Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

Атамбаев менен Бабанов баштаган митингчилер Жогорку Кеңеш тарапка бет алышты


Митингчилердин алдында мурдагы президент Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков жана Өмүрбек Бабанов баратышат. 9-октябрь 2020-жыл.
Митингчилердин алдында мурдагы президент Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков жана Өмүрбек Бабанов баратышат. 9-октябрь 2020-жыл.

9-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган жүздөгөн митингчилер Бишкектеги «Форум» ишканасынан чыгып, Жогорку Кеңеш тарапты көздөй бет алышты. Анын алдында Атамбаев элдин алдында чыгып сүйлөп, президент Сооронбай Жээнбековду өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө чакырды.

Бишкектеги борбордук бөлүгүндө, Өкмөт Үйүнүн алдында Жогорку Кеңештин бир бөлүгү премьер-министрликке көрсөткөн Садыр Жапаровдун жактоочулары митинг өткөрүшүүдө. Буга чейин Жапаров Атамбаев менен Бабанов «эл чогултуп жатканын» айыптаган.

Бүгүн ошондой эле уюшкан кылмыштуу топторго каршы жаш активисттердин митинги Бишкектеги башкы темир жол бекетинин жанында өтүп жатат.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы Бишкекте миңдеген адамдар көчөгө чыгып, анын аягы митингчилердин бийлик имараттарына кирип барышы менен аяктаган.

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрдагы билдирүүсүндө өлкө мыйзамдуу жолго, укуктук нукка түшкөн соң кызматын тапшыра турганын жарыялады.

XS
SM
MD
LG