыңар. Бизнес калчылдап отурат. Мына, жаштар коркпой чыкты. Булар корккон жок. Депутаттар, силер эл өкүлүсүнөр. Бекингениңер болбойт. Келгиле, коркпой келечек үчүн, Кыргызстан үчүн добуш бергиле», - деди Сурабалдиева.

Бишкектеги темир жол вокзалынын алдында уюшкан кылмыштуу топторго каршы жаш активисттердин акциясы өтүп жатат. Анын катышуучулары өлкөдө мыйзамдуу бийлик орнотууга, реформаларды жүргүзүүгө чакырып жатышат. (BkA)

XS
SM
MD
LG