Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:55

Жапаров: Матраимовду камагандан маселе чечилбейт


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду камап коюу менен маселе чечилбейт деп эсептейт. Мындай пикирин ал 21-октябрда телеинтервьюда билдирди.

Жапаров Матраимов тергөө менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп, дароо 80 миллион сом төккөнүн, дагы эки миллиардды октябрдын аягына чейин төгүп бере турган милдеттенме алып, үй камагына чыгарылганын белгиледи:

«Аны камап койсок деле болот. Эл талап кылып, кама десе, беш секундда камап койсо болот. Бирок аны камап койгон менен маселе чечилбейт. Ал мурда коррупцияга аралашкан иштери, мүлкү, акча каражаттары боюнча анда жылдап созулат. Сот болушу керек, анын баарын конфискация кылыш керек. Ал соттун чечими менен болот. Эсептери жабылат. Ал өзү камакта отурса бир да киши анын эсебинен акча ала албайт. Ошондуктан биз ушундай чечимге бардык. Үй камагында болот. Мен туура чечим деп ойлойм. Анткени буга чейин канча деген коррупционерлер камалган. Бирөө да акча төккөн эмес. Ошол эле Атамбаев камалды, Кулматов, Сапар Исаков, Албек Ибраимов, каймана аты бар «Шоопур»... Райымды деле камап койсок биз ошентип эки, үй, беш жылдап жата беребиз. Революция болгон өлкөлөрдү көргөнбүз. Алар да экономикалык амнистия берип, «уурдаган акчаны төгүп бер» деген келишимдерге барган. Биз ошондой келишимге бардык».

«Азаттык» радиосу өнөктөштөрү менен бирге бажыдагы кеңири тамырлаган коррупция тууралуу бир нече иликтөө жасап, аларда Матраимовдун аты аталган. Матраимовдордун үй-бүлөсү ал иликтөөлөрдө айтылгандарга тиешеси жок экенин билдирип, сотко кайрылган.

УКМК Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип, бошоткон.

Матраимов УКМКнын айыптоосу тууралуу комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG