Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

«Бир дүйнө»: Кыргызстандын түрмөлөрүндө 30дай адам оор абалда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» коомдук фондунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова «Азаттыкка» азыр Кыргызстандын түрмөлөрүндө айыкпас ооруга чалдыккан же карылыгы жетип калган отуз чакты адам кармалып турганын билдирди:

- Айыкпас ооруга чалдыккан Азимжан Аскаров, Мурат Суталинов гана эмес, андай оор абалдагы отуздай киши учурда түрмөдө отурат. Жашы 84кө кирип, баса албай калган карыя бар. Адам укуктары корголгон өлкөлөрдө андай адамдар гумандуулук менен абактан чыгарылат. Жок дегенде үй камагына чыгарылат. «Бир дүйнө - Кыргызстан» коомдук фонду азыр ушул маселенин үстүндө иштеп, түрмөдө отурган оор абалдагы адамдарды бошотууну талап кылып жатат.

Бул маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) жарым-жартылай ырастады. ЖАМКтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын «Азаттыкка» ушу тапта өлкөнүн абактарында оор абалдагы он чакты адам катталганын айтты:

- Бизде оорукчан, улгайган адамдар үчүн атайын бөлүмдөр бар. Алар ошол жерлерде кармалат, ал жерде медициналык көзөмөл токтоосуз жүргүзүлүп турат. Учурда айыкпас ооруга чалдыккан деген он чакты адам бар. Алардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө. Мындан тышкары кургак учук боюнча өзүнчө оорукана бар. Жазасын өтөп жаткандардын эң улуусу азыр 72 жашта.

2010-жылкы апрель окуясы боюнча айыпталып, камалган Мурат Суталиновдун өсмө оорусу өтүшүп кеткенин белгилеген жакындары аны үй камагына чыгарууну өтүнүп сотко кайрылышкан. Азырынча мурунку соттун чечими өзгөрө элек.

Укук коргоочулар июнь окуясы үчүн айыпталып, өмүр бою түрмөгө кесилген Азимжан Аскаровдун да саламаттыгы начарлап кеткенин белгилеп, аны эркиндикке чыгарууну талап кылып келатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG